00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
Особый акцент
Что работодатель вправе требовать от сотрудника — и за что нельзя штрафовать - советы юриста
20:04
55 мин
Ачык кеп
Эркек мугалимдердин жетишсиздиги окуучулардын тарбиясына жана билим алуусуна кандай таасир этет?
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди. Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Бул кадам өкмөттүн 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат. Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары, бийлик суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү аркылуу легалдаштырууну көздөөдө. Ошондой эле 2026–2027-жылдары мамлекеттик органдар эл аралык жана аймактар аралык масштабдуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда мейманкана кызматтарынын баасынын өзгөрүшүнө да тыкыр байкоо салып турмакчы.
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Ислам өнүктүрүү банкынын тобунун Аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Хундал менен жолугушту. Тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы ГЭСтерди, көмөкчордондорду жана электр берүү линияларын куруу, ошондой эле иштеп жаткан объектилерди модернизациялоо маселелерин талкуулашты. Жолугушууда CASA-1000 жана "Тамга–Каракол" 220 кВ электр берүү линиясы сыяктуу буга чейинки биргелешкен долбоорлор белгиленди. ИӨБ тобу Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.
Мурдагы транспорт министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов кармалды. Маалыматты Бишкек шаардык соту тастыктап, ал 3-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Күч түзүмдөрүндөгү булактар Сулайманов өткөн дем алышта ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалганын билдиришкен. Азырынча кармалышынын себеби белгисиз.
Лавров Афганстан бийлигинин баңгизат соодасына каршы чараларын оң баалады Афганстан өкмөтүнүн өлкөдө баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча көргөн чаралары өз натыйжасын берүүдө. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды. "Афганстан өкмөтүнүн баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу боюнча көргөн чаралары жемишин берип жатат. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын эксперттик баалоолоруна ылайык, 2022-жылдан бери өлкөдө опиаттарды өндүрүү 90 пайызга кыскарды", — деди Лавров Афганстан боюнча кеңешмелердин Москва форматындагы жыйынында сүйлөп жатып. РФ ТИМи билдиргендей, жыйында чөлкөмдүн Афганстан менен саясий-экономикалык алакасына, ошондой эле терроризм менен баңгизат соодасына каршы биргелешкен күрөшкө өзгөчө көңүл бурулат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 4 тыйын юань 13 сом 4 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ6-октябрга караган түнү Талас облусунан башка бардык аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде республиканын тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Таласта +10...+15 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +14...+16, Ош шаарында +21...+23 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0