00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Таберик
“Шуулдаба, терегим, теректерим...” Эллегиянын султаны көлдү багынтканда
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Меняющие мир
«Хорошая речь — это навык»: преподаватель сценической речи — о голосе, зажимах и технике
18:07
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаров 63 чакырымдык Балыкчы — Кочкор темир жолун ачты Долбоордун алкагында "Кочкор" темир жол станциясы да курулган. Темир жолдун бир чакырымы 955 миң долларга түшкөн. Чет өлкөлүк подрядчылар болсо курулуштун бир чакырымын кеминде 4,8 миллион долларга бүтүрүүнү сунушташкан. Ушундан улам Кыргызстан жолду өз күчү менен курууну чечкен. "Биз темир жол куруу маданиятыбызды, инженердик мүмкүнчүлүгүбүздү жана кесиптик тажрыйбабызды кайра жандандырдык. Бул — өлкөбүз ири инфраструктуралык долбоорлорду өз алдынча ишке ашыра аларын далилдеген тарыхый жетишкендик", — деди президент. Келечекте темир жол Макмалга чейин узартылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна кошулат. Садыр Жапаровдун айтымында, мунун натыйжасында өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейип, экспорт, инвестиция жана туристтердин агымы көбөйөт.
Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эриди. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 9 959 мөңгү бар. Эң оор абал Талас өрөөнүндө байкалууда. Бул аймакта мөңгүлөрдүн аянты 22 пайызга азайган. Ошондой эле Ички Теңир-Тоодо да мөңгүлөрдөн тез кол жууп жатабыз. Адистер муну абанын температурасынын жогорулашы жана кардын аз жаашы менен байланыштырып келишет. Окумуштуулардын болжолунда, 2050-жылга чейин чакан мөңгүлөрдүн саны кескин кыскарат. Ал эми азыркы жылуулануу темпи сакталса, 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30 пайызга чейин азайышы мүмкүн. "Бул суунун тартыштыгына, айыл чарбасына жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып, ошондой эле бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү учурларынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн", — деди Сакыев.
Нарында белгисиз буюм жарылып кетип, эркек киши колунан жаракат алганын бизге окуядан кабары бар маалымат булактарыбыз кабарлады. Анын айтымында, бала көчөдөн белгисиз буюмду таап алып, апасына бергени айтылат. Аял аны күйөөсүнө көрсөткөн. Эркек киши аны ташка урганда жарылып кетип, оор жаракат алган. Такталбаган маалымат боюнча, кырсык согуштук эмес, кулак тундуруучу гранатанын жарылуусунан болгон. Нарын облустук милициясы окуя каттоого алынганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымда
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Украина боюнча позициясы туруктуу экенин, бирок Москва аны колдобой турганын билдирди. "Токаев Украина маселеси боюнча өз позициясын бир нече жолу билдирген. Анын ою, мындай көз карашы мурдатан эле айтылып келет. Бирок биздин бул пикирибиз аны менен макул экенибизди билдирбейт. Анткен менен Казакстан — биздин эң жакын өнөктөшүбүз, союздашыбыз", — деди Песков. Буга чейин Казакстандын президенти Токаев РФ лидери Владимир Путин менен Омск шаарында жолукканда Украинадагы жаңжалды убактылуу токтотуп, аны жөнгө салуу боюнча Стамбул форматына кайра кайтууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0