https://sputnik.kg/20260725/tokaev-ukrainadagy-chyr-chatakty-toduruunu-sunushtady--1102611212.html
Токаев Украинадагы чыр-чатакты тоңдурууну сунуштады
Токаев Украинадагы чыр-чатакты тоңдурууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев... 25.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-25T20:54+0600
2026-07-25T20:54+0600
2026-07-26T11:18+0600
дүйнөдө
россия
казакстан
владимир путин
касым-жомарт токаев
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102610803_0:0:940:529_1920x0_80_0_0_0b1451c8bb9910169c883a43fca46169.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди.Жолугушуу Омск шаарында Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү.Казакстандын президенти ар кандай сунуштар жана чакырыктар болуп жатканына карабай ортомчу болуудан кескин баш тарта турганын кошумчалады. Анткени орус эли — улуу эл, ошондуктан эч кандай ортомчусуз эле бардык маселени өзү чечип алат деген ишеничте. Ошондой эле Казакстан Россияны ар дайым улуу мамлекет деп эсептеп келгенин жана стратегиялык кызматташтыкка, өнөктөштүккө адал бойдон кала берерин белгиледи.Өз кезегинде Владимир Путин Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевге Украина боюнча кырдаал тууралуу кеңири маалымат берип турууга убада кылды.
https://sputnik.kg/20260724/bishkek-sammit-prezidentter-talkuulashat-1102591764.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102610803_0:0:774:580_1920x0_80_0_0_61b72ef9a0698c7334119600edaa5965.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, казакстан, владимир путин, касым-жомарт токаев
дүйнөдө, россия, казакстан, владимир путин, касым-жомарт токаев
Токаев Украинадагы чыр-чатакты тоңдурууну сунуштады
20:54 25.07.2026 (Жаңыртылды: 11:18 26.07.2026) БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн Стамбул келишимдеринин формуласына кайтып келсе болот. Мындай пикирин Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен болгон жолугушууда билдирди.
Жолугушуу Омск шаарында Россия менен Казакстандын XXII аймактар аралык кызматташтык форумунун алкагында өттү.
“Бул чыр-чатакты тоңдуруп, кайрадан "Стамбул формуласы 2.0" деген форматка кайтуу керектир. Анткени ал жакта кыйла олуттуу натыйжаларга жетишилген болчу. Албетте, мунун баары улуу мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын кепилдиги астында болушу керек. Ошентип отуруп, көптөн күткөн тынчтыкка карай бет алуу зарыл”, — деди Токаев.
Казакстандын президенти ар кандай сунуштар жана чакырыктар болуп жатканына карабай ортомчу болуудан кескин баш тарта турганын кошумчалады. Анткени орус эли — улуу эл, ошондуктан эч кандай ортомчусуз эле бардык маселени өзү чечип алат деген ишеничте. Ошондой эле Казакстан Россияны ар дайым улуу мамлекет деп эсептеп келгенин жана стратегиялык кызматташтыкка, өнөктөштүккө адал бойдон кала берерин белгиледи.
Өз кезегинде Владимир Путин Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевге Украина боюнча кырдаал тууралуу кеңири маалымат берип турууга убада кылды.