https://sputnik.kg/20261005/1104091569.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы негизги... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T11:00+0600
2026-10-05T11:00+0600
2026-10-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104091403_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_65d061a087052f85fd983ffed5e0959f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы негизги милдеттерге токтолду. Ал билим адамзатты космоско чыгарып, заманбап технологияларды жаратууга негиз болгон тарыхый күч экенин айтып, мугалимдердин эмгегин жогору баалады. Касымалиевдин айтымында, салттуу тармактар менен катар креативдүү экономиканы өнүктүрүп, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү зарыл. Ал эми стартаптар менен патенттер күнүмдүк иштин кадимки бөлүгүнө айланышы керек. Ошондой эле ал мугалимдердин үзгүлтүксүз аракетинин аркасында окуучулардын Жалпы республикалык тестирлөөдөгү (ЖРТ) көрсөткүчтөрү жыл сайын жогорулап, мыкты ЖОЖдорго жол ачыларына ишенерин белгиледи. Мындан тышкары, күчтүү мамлекетти куруу үчүн билим сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, мектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдаларын, заманбап технологиялар киргизилип, мугалимдердин эмгек шарты мындан ары да жакшыртыларын билдирди.
Кыргызстандын министрлер кабинети 2026–2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтыруу боюнча план иштеп чыкты. Анын негизги максаты — ички рынокто баалардын кескин өсүп кетишин алдын алуу жана калк менен бизнес үчүн күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Бекитилген планга ылайык, дүйнөлүк баалар көтөрүлүп кеткен учурда альтернативдүү булактардан күйүүчү-майлоочу майларды импорттоодо убактылуу өзгөрүлмө акциз же жеңилдетилген салык механизмин киргизүү каралган. Мындан тышкары, документте бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын максаттуу колдонуу чаралары камтылган.
Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Борбордук стадиондо гала-концерт уюштурулуп, 30 миңден ашуун көрүүчү келди. "Салтанаттуу иш-чарага мэр Жанар Акаев катышып, шаардын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле ал бул мааракенин урматына президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүү максатында кошумча 2 миллиард сом бөлгөнүн айтты", — деп жазылат маалыматта. Концертке жергиликтүү артисттер, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары катышты.
Украинанын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын августунан бери сегиз эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтарына таянып жазды. 2026-жылдын 31-августуна карата Украинанын тышкы мамлекеттик карызы 7,537 триллион гривнаны же 169,19 миллиард долларды түздү. "Ведомствонун маалыматы боюнча, 2016-жылдын август айынын жыйынтыгында өлкөнүн тышкы карызы 913,52 миллиард гривна болчу. Демек, карыз 8,25 эсеге өскөн. Учурда тышкы карыз мамлекеттик карыздын жалпы суммасынын 78,5 пайызын түзөт", — деп айтылат кабарда. Украинанын Каржы министрлигинин божомолу боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы ушул жылдын аягына чейин 10,146 триллион гривнага же 226 миллиард долларга жетет. Киев бийлиги бюджеттеги тешиктерди тышкы каржылоонун эсебинен жабууга аракет кылууда. Муну менен катар Батыштагы өнөктөштөр жаңы жардам пакеттери узак талкуулардан кийин гана бөлүнүп жатканын эскертип, Украина өз алдынча каражат табуу булактарын издөөгө басым жасашы керектигин байма-бай айтышууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, билим берүү тармагындагы негизги милдеттерге токтолду. Ал билим адамзатты космоско чыгарып, заманбап технологияларды жаратууга негиз болгон тарыхый күч экенин айтып, мугалимдердин эмгегин жогору баалады. Касымалиевдин айтымында, салттуу тармактар менен катар креативдүү экономиканы өнүктүрүп, илимий изилдөөлөрдү күчөтүү зарыл. Ал эми стартаптар менен патенттер күнүмдүк иштин кадимки бөлүгүнө айланышы керек. Ошондой эле ал мугалимдердин үзгүлтүксүз аракетинин аркасында окуучулардын Жалпы республикалык тестирлөөдөгү (ЖРТ) көрсөткүчтөрү жыл сайын жогорулап, мыкты ЖОЖдорго жол ачыларына ишенерин белгиледи. Мындан тышкары, күчтүү мамлекетти куруу үчүн билим сапатына өзгөчө көңүл бурулуп, мектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдаларын, заманбап технологиялар киргизилип, мугалимдердин эмгек шарты мындан ары да жакшыртыларын билдирди.Кыргызстандын министрлер кабинети 2026–2027-жылдары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтыруу боюнча план иштеп чыкты. Анын негизги максаты — ички рынокто баалардын кескин өсүп кетишин алдын алуу жана калк менен бизнес үчүн күйүүчү майдын негизсиз кымбатташына жол бербөө. Бекитилген планга ылайык, дүйнөлүк баалар көтөрүлүп кеткен учурда альтернативдүү булактардан күйүүчү-майлоочу майларды импорттоодо убактылуу өзгөрүлмө акциз же жеңилдетилген салык механизмин киргизүү каралган. Мындан тышкары, документте бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын максаттуу колдонуу чаралары камтылган. Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Борбордук стадиондо гала-концерт уюштурулуп, 30 миңден ашуун көрүүчү келди. "Салтанаттуу иш-чарага мэр Жанар Акаев катышып, шаардын акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерине токтолду. Ошондой эле ал бул мааракенин урматына президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүү максатында кошумча 2 миллиард сом бөлгөнүн айтты", — деп жазылат маалыматта. Концертке жергиликтүү артисттер, маданияттын мыкты кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу эстрада жылдыздары катышты.Украинанын мамлекеттик тышкы карызы 2016-жылдын августунан бери сегиз эседен ашык көбөйдү. Бул тууралуу РИА Новости Украинанын Каржы министрлигинин статистикалык маалыматтарына таянып жазды. 2026-жылдын 31-августуна карата Украинанын тышкы мамлекеттик карызы 7,537 триллион гривнаны же 169,19 миллиард долларды түздү. "Ведомствонун маалыматы боюнча, 2016-жылдын август айынын жыйынтыгында өлкөнүн тышкы карызы 913,52 миллиард гривна болчу. Демек, карыз 8,25 эсеге өскөн. Учурда тышкы карыз мамлекеттик карыздын жалпы суммасынын 78,5 пайызын түзөт", — деп айтылат кабарда. Украинанын Каржы министрлигинин божомолу боюнча, өлкөнүн мамлекеттик карызы ушул жылдын аягына чейин 10,146 триллион гривнага же 226 миллиард долларга жетет. Киев бийлиги бюджеттеги тешиктерди тышкы каржылоонун эсебинен жабууга аракет кылууда. Муну менен катар Батыштагы өнөктөштөр жаңы жардам пакеттери узак талкуулардан кийин гана бөлүнүп жатканын эскертип, Украина өз алдынча каражат табуу булактарын издөөгө басым жасашы керектигин байма-бай айтышууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104091403_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0fa6eac076d506560fbc05acfc47e385.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио