https://sputnik.kg/20260727/altyganany-toyut-katary-paydalanuu-sunushtaluuda-1102631299.html
Биожем болот. Алтыгананы тоют катары пайдалануу сунушталууда
Биожем болот. Алтыгананы тоют катары пайдалануу сунушталууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу... 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T11:35+0600
2026-07-27T11:35+0600
2026-07-27T11:35+0600
кыргызстан
суусамыр
тоют
көйгөй
окумуштуу
алтыгана
https://sputnik.kg/img/102654/77/1026547765_0:240:4600:2828_1920x0_80_0_0_9b5ed6d67aa87e4c1fd813631c4a61a3.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда. Бул көйгөй соңку жылдары Суусамыр өрөөнүндө кездешип, кесепетин тийгизүүдө. Аталган темада окумуштуулар кеңешме өткөрүштү. Долбоордун негизги максаты – такырайып бараткан жайыттарды калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү. Учурда Суусамыр жайлоосунда алтыгана калың өскөн аянттын бир бөлүгүндө практикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилип, биожем даярдалууда. Адистер технологиянын жергиликтүү шарттардагы натыйжалуулугун, өндүрүлгөн биожемдин сапатын жана аны мал чарбачылыгында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашууда. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса 230 миң тоннага чейин жогорку сапаттагы алтыганадан жасалган тоютту пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул табигый өскөн бадалдарды пайдалуу тоют ресурсуна айландыруу аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү кышкы тоют тартыштыгын олуттуу азайтууга, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртууга жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт дешти.
https://sputnik.kg/20250809/sadyr-zhaparov-zhajloo-tekhnika-menen-tebeleboogo-chakyrdy-1095788731.html
суусамыр
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102654/77/1026547765_257:0:4345:3066_1920x0_80_0_0_f63eea4d6dfae51d2dc698c7a88b2046.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, суусамыр, тоют, көйгөй, окумуштуу, алтыгана
кыргызстан, суусамыр, тоют, көйгөй, окумуштуу, алтыгана
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда.
Бул көйгөй соңку жылдары Суусамыр өрөөнүндө кездешип, кесепетин тийгизүүдө. Аталган темада окумуштуулар кеңешме өткөрүштү.
Долбоордун негизги максаты – такырайып бараткан жайыттарды калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү.
"Бул багыттагы изилдөөлөрдү Борбор Азиянын Айлана-чөйрө экологиясы боюнча илим-изилдөө борбору Кытай Илимдер академиясынын окумуштуулары менен биргеликте жүргүзүүдө. Долбоордун алкагында алтыгананы кайра иштетүү аркылуу мал үчүн азыктуу биожем өндүрүүнүн технологиясы сыноодон өткөрүлүп жатат", — деп Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Учурда Суусамыр жайлоосунда алтыгана калың өскөн аянттын бир бөлүгүндө практикалык эксперимент жүргүзүлүүдө. Бадалдар түбүнөн кыйылып, атайын техника менен майдаланып, кайра иштетилип, биожем даярдалууда. Адистер технологиянын жергиликтүү шарттардагы натыйжалуулугун, өндүрүлгөн биожемдин сапатын жана аны мал чарбачылыгында колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн баалашууда.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, долбоор ийгиликтүү ишке ашса 230 миң тоннага чейин жогорку сапаттагы алтыганадан жасалган тоютту пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул табигый өскөн бадалдарды пайдалуу тоют ресурсуна айландыруу аркылуу Суусамыр өрөөнүндөгү кышкы тоют тартыштыгын олуттуу азайтууга, жайыттардын экологиялык абалын жакшыртууга жана мал чарбачылыгынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт дешти.