00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бул жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Талас шаарында белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады. Билдирүүгө ылайык, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-июлда, Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. "Кыргыз эли байыртадан бери эр жүрөк жана баатыр эл. Талас – Манастын, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Чыңгыз Айтматовдун жери. Бул – Кыргызстанды эрдиги, таланты жана эмгеги менен даңктаган көрүнүктүү инсандарды тарбиялаган ыйык жер", — деген ал аймактын тургундарына кайрылуусунда. Минкаб төрагасы акыркы жылдары пезиденттин колдоосу менен Талас облусунда социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган. Айтымында, бир катар объектилер Эгемендүүктүн 35 жылдыгына карата быйыл пайдаланууга берилет. Ошондой эле Талас районунда "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплекси, Айтматов районунда "Айтматов Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси курулуп жатканын эске салган. Муну менен катар Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык унаа жолун реконструкциялоонун стратегиялык маанисин жана "Бала-Саруу" чакан ГЭСин белгилеген.
Экономика министрлиги Кытай, Иран, Түркмөнстан, Азербайжан, Грузия жана Түркиядан күйүүчү-майлоочу материалдарды ташып келүү каралып жатканын билдирди Маалымат минкабдын токтом долбоорунда көрсөтүлгөн. Буга чейин Энергетика министрлиги Кытайдан күйүүчү май ташылып жатканын жана Беларусь менен да макулдашуу бар экенин билдирген. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөнүн кайсы бир жеринде күйүүчү май табылса, баасына карабастан Кыргызстан аны сатып аларын билдирген. Анын айтымында, ички рынок күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалат.
Президенттик администрация коомдук тамактануучу жайларды пландан тышкары текшерүүгө уруксат берүүнү сунуштады Соцтармактарда коомдук тамактануучу жайларда санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулганы тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып келет. Бирок учурда Экономика министрлиги мыйзам талаптарына байланыштуу мындай жайларды пландан тышкары текшерүүгө уруксат бербейт. Натыйжада тиешелүү органдар жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралгандан же зыян келтирилгенден кийин гана чара көрө алышат. Ошол эле учурда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын негизги милдети мындай учурларды алдын алуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу президенттик администрация коомдук тамактануучу жайларды пландан тышкары текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген өзгөчө тартип киргизүүнү сунуштоодо.
2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандан экспорттолгон мөмө-жемиш жана жашылча ширелерине болгон суроо-талап беш эсеге өстү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди. Маалыматка ылайык, ушул жылдын алгачкы беш айында өлкө 370,4 тонна мөмө-жемиш жана жашылчанын ширесин экспорттоду. Былтыркы ушул эле мезгилде экспорттун көлөмү болгону 73 тоннаны түзгөн. Экспорттолгон ширелердин негизги
Жаңылыктар түрмөгү
0