https://sputnik.kg/20260725/lavrov-krsu-buturuuchu-kuttuktoo-buturuu-keche-zhashtyk-arena-1102609629.html
КРСУнун бүтүрүү кечеси жаңыча өтүп, Лавров менен Маматалиев студенттерди куттуктады
КРСУнун бүтүрүү кечеси жаңыча өтүп, Лавров менен Маматалиев студенттерди куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүү кечеси биринчи жолу жаңы форматта — Бишкектеги “Жаштык Аренада” ири, бирдиктүү... 25.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-25T17:48+0600
2026-07-25T17:48+0600
2026-07-25T17:48+0600
кыргызстан
россия
крсу
бүтүрүү кечеси
билим
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102608363_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_2f9f2aada799f85f6669c905f599feba.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүү кечеси биринчи жолу жаңы форматта — Бишкектеги “Жаштык Аренада” ири, бирдиктүү майрам катары өттү.Иш-чарага университеттин, колледждин жана мектептин 1128 бүтүрүүчүсү катышты.Бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилек айтуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев келди. Ал бул күн студенттердин көп жылдык талыкпас эмгегинин жана билимге болгон умтулуусунун жыйынтыгы экенин белгиледи.Төрага КРСУ ушул күнгө чейин 40 миңге чукул мыкты адистерди даярдап чыкканын, азыр да заманбап билим берүү борбору катары өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле 1-сентябрдан тарта окуу жай жаңы академиялык моделге өтүп, студенттер үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөр ачыларын кошумчалады.Ал эми Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун куттуктоосун окуп берди. Лавров бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгына кошкон салымы үчүн окуу жайдын мугалимдерине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде элчи Вакунов КРСУну илим жана билим берүүдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири, Россиянын чет өлкөдөгү өзгөчө университети деп белгиледи.Ал эми Россиянынжогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрова бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык билдирип, убагында дал ушул окуу жайды тандап адашпагандарын айтты.КРСУнун ректору Сергей Волков болсо муундардын байланышына токтолду. Ал акыркы 30 бүтүрүүдө университет миңдеген мыкты адистерди даярдап чыкканын, алар бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы бурчунда дарыгер, инженер, мугалим, дипломат, ишкер жана мамлекеттик кызматкер болуп иштеп жатканын сыймыктануу менен айтты.
https://sputnik.kg/20260710/krsu-student-talapka-ylayyk-okutuu-1102342821.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102608363_160:0:1120:720_1920x0_80_0_0_6cf6df8e8c35b1349b06ed66dd84871b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, крсу, бүтүрүү кечеси, билим
кыргызстан, россия, крсу, бүтүрүү кечеси, билим
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Быйыл Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүү кечеси биринчи жолу жаңы форматта — Бишкектеги “Жаштык Аренада” ири, бирдиктүү майрам катары өттү.
Иш-чарага университеттин, колледждин жана мектептин 1128 бүтүрүүчүсү катышты.
Бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилек айтуу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев келди. Ал бул күн студенттердин көп жылдык талыкпас эмгегинин жана билимге болгон умтулуусунун жыйынтыгы экенин белгиледи.
Төрага КРСУ ушул күнгө чейин 40 миңге чукул мыкты адистерди даярдап чыкканын, азыр да заманбап билим берүү борбору катары өнүгүп жатканын айтты. Ошондой эле 1-сентябрдан тарта окуу жай жаңы академиялык моделге өтүп, студенттер үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөр ачыларын кошумчалады.
“Диплом — бул акыркы чек эмес, чоң кесиптик жолдун башталышы гана. Алдыда сиздерди жаңы жоопкерчиликтер жана өлкөгө пайда келтирүү мүмкүнчүлүктөрү күтүп турат”, — деди Маматалиев.
Ал эми Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов РФ тышкы иштер министри Сергей Лавровдун куттуктоосун окуп берди. Лавров бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгына кошкон салымы үчүн окуу жайдын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде элчи Вакунов КРСУну илим жана билим берүүдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири, Россиянын чет өлкөдөгү өзгөчө университети деп белгиледи.
Ал эми Россиянынжогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петрова бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык билдирип, убагында дал ушул окуу жайды тандап адашпагандарын айтты.
“КРСУнун диплому — бул сиздердин ийгиликтүү кесиптик жолуңуздарга жана бактылуу келечегиңиздерге берилген чыныгы жолдомо деп толук айта алам”,— деди ал.
КРСУнун ректору Сергей Волков болсо муундардын байланышына токтолду. Ал акыркы 30 бүтүрүүдө университет миңдеген мыкты адистерди даярдап чыкканын, алар бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы бурчунда дарыгер, инженер, мугалим, дипломат, ишкер жана мамлекеттик кызматкер болуп иштеп жатканын сыймыктануу менен айтты.
“Кимде-ким КРСУну бүтүрсө, анын ээлеген кызматына, статусуна же жашаган өлкөсүнө карабай — баары бир ушул университеттин бүтүрүүчүсү бойдон кала берет. Бүгүн сиздер дагы бул чоң тарыхтын бир бөлүгү болуп отурасыздар”,— деди ректор.