https://sputnik.kg/20261005/1104098381.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия-Кыргыз укуктук жардам борборун түзүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T15:00+0600
2026-10-05T15:00+0600
2026-10-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104098215_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c87d0ff6d210aa9a59a55da6a1f6e14a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Россия-Кыргыз укуктук жардам борборун түзүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова билдирди. Акыйкатчынын айтымында, бул КМШдагы мындай форматтагы алгачкы борбор болот. "Борбор Кыргызстандагы россиялыктарга жана Россиядагы кыргызстандыктарга документтерди алууга, социалдык жана укуктук маселелерди чечүүгө жардам берет. Эки өлкөнүн мекемелеринин катышуусу зарыл болгон учурда укук коргоочулар биргеликте иштешет", — деген ал.
Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда. Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту: "Элдик Банк" ААКсы — 126га жакын компаниянын эсебин жапты; "АБанк" ААКсы — 100гө чукул компаниянын эсебин жапты. Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, "кара тизмеге" киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт.
"Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт Бүгүн борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылыш аземи өтөт. Салтанаттуу иш-чара УТРКнын телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлот. Ачылыш аземдин алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик жана майрамдык программа уюштурулат. Иш-чарага катышууну каалаган жарандар үчүн коомдук транспорт маселесине да көңүл бурулган. Тактап айтканда, Бишкек мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан "Бишкек Аренага" чейин жана иш-чара аяктагандан кийин кайра кайтуу үчүн акысыз автобус каттамдарын уюштурат. Белгилей кетсек, жаңы стадиондун ачылышы 5-октябрга белгиленип, ага шаар тургундары менен катар коноктордун да катышуусу күтүлүүдө.
Европа биримдиги шериктештиктин аймагынан тышкары жерлерде мигранттарды артка кайтаруу борборлорун куруу үчүн жаңы түзүлгөн Global Europe фондунун каражаттарын колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Politico жазды. 2028–2034-жылдарга эсептелген фонддун көлөмү 200 миллиард еврону түзөт. Европарламенттин депутаттары бул каражаттын бир бөлүгүн чет өлкөлөрдө борборлорду курууга жана мигранттардын Евробиримдикке агымын ооздуктоого жумшоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Еврокомиссия сунуштаган фонд эл аралык өнөктөштүктү, гуманитардык жардамды жана тышкы саясаттын башка багыттарын каржылоону бирдиктүү тутумга бириктириши керек. Буга чейин анын негизги милдеттеринин катарында миграциянын баштапкы себептерин жана үчүнчү өлкөлөрдөгү туруксуздукту жоюу көрсөтүлгөн. Сентябрдын аягында Politico Евробиримдиктин беш мамлекети баш паанек алуу өтүнүчү канааттандырылбаган мигранттарды ЕБдин аймагынан тышкаркы атайын борборлорго жөнөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү көздөп жатканын жазган. Мындай борборлорду жайгаштырууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн катарында Руанда, Уганда жана Өзбекстан аталган.
Президент Садыр Жапаров Россия-Кыргыз укуктук жардам борборун түзүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу РФтин адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова билдирди. Акыйкатчынын айтымында, бул КМШдагы мындай форматтагы алгачкы борбор болот. "Борбор Кыргызстандагы россиялыктарга жана Россиядагы кыргызстандыктарга документтерди алууга, социалдык жана укуктук маселелерди чечүүгө жардам берет. Эки өлкөнүн мекемелеринин катышуусу зарыл болгон учурда укук коргоочулар биргеликте иштешет", — деген ал. Санкциялык тобокелдиктерден улам Кыргызстанда 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Өлкөдө санкциялык коркунучтарды азайтуу жана ички көзөмөлдү күчөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Тиешелүү маселелер президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы астында өткөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Жыйында 40ка жакын компаниянын ишмердүүлүгү каралып, анын жыйынтыгында 16 фирманы мыйзам чегинде жоюу үчүн сот органдарына материалдар өткөрүп берилди. Калган компаниялар боюнча текшерүү уланууда. Банк секторунда да комплаенс-көзөмөл талаптары күчөтүлдү. 2-октябрга карата мамлекеттик банктар шектүү компаниялар менен кызматташууну токтотту: "Элдик Банк" ААКсы — 126га жакын компаниянын эсебин жапты; "АБанк" ААКсы — 100гө чукул компаниянын эсебин жапты. Мындан тышкары, кеңешмеде санкциялык тобокелдиги жогору компанияларды аныктап, "кара тизмеге" киргизүү механизми каралды. Бул тартип тышкы экономикалык операцияларга көзөмөлдү бекемдеп, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди алдын алууга өбөлгө түзөт."Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземи түз эфирде көрсөтүлөт Бүгүн борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылыш аземи өтөт. Салтанаттуу иш-чара УТРКнын телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлот. Ачылыш аземдин алкагында шаар тургундары жана коноктору үчүн концерттик жана майрамдык программа уюштурулат. Иш-чарага катышууну каалаган жарандар үчүн коомдук транспорт маселесине да көңүл бурулган. Тактап айтканда, Бишкек мэриясы белгиленген жөнөө пункттарынан "Бишкек Аренага" чейин жана иш-чара аяктагандан кийин кайра кайтуу үчүн акысыз автобус каттамдарын уюштурат. Белгилей кетсек, жаңы стадиондун ачылышы 5-октябрга белгиленип, ага шаар тургундары менен катар коноктордун да катышуусу күтүлүүдө.Европа биримдиги шериктештиктин аймагынан тышкары жерлерде мигранттарды артка кайтаруу борборлорун куруу үчүн жаңы түзүлгөн Global Europe фондунун каражаттарын колдонушу мүмкүн. Бул тууралуу Politico жазды. 2028–2034-жылдарга эсептелген фонддун көлөмү 200 миллиард еврону түзөт. Европарламенттин депутаттары бул каражаттын бир бөлүгүн чет өлкөлөрдө борборлорду курууга жана мигранттардын Евробиримдикке агымын ооздуктоого жумшоо мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Еврокомиссия сунуштаган фонд эл аралык өнөктөштүктү, гуманитардык жардамды жана тышкы саясаттын башка багыттарын каржылоону бирдиктүү тутумга бириктириши керек. Буга чейин анын негизги милдеттеринин катарында миграциянын баштапкы себептерин жана үчүнчү өлкөлөрдөгү туруксуздукту жоюу көрсөтүлгөн. Сентябрдын аягында Politico Евробиримдиктин беш мамлекети баш паанек алуу өтүнүчү канааттандырылбаган мигранттарды ЕБдин аймагынан тышкаркы атайын борборлорго жөнөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү көздөп жатканын жазган. Мындай борборлорду жайгаштырууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн катарында Руанда, Уганда жана Өзбекстан аталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104098215_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_902cd39e2c5b1e7a296cf8a45465c26c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио