00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2027-жылдан тартып пластик буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат : ордуна эмне колдонобуз?
15:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Адылбек Касымалиев “Айтматов ааламы” тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушун текшерди Таластагы долбоордун жалпы аянты 6,5 гектарды түзөт. Анын курулушуна 150 млн сом каралган. Комплекстин аймагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы үй-музейи, кинотеатр, китепкана жана мейманкана каралган.
Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында орун алды. Салтка айланган достук маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулап, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы жана Перс булуңундагы кырдаал боюнча пикир алмашты. Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн өз ара кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-иран соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Салык кызматы жеке ишкерликтин күбөлүгүн санариптештирди Мекеменин маалыматына караганда, мурдагы кагаз күбөлүктүн бардыгы санарипке өттү. Документти салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен көчүрүп алууга болот. Буга чейин жеке ишкер күбөлүгүн жоготуп алса, анын жоголгону жана жараксыз деп табылганы тууралуу гезитке жарыя берүүгө милдеттүү болчу. Эми мындай талап жоюлду. Бул жаңылык өзгөчө 2022-жылга чейин катталган жеке ишкерлер үчүн пайдалуу. Анткени ошол убакка чейин каттоо күбөлүгү кагаз түрүндө берилчү.
Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Таласта өтөт. Бул тууралуу минкабдан билдиришти. Эскерте кетсек, августтун аягы жана сентябрдын башында Кыргызстанда ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт.
Аймактык милиция өкүлдөрүнө 102 кызматтык автоунаа берилди ИИМдин 2026-жылдын биринчи жарым жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегия өтүүдө. Анын алкагында милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кызматтык автоунаалардын ачкычы тапшырылды.
Европа өлкөлөрү Россиянын энергетикалык ресурстарынан баш таркан соң АКШга ашкере көз каранды болуп калуудан чочулашууда. Бул тууралуу New York Times гезити жазган. "Европа күйүүчү майдын импортун бир кыйлага көбөйттү, өзгөчө АКШдан көп ташылган. Бул коргонуу жаатындагы жана энергетика тармагындагы жетекчилердин арасында кооптонууну жаратууда. Алардын айтымында, Европа Россиянын газынан баш тартуу менен Вашингтонго Европанын ички энергетикалык саясатына ашыкча таасир этүүгө шарт түзүшү мүмкүн", — деп жазат басылма. Маалыматта азыр Европа импорттогон суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен үчтөн экиси АКШдан келери белгиленген. Бул көрсөткүч 10 жылдан соң 80 пайызга жетиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0