00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые нас не оставили равнодушными
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”: Кыргызстан өзүнүн уңгужолун таптыбы?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Таберик
“Шуулдаба, терегим, теректерим...” Эллегиянын султаны көлдү багынтканда
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Меняющие мир
«Хорошая речь — это навык»: преподаватель сценической речи — о голосе, зажимах и технике
18:06
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Балыкчы — Кочкор темир жолунун жана Нарын облусундагы “Кочкор” станциясынын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Президент жаңы станцияга поезд менен келип, жолдун сапатын жеринен текшерип чыкты. Ал өз сөзүндө бул күн көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында маанилүү орун аларын белгиледи. Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы — Кочкор тилкеси Балыкчы — Кара-Кече — Макмал темир жол долбоорунун биринчи этабы. Садыр Жапаров курулуш толугу менен өлкөнүн өз күчү менен ишке ашканын өзгөчө баса белгиледи. “Курулуш учурунда 1 миллион кубометрге жуук жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 чакырым тоолуу аймак тазаланды. Темир жолдун 1 чакырымына 955 миң доллар сарпталды. Салыштыруу үчүн айтсам, чет элдик компаниялар 1 чакырым үчүн 4,8 миллиондон 6,8 миллион долларга чейин сунушташкан. Бул өтө кымбат экенин түшүнүп, "жолду баскан арбытат" деп тобокелчиликке салып, ишти өзүбүз колго алдык”, — деди президент.
2026-жылдын 22-июлунан тарта Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Монголиянын ортосундагы убактылуу соода келишими күчүнө кирди. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы 21-июлда бажы декларациясын толтурууда жаңы коддорду киргизүү чечимин кабыл алды. Эми тарифтик жеңилдиктерди белгилөө үчүн “МЕ” коду, ал эми “EAM” формасындагы товардын келип чыгышы тууралуу сертификат үчүн “06022” коду колдонулат. Бул жаңы коддор киргенге чейин ишкерлер “ТИ” жана “06999” коддорун колдонуп келишкен. Мындай жаңы коддорду киргизүү эсеп-кысап иштерин жеңилдетип, Монголия менен соода кылуудагы каржылык чыгымдарды азайтат.
Президенттин администрациясы коомдук тамактануучу жайларды эскертүүсүз, каалаган убакта текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Декларацияланган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негиздемесинде айтылгандай, социалдык тармактарда санитардык талаптардын бузулушу тууралуу маалыматтар бат-баттан чыгып турат. Бирок Экономика министрлиги текшерүүлөргө уруксат бербей келет, анткени бул азыркы мыйзамдарга каршы келет. Президенттин администрациясы азыркы тапта текшерүү органдары жарандардын ден соолугуна зыян келгенде же коркунуч жаралганда гана чара көрө аларын белгиледи. Ал эми санитардык кызматтын негизги милдети — мындай нерселерди алдын алуу. Ошондуктан, дал ушул коомдук тамактануу жайлары үчүн өзгөчө эреже киргизип, пландан тышкары текшерүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуу Омск шаарында, Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү. “Бул чыр-чатакты тоңдуруп, кайрадан "Стамбул формуласы 2.0" деген форматка кайтуу керектир. Анткени ал жакта кыйла олуттуу натыйжаларга жетишилген болчу. Албетте, мунун баары улуу мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын кепилдиги астында болушу керек. Ошентип отуруп, көптөн күткөн тынчтыкка карай бет алуу зарыл”, — деди Токаев.
Жаңылыктар түрмөгү
0