https://sputnik.kg/20261005/1104100915.html
Дайырбекова: биз өндүргөн белбоолорду жаштар “кэжуал” стили менен айкалыштырып жатат

Sputnik Кыргызстан
“Толкун” этно бренди өндүргөн белбоолорду жаштар “кэжуал” стили менен айкалыштырып кийип жатышат. Бул тууралуу “Стимул” уктуруусунда аталаган этно бренддин... 05.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-05T17:05+0600
2026-10-05T17:05+0600
2026-10-05T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104100745_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_520f153f3cc6264f9dd129b17292600a.jpg
Дайырбекова: биз өндүргөн белбоолорду жаштар “кэжуал” стили менен айкалыштырып жатат
Sputnik Кыргызстан
“Толкун” этно бренди өндүргөн белбоолорду жаштар “кэжуал” стили менен айкалыштырып кийип жатышат. Бул тууралуу “Стимул” уктуруусунда аталаган этно бренддин негиздөөчүсү Толкун Дайырбекова билдирди.Анын айтымында, белбоо өзүнүн жеке муктаждыгынан пайда болгон идея бүгүн башка аялдарга да керектүү болуп жатат.“Чынын айтсам, мен башында белбоо чыгарам деп такыр ойлогон эмесмин. Бул идея түздөн-түз өзүмдүн муктаждыгымдан келип чыкты. Төртүнчү кызымды төрөгөндөн кийин белим катуу какшап ооруп калды. Дарыканалардагы белди таңуучу каражаттарды да колдонуп көрдүм, бирок мага анчалык жардам берген жок. Кийин апама барып, белбоосун тагынып көрүп калдым. Ошондон кийин Айдай Асангулова эжеге барып, белбоо тууралуу сурадым. Ал мени Наргиза деген кыз менен иштешүүгө чакырды. Ошентип, белбоону жасап көрүп, алгач өзүм кийип сынап баштадым. Өзүмдө колдонуп көргөндөн кийин туугандарыма да бекер берип, алардын пикирлерин, кайтарым байланыштарын сурадым. Анткени биз үчүн эң маанилүүсү — белбоо чындап эле аялдарга ыңгайлуу болобу, күнүмдүк жашоодо колдонууга мүмкүнбү, кандай өзгөртүүлөр керек — ушуну түшүнүү эле. Айрыкча төрөттөн кийинки 40 күн аял үчүн абдан маанилүү мезгил. Бул учурда белди сууктан сактоо абдан маанилүү. Ошол мезгилде белбоо аялга өзүн ишенимдүү сезүүгө, белин кармап турууга жардам бергендей сезилет. Аял киши үй жумушун кылганда да белбоону тагынып алса, өзүнө кошумча бир “колдоочудай” болуп турат. Ошондуктан биз белбоону бир гана салттуу буюм катары эмес, аялдын күнүмдүк жашоосунда колдонууга ыңгайлуу кылгыбыз келди. Ошондон бери белбоонун формасын, материалын, ыңгайлуулугун улам жакшыртып келе жатабыз. Ошол эле учурда анын кооздугуна да көңүл бурдук. Белбоо күнүмдүк жашоодо да стилдүү көрүнсүн деп, ага айгүлдүн жана анардын саймаларын коштук. Азыр аны жаш кыздар да жактырып, кэжуал стилиндеги кийимдеринин сыртынан кийип жүрүшөт. Мен үчүн эң кызыктуусу — башында өзүмдүн жеке муктаждыгымдан пайда болгон идея бүгүн башка аялдарга да керектүү болуп жатканы. Белбоону улам жакшыртып, аялдарга ыңгайлуу, пайдалуу жана ошол эле учурда заманбап, стилдүү буюм кылып өнүктүрүп жатабыз”, — деди Дайырбекова.Ошондой эле ал жер, тоолор, ак илбирстин сүрөттөрү түшүрүлгөн жибек жоолуктарды чыгарып жатканын, аны Биринчи айым Айгүл Жапарова тагынып чыккандан кийин кызыккандардын саны көбөйгөнүн кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/05/1104100745_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e806b0dd30955321f6e376b547356dee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Дайырбекова: биз өндүргөн белбоолорду жаштар “кэжуал” стили менен айкалыштырып жатат
17:05 05.10.2026 (Жаңыртылды: 17:16 05.10.2026) Коноктор
Толкун Дайырбекова, кино жана анимация продюсери, “Толкун” этно брендинин негиздөөчүсү