00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-июлда, Балыкчы — Кочкор темир жолун ачып, локомотивди Кочкор станциясына чейин өзү айдап барып, токтотту. Анын видеосун президенттин администрациясы жарыялады. Иш-чаранын жүрүшүндө Жапаров атайын ачкыч менен темир жолдун акыркы бурамасын бекитип, курулуштун ийгиликтүү аякташын билдирди. Аталган темир жол өлкөнүн өз күчү менен курулган, узундугу — 63 чакырым. Долбоордун алкагында "Кочкор" темир жол станциясы да салынды. Темир жолдун бир чакырымы 955 миң долларга түшкөн. Ал келечекте Макмалга чейин узартылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна кошулат.
Эсептөө палатасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин текшерип, 722,9 миллион сомдон ашык эреже бузууларды аныктады. Бул туурасында аталган палатанын маалымат кызматынан кабарлашты. "Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 722 миллион 908,6 миң сомду түзгөн финансылык бузуулар жана кемчиликтер ачыкталды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында калыбына келтирилүүгө тийиш болгон 614,8 миллион сомдун 560 миллиондон ашыгыраагы жана 3,8 миң доллары бюджетке кайтарылды", — деп маалыматта айтылган. Аудиттин жүрүшүндө эң эле ири мыйзам бузуулар бюджетке кирешелердин өз убагында чегерилбегендигине байланыштуу болгону анык болгон. Министрликте ички финансылык тартип боюнча да олуттуу мүчүлүштүктөр табылгынын айтышты.
Кабо-Верде курама командасынын дарбазачысы кыргызстандык клубда ойной турган болду Канттын "Абдыш-Ата" клубу футбол боюнча дүйнө чемпионатында мыкты оюн көрсөткөн Кабо-Верде (Африка) курама командасынын дарбазачысы Тиагу Гомеш менен келишим түздү. 23 жаштагы Гомеш — дүйнө чемпионатында көзгө урунган, күйөрмандардын көңүлүн бурган тажрыйбалуу дарбазачы Возинья менен алмашып ойной турган спортчу. Гомеш буга чейин Бельгия, Испания жана Португалиянын клубдарында ойногон. Ал азырынча Кабо-Верде улуттук курамасында расмий дебют жасай элек.
Трамп Иранга каршы аскердик операцияны күчөтүү планын кийинкиге жылдырды АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик операцияны кескин күчөтүү планын ок-дары азайып кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды. Маалыматка караганда, мындай чечим Трамп кеңешчилери жана өкмөттүн мүчөлөрү менен өткөргөн жыйындан кийин кабыл алынган. Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөп кетишинен, Перс булуңундагы негизги өнөктөштөр менен мамиленин начарлашынан, дүйнөлүк экономикадагы туруксуздуктан, ошондой эле энергетикалык, миграциялык кризистердин тереңдешинен да кооптонууда.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 99 сом 54 тыйынга юань 12 сом 91 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 80 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 94 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
27-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Дүйшөмбүдө Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй +32...+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +29...+34, Ысык-Көл облусунда +25...+30, Нарын регионунда +28...+33 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +34...+36, менен Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +25...+27 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0