https://sputnik.kg/20261005/1104100655.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Сынактын баш байгесин... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T16:59+0600
2026-10-05T16:59+0600
2026-10-05T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104100489_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1a24ad641e5acf67172b4abb419a5971.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Сынактын баш байгесин Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин мугалими Меруэт Бакирова жеңип алып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден батирдин ачкычын алды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңүүчү аталган 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди. Буга чейин Бишкекте да жылдын мыкты мугалимине батир берилген болчу. Бүгүн өлкөдө Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.
Россиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлору менен аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Кыргызстандан иш-чарага башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев катышты. Жолугушууда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чек арага жакын аймактардагы укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Ошондой эле миграциялык режимди сактоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду. Жыйындын жыйынтыгында КМШ алкагында Биргелешкен билдирүү кабыл алынып, ШКУ боюнча жолугушуунун жыйынтыктары протокол менен бекитилди. Мындан тышкары, Кумарбек Байдылдаев Россиянын жана Кытайдын аскер прокуратураларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анда кызматташтыкты бекемдөө жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды.
"Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземинин алкагында жарандар үчүн акысыз медициналык текшерүү уюштурулду. Иш-чарага Улуттук кардиология жана терапия борборунун, КРСУ, КММА жана башка медициналык мекемелердин 100дөн ашык адиси тартылды. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, акциянын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунуч факторлорун эрте аныктоо. "Саламат жүрөк" программасынын алкагында жарандардын бою жана салмагы, кан басымы, кандагы канттын жана холестериндин деңгээли текшерилүүдө. Бул көрсөткүчтөр ашыкча салмак, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун баалоого мүмкүндүк берет. Текшерүүнүн жыйынтыктары "Түндүк" системасына киргизилип, катталууда. Талант Эралиевдин белгилешинче, Кыргызстанда тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу сыяктуу факторлор жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө таасир этүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар медициналык жардамга оору күчөп, абалы оорлошкондо гана кайрылышат.
Кыргызстанда жылдын мыкты мугалимине Чолпон-Ата шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Сынактын баш байгесин Ысык-Көл районундагы Тамчы орто мектебинин мугалими Меруэт Бакирова жеңип алып, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевден батирдин ачкычын алды. Ошондой эле предметтик номинациялар боюнча жеңүүчү аталган 14 мугалимге президенттин фондунан 500 миң сомдон берилди. Буга чейин Бишкекте да жылдын мыкты мугалимине батир берилген болчу. Бүгүн өлкөдө Билим берүү кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө. Россиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башкы аскер прокурорлору менен аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Кыргызстандан иш-чарага башкы прокурордун орун басары — аскер прокурору Кумарбек Байдылдаев катышты. Жолугушууда чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, чек арага жакын аймактардагы укук бузуулардын алдын алуу, контрабандага, курал-жарак жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери талкууланды. Ошондой эле миграциялык режимди сактоо жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду. Жыйындын жыйынтыгында КМШ алкагында Биргелешкен билдирүү кабыл алынып, ШКУ боюнча жолугушуунун жыйынтыктары протокол менен бекитилди. Мындан тышкары, Кумарбек Байдылдаев Россиянын жана Кытайдын аскер прокуратураларынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анда кызматташтыкты бекемдөө жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралды."Бишкек Арена" стадионунун ачылыш аземинин алкагында жарандар үчүн акысыз медициналык текшерүү уюштурулду. Иш-чарага Улуттук кардиология жана терапия борборунун, КРСУ, КММА жана башка медициналык мекемелердин 100дөн ашык адиси тартылды. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Эралиев "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, акциянын негизги максаты — жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунуч факторлорун эрте аныктоо. "Саламат жүрөк" программасынын алкагында жарандардын бою жана салмагы, кан басымы, кандагы канттын жана холестериндин деңгээли текшерилүүдө. Бул көрсөткүчтөр ашыкча салмак, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун баалоого мүмкүндүк берет. Текшерүүнүн жыйынтыктары "Түндүк" системасына киргизилип, катталууда. Талант Эралиевдин белгилешинче, Кыргызстанда тамеки чегүү жана алкоголдук ичимдиктерди колдонуу сыяктуу факторлор жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнө таасир этүүдө. Мындан тышкары, айрым жарандар медициналык жардамга оору күчөп, абалы оорлошкондо гана кайрылышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104100489_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b3f29b08a7b799cb05e3bf9802b7d18f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио