https://sputnik.kg/20260725/el-aralyk-kylmysh-sotu-putin-kamak-order-prokurordu-ishten-aluu-1102603258.html
Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер сураган прокурорду иштен алды
Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер сураган прокурорду иштен алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Эл аралык кылмыштардын сотунун (МУС) Рим статутуна мүчө мамлекеттердин ассамблеясы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган башкы... 25.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-25T10:44+0600
2026-07-25T10:44+0600
2026-07-25T11:11+0600
дүйнөдө
россия
карим ханджеза
прокурор
эл аралык кылмыш соту
кызмат
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102603016_0:84:2984:1763_1920x0_80_0_0_77bfbdb4c63a4ae6b60cf5d446e1b1e2.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Эл аралык кылмыштардын сотунун (МУС) Рим статутуна мүчө мамлекеттердин ассамблеясы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган башкы прокурор Карим Ханды кызматтан четтетти. Бул тууралуу ассамблеянын президенти Пяйви Каукоранта маалымдаганын РИА Новости агенттиги жазды.Reuters басылмасынын жеке булактарынын маалыматы боюнча, Сотко мүчө болгон 125 мамлекеттин ичинен 82си аны кызматтан кетирүүгө "макул" деген добуш берген.2025-жылдын май айынды Эл аралык кылмыштардын соту Карим Ханга карата кызматкерлерге сексуалдык ыдык көрсөткөн деп козголгон кылмыш иш боюнча иликтөө бүткөнгө чейин аны административдик өргүүгө чыгарганын маалымдаган. Ал эми август айынын соңунда британиялык The Guardian басылмасы Ханга ушундай эле кылмыш боюнча дагы бир айып тагылганын жазган. Эске салсак, 2023-жылы Хан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Эл аралык кылмыштардын сотуна Россиянын бир нече жаранын камакка алуу үчүн ордер алуу боюнча өтүнүч менен кайрылган. Аталган инстанциянын соттору бул документтин негизинде Владимир Путин менен балдардын укугу боюнча акыйкатчы Мария Львова-Беловага карата мыйзамсыз чечим чыгарган.
https://sputnik.kg/20260624/el-aralyk-kylmysh-sotun-adegende-ozun-tazalap-alyshy-zaryldygyn-aytyshty-1102063421.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/19/1102603016_253:0:2984:2048_1920x0_80_0_0_55cafada56fdffaa76dc72b3562a9776.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, карим ханджеза, прокурор, эл аралык кылмыш соту , кызмат
дүйнөдө, россия, карим ханджеза, прокурор, эл аралык кылмыш соту , кызмат
Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер сураган прокурорду иштен алды
10:44 25.07.2026 (Жаңыртылды: 11:11 25.07.2026) БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Эл аралык кылмыштардын сотунун (МУС) Рим статутуна мүчө мамлекеттердин ассамблеясы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган башкы прокурор Карим Ханды кызматтан четтетти. Бул тууралуу ассамблеянын президенти Пяйви Каукоранта маалымдаганын
РИА Новости агенттиги жазды. "Мүчө мамлекеттердин ассамблеясы көпчүлүк добуштун негизинде Рим статутунун 46-беренесинин 2b пунктуна ылайык, прокурор Карим Ханды кызматынан чететтүү боюнча чечим кабыл алды", — деген Каукоранта Нью-Йоркто добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялап жатып.
Reuters басылмасынын жеке булактарынын маалыматы боюнча, Сотко мүчө болгон 125 мамлекеттин ичинен 82си аны кызматтан кетирүүгө "макул" деген добуш берген.
2025-жылдын май айынды Эл аралык кылмыштардын соту Карим Ханга карата кызматкерлерге сексуалдык ыдык көрсөткөн деп козголгон кылмыш иш боюнча иликтөө бүткөнгө чейин аны административдик өргүүгө чыгарганын маалымдаган. Ал эми август айынын соңунда британиялык The Guardian басылмасы Ханга ушундай эле кылмыш боюнча дагы бир айып тагылганын жазган.
Эске салсак, 2023-жылы Хан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Эл аралык кылмыштардын сотуна Россиянын бир нече жаранын камакка алуу үчүн ордер алуу боюнча өтүнүч менен кайрылган. Аталган инстанциянын соттору бул документтин негизинде Владимир Путин менен балдардын укугу боюнча акыйкатчы Мария Львова-Беловага карата мыйзамсыз чечим чыгарган.