https://sputnik.kg/20261002/1104046798.html
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 3–9-ноябрда кыргыз балетинин легендасы, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Улуу-Элес” II эл аралык балет... 02.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-02T11:04+0600
2026-10-02T11:04+0600
2026-10-02T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104046628_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8c494381cd0f6bbc9da61f5cda33de17.jpg
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 3–9-ноябрда кыргыз балетинин легендасы, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Улуу-Элес” II эл аралык балет артисттеринин сынагы уюштурулат. Бул тууралуу “ Күн башат” уктуруусунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери, КРдин эл артисти, Эл аралык искусство академиясынын ардактуу мүчөсү Айзада Тумакова билдирди.
Анын айтымында, сынактын башкы байгеси Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын алып жүргөн Гран-при болот. Анын байге фонду 200 миң сомду түзөт. Мындан сырткары, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар боюнча байгелер берилет.
“Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры өткөрүп жаткан сынакка профессионалдык балет артисттери, хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Сынактын калыстар тобунда дүйнөлүк балет өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрү болот. Мындай сынактар жаш балет артистине кесиптик жактан чоң мүмкүнчүлүк берип, сыйлыктан тышкары алардын карьерасына жол ачылат”, — деди Тумакова.
“Улуу-Элес” сынагы жаш таланттарды колдоого, кыргыз балетинин өнүгүшүнө салым кошууга жана залкар балеринанын чыгармачылык мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган”, — деди аталган театрдын көркөм жетекчиси, КРдин эл артисти, режиссер Нурлан Асанбеков.
Белгилей кетсек, Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз профессионалдык балетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал “Чолпон”, “Анар”, “Асель” сыяктуу балеттерде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы ролдорду жараткан. 1958-жылы ага СССРдин Эл артисти деген жогорку наам берилген.
Бишкекте 3–9-ноябрда кыргыз балетинин легендасы, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналган “Улуу-Элес” II эл аралык балет артисттеринин сынагы уюштурулат. Бул тууралуу “ Күн башат” уктуруусунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери, КРдин эл артисти, Эл аралык искусство академиясынын ардактуу мүчөсү Айзада Тумакова билдирди.Анын айтымында, сынактын башкы байгеси Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын алып жүргөн Гран-при болот. Анын байге фонду 200 миң сомду түзөт. Мындан сырткары, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, дипломдор жана атайын номинациялар боюнча байгелер берилет.“Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры өткөрүп жаткан сынакка профессионалдык балет артисттери, хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана хореографтар катышат. Сынактын калыстар тобунда дүйнөлүк балет өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрү болот. Мындай сынактар жаш балет артистине кесиптик жактан чоң мүмкүнчүлүк берип, сыйлыктан тышкары алардын карьерасына жол ачылат”, — деди Тумакова.“Улуу-Элес” сынагы жаш таланттарды колдоого, кыргыз балетинин өнүгүшүнө салым кошууга жана залкар балеринанын чыгармачылык мурасын кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган”, — деди аталган театрдын көркөм жетекчиси, КРдин эл артисти, режиссер Нурлан Асанбеков.Белгилей кетсек, Бүбүсара Бейшеналиева кыргыз профессионалдык балетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал “Чолпон”, “Анар”, “Асель” сыяктуу балеттерде жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларда башкы ролдорду жараткан. 1958-жылы ага СССРдин Эл артисти деген жогорку наам берилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/02/1104046628_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bf7d7b00ac720d836db0ce81a26eb8a2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Бүбүсара Бейшеналиевага 100 жыл: Бишкекте эл аралык балет сынагы өтөт
11:04 02.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 02.10.2026) Коноктор
Айзада Тумакова, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы балетмейстери, КРдин эл артисти, Эл аралык искусство академиясынын ардактуу мүчөсүНурлан Асанбеков, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси, КРдин эл артисти, режиссер