https://sputnik.kg/20261004/1104080947.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку окуу жайларда адистерди даярдоо системасын эмгек рыногунун талабына ылайык жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана... 04.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-04T13:00+0600
2026-10-04T13:00+0600
2026-10-04T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104080781_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ef6b6caf439824f76210a5af616c2625.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку окуу жайларда адистерди даярдоо системасын эмгек рыногунун талабына ылайык жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан токтомдун долбоорунда айтылат. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда колдонулуп жаткан адистиктердин тизмеси 2011-жылы бекитилген. Жаңы талаптарга ылайык, эскирген жана бири-бирин кайталаган багыттарды кыскартып, жаңы адистиктерди киргизүү сунушталууда. Алардын катарында жасалма интеллект, санариптик технологиялар, маалыматтык жана киберкоопсуздук, компьютердик илимдер сыяктуу заманбап багыттар бар. Ошондой эле университеттерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жараша жаңы адистик профилдерин ачууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү каралууда. Адистиктердин коддолуу системасын да эл аралык талаптарга ылайык жаңылоо сунушталууда.
Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана "Алтын казык" ноутбугун чогултуу иштери аяктап, учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүүдө. Ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү, комплектациясы жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү белгиленген талаптарга ылайык текшерилүүдө. Бул ноутбуктар кыргыз тили жана география предметтеринин мугалимдерине арналган. 6000 даана ноутбукту чогултуу жана даярдоо иштери Smart-Ed долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. "Алтын Казык" ноутбуктары мугалимдерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында берилүүдө.
2026-жылы Кыргызстанда сабиздин түшүмдүүлүгү орточо 300–310 центнер/гектарга жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Быйыл республика боюнча сабиз болжол менен 7,6 миң гектар аянтка эгилген. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы 7 332 гектар жерге сабиз айдалып, түшүмдүүлүк 259,9 центнер/гектар болгон. Министрликтин маалыматына караганда, быйылкы аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана агротехникалык иштердин өз убагында жүргүзүлүшү түшүмдүүлүккө оң таасирин тийгизүүдө. Алдын ала эсеп боюнча, быйыл сабиздин жалпы түшүмү 235–245 миң тоннага жетиши мүмкүн. Бул ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылууга шарт түзөт.
АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен болгон тиреште чечүүчү кадамга барууга мажбур экенин айтып, “мунун жакшы же жаман гана эки жолу бар” экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вашингтон Тегеран менен маселени тирешүү аркылуу же тынчтык жолу менен чечүүгө даяр. Азырынча Иран өзөктүк курал боюнча пландарынан баш тартканы менен, эки өлкө ортосундагы кырдаал курч бойдон калууда. “Трамптын буйругу менен Ирандын портторун деңиз аркылуу бөгөттөгөн АКШ Тегеран сунуштаган компромисстик планды четке какты. Натыйжада маанилүү энергетикалык коридор жабылып, дүйнөлүк мунай ташуу көлөмү кескин кыскарды”, — деп айтылат маалыматта. Серепчилердин баамында, буга чейин дүйнөлүк мунай менен газдын бештен бир бөлүгү ташылып келген Ормуз кысыгында учурда танкерлердин каттамы дээрлик токтоду. Ак үйдүн жакынкы күндөрү кандай чечим кабыл алары эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат.
Жогорку окуу жайларда адистерди даярдоо системасын эмгек рыногунун талабына ылайык жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги иштеп чыккан токтомдун долбоорунда айтылат. Министрликтин маалыматына ылайык, учурда колдонулуп жаткан адистиктердин тизмеси 2011-жылы бекитилген. Жаңы талаптарга ылайык, эскирген жана бири-бирин кайталаган багыттарды кыскартып, жаңы адистиктерди киргизүү сунушталууда. Алардын катарында жасалма интеллект, санариптик технологиялар, маалыматтык жана киберкоопсуздук, компьютердик илимдер сыяктуу заманбап багыттар бар. Ошондой эле университеттерге эмгек рыногундагы суроо-талапка жараша жаңы адистик профилдерин ачууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү каралууда. Адистиктердин коддолуу системасын да эл аралык талаптарга ылайык жаңылоо сунушталууда.Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана "Алтын казык" ноутбугун чогултуу иштери аяктап, учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүүдө. Ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү, комплектациясы жана иштөө мүмкүнчүлүктөрү белгиленген талаптарга ылайык текшерилүүдө. Бул ноутбуктар кыргыз тили жана география предметтеринин мугалимдерине арналган. 6000 даана ноутбукту чогултуу жана даярдоо иштери Smart-Ed долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылууда. "Алтын Казык" ноутбуктары мугалимдерди заманбап техникалык каражаттар менен камсыз кылуу жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында берилүүдө. 2026-жылы Кыргызстанда сабиздин түшүмдүүлүгү орточо 300–310 центнер/гектарга жетиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Быйыл республика боюнча сабиз болжол менен 7,6 миң гектар аянтка эгилген. Салыштыруу үчүн, 2025-жылы 7 332 гектар жерге сабиз айдалып, түшүмдүүлүк 259,9 центнер/гектар болгон. Министрликтин маалыматына караганда, быйылкы аба ырайынын ыңгайлуу болушу жана агротехникалык иштердин өз убагында жүргүзүлүшү түшүмдүүлүккө оң таасирин тийгизүүдө. Алдын ала эсеп боюнча, быйыл сабиздин жалпы түшүмү 235–245 миң тоннага жетиши мүмкүн. Бул ички рыноктун керектөөсүн камсыз кылууга шарт түзөт.АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен болгон тиреште чечүүчү кадамга барууга мажбур экенин айтып, “мунун жакшы же жаман гана эки жолу бар” экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анын айтымында, Вашингтон Тегеран менен маселени тирешүү аркылуу же тынчтык жолу менен чечүүгө даяр. Азырынча Иран өзөктүк курал боюнча пландарынан баш тартканы менен, эки өлкө ортосундагы кырдаал курч бойдон калууда. “Трамптын буйругу менен Ирандын портторун деңиз аркылуу бөгөттөгөн АКШ Тегеран сунуштаган компромисстик планды четке какты. Натыйжада маанилүү энергетикалык коридор жабылып, дүйнөлүк мунай ташуу көлөмү кескин кыскарды”, — деп айтылат маалыматта. Серепчилердин баамында, буга чейин дүйнөлүк мунай менен газдын бештен бир бөлүгү ташылып келген Ормуз кысыгында учурда танкерлердин каттамы дээрлик токтоду. Ак үйдүн жакынкы күндөрү кандай чечим кабыл алары эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104080781_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_88273cc76c949c66209c4c380b6b24af.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио