https://sputnik.kg/20261005/1104086934.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өтүп, мыкты мугалимдерге батир, автоунаа жана акчалай сертификаттар тапшырылды. "2026-жылдын... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T08:59+0600
2026-10-05T08:59+0600
2026-10-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104086768_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3b4650cdea7897728686ac7c49bcc222.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өтүп, мыкты мугалимдерге батир, автоунаа жана акчалай сертификаттар тапшырылды. "2026-жылдын мыкты мугалими" шаардык сынагында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 52 педагогго 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Өзгөчө жыйынтык көрсөткөн мугалимдерге да сыйлыктар тапшырылды. №84 мектептин мугалими Нургүл Карыбековага Chevrolet Cobalt, №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белековага Chevrolet Tracker автоунаасы берилди. Ал эми №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна "Асман Резиденс" турак жай комплексинен бир бөлмөлүү батир жана тиричилик техникасына 500 миң сомдук сертификат тапшырылды. Маалыматка ылайык, Бишкектеги билим берүү мекемелеринде учурда 12 миңден ашык педагог эмгектенет.
5-октябрда жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Иш-чаранын алкагында кыргыз эстрадасынын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң концерттик программа уюштурулат. Көрүүчүлөрдүн көп келиши жана аренага жакын аймактарда транспорттук жүктөмдүн көбөйүшү күтүлүп жаткандыктан, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара учурунда коомдук тартипти камсыздоого 5 миң милиция кызматкери тартылат. Ошондой эле "Бишкек Аренага" жакын аймактарда жеке автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген жарандар үчүн атайын шаттл-автобустар уюштурулуп, алар көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүүгө кызмат кылат. ИИМ жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарууга жана жол кыймылына байланыштуу убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырат.
А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринардык илимий-изилдөө институту менен Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүүгө, заманбап технологиялар жана тажрыйба менен алмашууга, ошондой эле илимий долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Мындан тышкары, окумуштуулар, адистер жана студенттер үчүн академиялык алмашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири — жаныбарлардын инфекциялык ооруларын эрте аныктоо, алдын алуу жана көзөмөлдөө. Ошондой эле ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт. Тараптар илимий жетишкендиктерди мал чарбачылыгына жана ветеринардык практикага киргизүүгө да өзгөчө көңүл бурат. Меморандум эки өлкөнүн ветеринария илимин жана билим берүүсүн өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизин түзөт.
Бишкекте Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара өтүп, мыкты мугалимдерге батир, автоунаа жана акчалай сертификаттар тапшырылды. "2026-жылдын мыкты мугалими" шаардык сынагында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген 52 педагогго 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Өзгөчө жыйынтык көрсөткөн мугалимдерге да сыйлыктар тапшырылды. №84 мектептин мугалими Нургүл Карыбековага Chevrolet Cobalt, №118 мектептин тарых мугалими Жылдыз Белековага Chevrolet Tracker автоунаасы берилди. Ал эми №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна "Асман Резиденс" турак жай комплексинен бир бөлмөлүү батир жана тиричилик техникасына 500 миң сомдук сертификат тапшырылды. Маалыматка ылайык, Бишкектеги билим берүү мекемелеринде учурда 12 миңден ашык педагог эмгектенет.5-октябрда жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Иш-чаранын алкагында кыргыз эстрадасынын белгилүү өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң концерттик программа уюштурулат. Көрүүчүлөрдүн көп келиши жана аренага жакын аймактарда транспорттук жүктөмдүн көбөйүшү күтүлүп жаткандыктан, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара учурунда коомдук тартипти камсыздоого 5 миң милиция кызматкери тартылат. Ошондой эле "Бишкек Аренага" жакын аймактарда жеке автоунаалардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Концертке келген жарандар үчүн атайын шаттл-автобустар уюштурулуп, алар көрүүчүлөрдү иш-чара өтүүчү жерге жеткирүүгө кызмат кылат. ИИМ жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин талаптарын аткарууга жана жол кыймылына байланыштуу убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырат.А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринардык илимий-изилдөө институту менен Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүүгө, заманбап технологиялар жана тажрыйба менен алмашууга, ошондой эле илимий долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Мындан тышкары, окумуштуулар, адистер жана студенттер үчүн академиялык алмашуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Кызматташтыктын негизги багыттарынын бири — жаныбарлардын инфекциялык ооруларын эрте аныктоо, алдын алуу жана көзөмөлдөө. Ошондой эле ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана заманбап билим берүү ыкмаларын киргизүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт. Тараптар илимий жетишкендиктерди мал чарбачылыгына жана ветеринардык практикага киргизүүгө да өзгөчө көңүл бурат. Меморандум эки өлкөнүн ветеринария илимин жана билим берүүсүн өнүктүрүүгө багытталган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизин түзөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104086768_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1b5a7132f0ce8543bf77fe9012ca4c96.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио