https://sputnik.kg/20261004/1104083898.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 2026–2027-жылдарга күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча план даярдады Дүйнөлүк мунай баасы кескин өсүп кеткен учурда жаңы булактардан күйүүчү май... 04.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-04T17:00+0600
2026-10-04T17:00+0600
2026-10-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104083732_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6e4d2ef8e7f339bdda019ca50d36a1cb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Өкмөт 2026–2027-жылдарга күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча план даярдады Дүйнөлүк мунай баасы кескин өсүп кеткен учурда жаңы булактардан күйүүчү май жеткирүү үчүн убактылуу өзгөрмө акциз же жеңилдетилген салык салынышы мүмкүн. Ошондой эле жыл аягына чейин шаардык жана коммерциялык транспортту колдоо программасын ишке киргизүү пландалууда. Автопарктарды электр энергиясына, ошондой эле газга — метан жана пропанга өткөрүү каралган.
Мигранттар жети айда Кыргызстанга 1,8 млрд доллар которду Улуттук банк бул январь-июль айларындагы көрсөткүч экенин билдирди. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 180 млн долларга аз. Акча которуулардын басымдуу бөлүгү — 1,6 млрд доллардан ашыгы Россиядан келген.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев акыркы эки жылда Бишкек шаарынын инвестициялык портфели 1 миллиард доллардан ашканын билдирди. Анын айтымында, негизги долбоорлордун бири — таштандыны кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод. Учурда объект күнүнө 1,2 миң тоннага чейин таштандыны иштетип, жалпы 323 миң тонна калдык зыянсыздандырылган. Шаар ошондой эле долбоордун 230 миллион долларлык экинчи этабын ишке ашырууга даярданып жатат. Анда таштандыны кайра иштетүүнү кеңейтүү жана курулуш материалдарын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин модернизациялап, анын кубаттуулугун 500 МВтка чейин жеткирүү жана 90 МВт кубаттуулуктагы жаңы объект куруу каралууда. Мэрдин маалыматына ылайык, быйыл шаар бюджетинин кирешеси 10,6 пайызга же 1,9 миллиард сомго өскөн. Салыктык түшүүлөр да 6,7 пайызга көбөйгөн.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерип, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Министр Нарын шаарындагы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, калган жумуштарды 15-октябрга чейин толук аяктоо милдетин койду. Мындан тышкары, Нарын — Баетов автожолу; Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жолу; Нарын — Үч-Нура жолу; Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 231-чакырымындагы айланма кесилиш көзөмөлгө алынды: Аталган тилкелерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча катуу талап коюлду.
Испанияда турак жай кризисине байланыштуу массалык нааразылык акциялары өттү Расмий маалымат боюнча, Мадридде көчөгө 70 миңдей адам чыкты. Ал эми кесиптик кошуундардын эсебинде, акцияга жарым миллионго жакын адам катышкан. Нааразы болгондор ижара акысын төмөндөтүүнү, мөөнөтсүз ижара келишимдерин киргизүүнү жана турак жайларды “кузгундар” деп аталган инвестициялык фонддордон мамлекеттин карамагына алууну талап кылышууда. Нааразылык акциялары сентябрь айында 87 жаштагы Марикармен Абаскалды ондогон жылдар бою жашап келген батиринен чыгаргандан кийин күч алган. Анын окуясы нааразылык кыймылынын символдорунун бирине айланып, андан соң шаарда чатыр лагери пайда болгон. Кийин ушундай эле акциялар Испаниянын башка шаарларына да жайылган.
Өкмөт 2026–2027-жылдарга күйүүчү майдын баасын турукташтыруу боюнча план даярдады Дүйнөлүк мунай баасы кескин өсүп кеткен учурда жаңы булактардан күйүүчү май жеткирүү үчүн убактылуу өзгөрмө акциз же жеңилдетилген салык салынышы мүмкүн. Ошондой эле жыл аягына чейин шаардык жана коммерциялык транспортту колдоо программасын ишке киргизүү пландалууда. Автопарктарды электр энергиясына, ошондой эле газга — метан жана пропанга өткөрүү каралган.Мигранттар жети айда Кыргызстанга 1,8 млрд доллар которду Улуттук банк бул январь-июль айларындагы көрсөткүч экенин билдирди. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 180 млн долларга аз. Акча которуулардын басымдуу бөлүгү — 1,6 млрд доллардан ашыгы Россиядан келген.Бишкек мэри Айбек Жунушалиев акыркы эки жылда Бишкек шаарынын инвестициялык портфели 1 миллиард доллардан ашканын билдирди. Анын айтымында, негизги долбоорлордун бири — таштандыны кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү завод. Учурда объект күнүнө 1,2 миң тоннага чейин таштандыны иштетип, жалпы 323 миң тонна калдык зыянсыздандырылган. Шаар ошондой эле долбоордун 230 миллион долларлык экинчи этабын ишке ашырууга даярданып жатат. Анда таштандыны кайра иштетүүнү кеңейтүү жана курулуш материалдарын өндүрүү пландалууда. Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБин модернизациялап, анын кубаттуулугун 500 МВтка чейин жеткирүү жана 90 МВт кубаттуулуктагы жаңы объект куруу каралууда. Мэрдин маалыматына ылайык, быйыл шаар бюджетинин кирешеси 10,6 пайызга же 1,9 миллиард сомго өскөн. Салыктык түшүүлөр да 6,7 пайызга көбөйгөн.Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактагы жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерип, бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Министр Нарын шаарындагы узундугу 9 чакырымдан ашкан Ленин көчөсүн капиталдык оңдоо иштери менен таанышып, калган жумуштарды 15-октябрга чейин толук аяктоо милдетин койду. Мындан тышкары, Нарын — Баетов автожолу; Он-Арча — Жаңы-Талап — Ашырма жолу; Нарын — Үч-Нура жолу; Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 231-чакырымындагы айланма кесилиш көзөмөлгө алынды: Аталган тилкелерде жыл аягына чейин асфальт-бетон төшөө боюнча катуу талап коюлду. Испанияда турак жай кризисине байланыштуу массалык нааразылык акциялары өттү Расмий маалымат боюнча, Мадридде көчөгө 70 миңдей адам чыкты. Ал эми кесиптик кошуундардын эсебинде, акцияга жарым миллионго жакын адам катышкан. Нааразы болгондор ижара акысын төмөндөтүүнү, мөөнөтсүз ижара келишимдерин киргизүүнү жана турак жайларды “кузгундар” деп аталган инвестициялык фонддордон мамлекеттин карамагына алууну талап кылышууда. Нааразылык акциялары сентябрь айында 87 жаштагы Марикармен Абаскалды ондогон жылдар бою жашап келген батиринен чыгаргандан кийин күч алган. Анын окуясы нааразылык кыймылынын символдорунун бирине айланып, андан соң шаарда чатыр лагери пайда болгон. Кийин ушундай эле акциялар Испаниянын башка шаарларына да жайылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104083732_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9263e32753d8c085084d8243923a21f4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио