https://sputnik.kg/20260725/byyyl-egemendlk-kn-31-avgustta-emes-11-12-sentyabrda-talasta-belgilenet-1102604351.html
Быйыл Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Таласта белгиленет
Быйыл Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Таласта белгиленет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Талас шаарында белгиленет. Бул тууралуу Министрлер... 25.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-25T12:17+0600
2026-07-25T12:17+0600
2026-07-25T12:17+0600
кыргызстан
талас
адылбек касымалиев
кыргызстандын эгемендүүлүк күнү
майрам
жыйын
https://sputnik.kg/img/07e8/09/05/1088441565_0:103:3273:1944_1920x0_80_0_0_146bd75ef04ee78b74b9014e7d38044c.jpg
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Талас шаарында белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.Билдирүүгө ылайык, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-июлда, Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Минкаб төрагасы акыркы жылдары пезиденттин колдоосу менен Талас облусунда социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган. Айтымында, бир катар объектилер Эгемендүүктүн 35 жылдыгына карата быйыл пайдаланууга берилет. Ошондой эле Талас районунда "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплекси, Айтматов районунда "Айтматов Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси курулуп жатканын эске салган. Муну менен катар Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык унаа жолун реконструкциялоонун стратегиялык маанисин жана "Бала-Саруу" чакан ГЭСин белгилеген. Мындан тышкары, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөргөн. Анда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча бир катар тапшырмалар берилген.
https://sputnik.kg/20260324/talasta-salynyp-zhatkan-9-obektinin-kurulushu-1100400383.html
талас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/05/1088441565_272:0:3001:2047_1920x0_80_0_0_9320e0093868cbe9e245d2ab1591cf35.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, талас, адылбек касымалиев, кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, жыйын
кыргызстан, талас, адылбек касымалиев, кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, жыйын
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бул жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Талас шаарында белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-июлда, Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
"Кыргыз эли байыртадан бери эр жүрөк жана баатыр эл. Талас – Манастын, Чолпонбай Түлөбердиевдин жана Чыңгыз Айтматовдун жери. Бул – Кыргызстанды эрдиги, таланты жана эмгеги менен даңктаган көрүнүктүү инсандарды тарбиялаган ыйык жер", — деген ал аймактын тургундарына кайрылуусунда.
Минкаб төрагасы акыркы жылдары пезиденттин колдоосу менен Талас облусунда социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган. Айтымында, бир катар объектилер Эгемендүүктүн 35 жылдыгына карата быйыл пайдаланууга берилет. Ошондой эле Талас районунда "Манас Ордо" тарыхый-маданий комплекси, Айтматов районунда "Айтматов Ааламы" маданий-мемориалдык комплекси курулуп жатканын эске салган. Муну менен катар Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык унаа жолун реконструкциялоонун стратегиялык маанисин жана "Бала-Саруу" чакан ГЭСин белгилеген.
Мындан тышкары, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөргөн. Анда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына майрамды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча бир катар тапшырмалар берилген.