https://sputnik.kg/20261004/1104082842.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда балдар үчүн биринчи креативдик-индустриалдык парк курулат. Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу... 04.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-04T15:00+0600
2026-10-04T15:00+0600
2026-10-04T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104082676_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0758157a5a68201fb75e2ae4488a3c1e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда балдар үчүн биринчи креативдик-индустриалдык парк курулат. Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн "Илимдеги кыздар" иш-чарасында билдирди. Министрдин маалыматына караганда, паркта экология, санариптик технологиялар, киберкоопсуздук жана робот техникасы боюнча заманбап жайлар түзүлөт. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө багытталган борбор куруу пландалууда. Догдуркүл Кендирбаева балдардын чыгармачылык жана илимий жөндөмдөрүн эрте өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, балдарга өз кызыгуусун эркин тандоого жана ар кандай багытта өнүгүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. "Илимдин, технологиянын, инженериянын өнүгүшүндө чек жок. Балдарга мүмкүнчүлүк берсек, алардын арасынан мыкты илимпоздор, инженерлер, ашпозчулар жана дизайнерлер чыгат", — деди министр. Белгилей кетсек, 1-октябрда Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздарды илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарына тартууга багытталган "Илимдеги кыздар" программасынын III фазасы расмий башталган.
Кыргызстан Азия оюндарында 14 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 10 коло) утуп, 37 өлкөнүн ичинен 26-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтындагы медалдар таблицасында маалымдалды. Жалгыз алтын медалды балбан Жоламан Шаршенбеков багындырса, Денис Петрашов, Асан Жанышов жана Эрлан Шеров күмүш байге тагынды. Калган спортчулар өлкөнүн куржунуна коло байгелерди алып келишти. Жалпы командалык эсепте Кытай, Япония жана Түштүк Корея алдыңкы үчтүктү түздү. Ал эми коңшу мамлекеттерден Өзбекстан 5-орунга, Казакстан 8-орунга жайгашты. Япониядагы Азия оюндарына жалпысынан 45 өлкө жана аймак катышты.
Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Алардын бири Нарын шаарындагы дарыя аркылуу өтүүчү көпүрө болду. Объект 2026-жылдын август айында салына баштап, долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Көпүрөнүн узундугу 97 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт. Министр объектидеги курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, жумуштарды долбоордук талаптарга ылайык сапаттуу аткарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Москванын Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери менен болгон саясаты өзгөрүүсүз каларын билдирди. Бул тууралуу анын Ирандын мамлекеттик телерадиосуна берген маегине шилтеме жасап РИА Новости жазды. Медведев Россия бул чөлкөмдөрдө достук мамилелерди жана стратегиялык кызыкчылыктарды сактоо саясатын улантарын баса белгиледи. "Россия коңшу өлкөлөр менен мурдагыдай эле өз ара түшүнүшүүгө жана ынак коңшулукка негизделген байланыштарды бекемдөөгө умтулат", — деди ал. Ал аталган аймактар бирдиктүү мамлекеттин курамында узак убакыт чогуу болгонун эске салып, учурда экономикалык өнөктөштүк активдүү өнүгүп, интеграциялык бирикмелер иштеп жаткандыктан, бул багытта эч кандай олуттуу көйгөй жок экенин кошумчалады.
Кыргызстанда балдар үчүн биринчи креативдик-индустриалдык парк курулат. Долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашары күтүлүүдө. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз улуттук тарых музейинде өткөн "Илимдеги кыздар" иш-чарасында билдирди. Министрдин маалыматына караганда, паркта экология, санариптик технологиялар, киберкоопсуздук жана робот техникасы боюнча заманбап жайлар түзүлөт. Ошондой эле мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө багытталган борбор куруу пландалууда. Догдуркүл Кендирбаева балдардын чыгармачылык жана илимий жөндөмдөрүн эрте өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, балдарга өз кызыгуусун эркин тандоого жана ар кандай багытта өнүгүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. "Илимдин, технологиянын, инженериянын өнүгүшүндө чек жок. Балдарга мүмкүнчүлүк берсек, алардын арасынан мыкты илимпоздор, инженерлер, ашпозчулар жана дизайнерлер чыгат", — деди министр. Белгилей кетсек, 1-октябрда Кыргыз улуттук тарых музейинде кыздарды илим, технология, инженерия, искусство жана математика багыттарына тартууга багытталган "Илимдеги кыздар" программасынын III фазасы расмий башталган.Кыргызстан Азия оюндарында 14 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 10 коло) утуп, 37 өлкөнүн ичинен 26-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтындагы медалдар таблицасында маалымдалды. Жалгыз алтын медалды балбан Жоламан Шаршенбеков багындырса, Денис Петрашов, Асан Жанышов жана Эрлан Шеров күмүш байге тагынды. Калган спортчулар өлкөнүн куржунуна коло байгелерди алып келишти. Жалпы командалык эсепте Кытай, Япония жана Түштүк Корея алдыңкы үчтүктү түздү. Ал эми коңшу мамлекеттерден Өзбекстан 5-орунга, Казакстан 8-орунга жайгашты. Япониядагы Азия оюндарына жалпысынан 45 өлкө жана аймак катышты.Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилерин көрдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Алардын бири Нарын шаарындагы дарыя аркылуу өтүүчү көпүрө болду. Объект 2026-жылдын август айында салына баштап, долбоор министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Көпүрөнүн узундугу 97 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жол бөлүгүнүн туурасы 7 метр болуп, эки тарабында эки метрден жөө кишилер үчүн тротуар каралган. Көпүрө 8 темир-бетон таянычтан турат, таянычтардын аралыгы (узунунан) 30 метрди түзөт. Министр объектидеги курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыгып, жумуштарды долбоордук талаптарга ылайык сапаттуу аткарууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Москванын Борбор Азия жана Кавказ мамлекеттери менен болгон саясаты өзгөрүүсүз каларын билдирди. Бул тууралуу анын Ирандын мамлекеттик телерадиосуна берген маегине шилтеме жасап РИА Новости жазды. Медведев Россия бул чөлкөмдөрдө достук мамилелерди жана стратегиялык кызыкчылыктарды сактоо саясатын улантарын баса белгиледи. "Россия коңшу өлкөлөр менен мурдагыдай эле өз ара түшүнүшүүгө жана ынак коңшулукка негизделген байланыштарды бекемдөөгө умтулат", — деди ал. Ал аталган аймактар бирдиктүү мамлекеттин курамында узак убакыт чогуу болгонун эске салып, учурда экономикалык өнөктөштүк активдүү өнүгүп, интеграциялык бирикмелер иштеп жаткандыктан, бул багытта эч кандай олуттуу көйгөй жок экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/04/1104082676_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a51c10f4f5f9dfa4d9957c2c3793caa0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио