00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз адабиятынын классиктери тууралуу кызыктуу фактылар

© Фото / Центральный государственный кинофонофотоархивКыргызская национальная филармония им. Токтогула Сатылганова отмечает 90-летие
Кыргызская национальная филармония им. Токтогула Сатылганова отмечает 90-летие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2026
Жазылуу
Кыргыз адабиятынын классиктеринин өмүр жолу белгилүү чыгармалары менен гана чектелбейт. Бул топтомдо Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, Токтогул Сатылганов, Аалы Токомбаев жана Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу маалыматтар берилди.
Макалада алардын балалыгы, билими, үй-бүлөсү, замандаштары, чыгармачылык псевдонимдери жана адабиятка келген жолу камтылган. Ошондой эле айрым чыгармаларынын жаралуу тарыхы, прототиптери, жарыкка чыгышына байланышкан тоскоолдуктар жана кол жазмаларынын тагдыры баяндалат.

Чыңгыз Айтматов

Ош шаарындагы бала бакчага барган. Атасы Төрөкул Айтматов менен апасы Нагима Айтматова түштүктө иштегендиктен, Чыңгыз 1932-1934-жылдары Оштогу No1 бала бакчада тарбияланган. Кийин үй-бүлө Фрунзеге көчкөндө да бала бакчага барууну уланткан.
Зоотехник болуп иштеп, эксперимент даярдаган. Айыл чарба институтун бүткөндөн кийин Кыргыз мал чарбачылыгы илим-изилдөө институтунда иштеген. Ал джерс тукумундагы бука менен Тянь-Шандын топоздорун аргындаштырууга уруксат алып, буканы Гатчинадан Жамбылга чейин жеткирген. Эксперименттин жыйынтыгы тууралуу маалымат сакталган эмес.
Алгач котормо жана анын теориясы менен алектенген. Студент кезинде котормо маселелери боюнча макалаларды жарыялаган. Басма менен келишим түзбөстөн Михаил Бубенновдун "Ак кайың", Валентин Катаевдин "Полктун уулу" повесттерин кыргызчага, Түгөлбай Сыдыкбековдун "Тоо арасында" романынан айрым бөлүктөрдү орусчага которгон.
Илимий жолго түшүшү мүмкүн эле. Академик Михаил Лущихин Айтматовду аспирантурага алып, илим чөйрөсүнө тартууга кызыккан. Бирок документиндеги "контрдун баласы" деген белги бул ишке тоскоол болгон. Лущихин жаш адистин Фрунзеде калып иштешине жардам берген.
Президенттикке талапкер болуудан баш тарткан. Кыргызстанда президенттик кызмат жаңы киргизилгенде Казат Акматов баштаган бир нече адам Айтматовду өлкө башчылыгына көрсөтүүнү сунуштаган. Жазуучу бул сунуштан сылык баш тарткан.

Алыкул Осмонов

Балдар үйүндө чоңойгон. Акын жаш кезинде атасы Осмондон да, апасы Алтындан да ажыраган. Үч бир тууган алгач аяш атасы Касымдын колунда калып, кийин Алыкул Пишпектеги, андан соң Токмоктогу No2 жетим балдар үйүндө тарбияланган.
Он жашынан тартып ырлары дубал гезитке чыккан. Анын ырлары 1925-жылдан тарта Токмок балдар үйүнүн дубал гезитине жарыялана баштаган. Акын өз эскерүүсүндө 13 жашында окуган "Жайлоо" аттуу аңгеме көркөм чыгарма жазууга болгон кызыгуусун күчөткөнүн айткан.
Алгачкы котормосун студент кезинде жасаган. Осмонов 1929-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, "Кызыл учкун" адабий ийримине катышкан. Ошол жылы Пушкиндин "Зимний вечер" ырын биринчи жолу кыргызчага которгон.
Бир жыйнагынын кол жазмасын өрттөп салган. Акын 1939-1941-жылдары өзүнүн тагдыры, оорусу жана турмуш тууралуу ырларды жазган. Мындай чыгармаларды жарыялоо кыйын болгондуктан, 1941-жылы жыйнагынын кол жазмасын толугу менен өрттөгөн.
"Махабат" жыйнагы 76 беттен турган. Китеп 1945-жылы жарык көрүп, анда жашоо, сүйүү, өмүр жана өлүм тууралуу ырлар топтолгон. Жыйнакка жакшы пикирлер айтылганы менен 1946-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитине Мидин Алыбаевдин аны кескин сындаган макаласы чыккан.
"Бөбөккө" ыры кызынын өлүмүнөн кийин жазылган. Алыкул менен Зейнептин Жыпар аттуу кызы айына жетпей чарчап калган. Акын бул кайгысын чагылдырган "Бөбөккө" ырын 1944-жылдын 30-ноябрында жазган.

Токтогул Сатылганов

Туулган жылы боюнча бир нече маалымат бар. Ар кандай маалыматтарда 1859, 1860, 1864 жана 1867-жылдар көрсөтүлөт. Акындын "Кыйындык түштү башыма" ырындагы жашы боюнча эсептегенде 1864-жыл чыгат. Бирок бул маселе дагы тактоону талап кылат.
Туулган жери да ар башкача жазылып жүрөт. Сасык-Жийде, Кушчу-Суу, Арым, Кутчу-Суу, Кутчу-Сай, Саз-Жийде, Мазар-Сай, Чолпон-Ата жана Кыша деген жер аттары кездешет.
Бир нече белгилүү өнөрпоздон таалим алган. Эскерүүлөрдө Токтогулдун устаттары катары Көчүбай, Ныязалы Борош уулу, Чоңду, Сартбай Байжигит уулу, Орозаалы, Нурмолдо Наркул уулу, Жаныш, Айтыке жана Найманбай аталат. Өз кезегинде Токтогулдун айланасында 60тай шакирт жүргөнү айтылат.
Сибирге чейинки жолу тууралуу маалыматтар айырмаланат. Эсенгул Малгараевдин эскерүүсүндө сүргүндөгүлөр адегенде пароход, андан соң поезд менен Саратовго, кийин Москва түрмөсүнө жеткирилгени айтылат. Токтогулдун түрмөдө канча жыл отурганы жана качан кайтып келгени боюнча да бир нече версия бар.
Анын 18 күүсү 1928-жылы нотага түшүрүлгөн. Музыка изилдөөчү Александр Затаевич Фрунзеге келип, Токтогулдун "Тогуз кайрык", "Миң кыял", "Шыңгырама кыз ойготор", "Алайдын миң кыял", "Токтогулдун кербези" жана башка күүлөрүн жазып алган.

Аалы Токомбаев

Туулган күнүн өзү тандап алган. Расмий документтерде Аалы Токомбаевдин туулган күнү 7-ноябрь деп көрсөтүлгөн. Жазуучу эскерүүлөрүндө Октябрь революциясы жеңген күндү жаңы жашоосунун башталышы катары кабыл алып, аны туулган күнү деп белгилегенин жазган.
Адабиятка кызыгуусуна апасы таасир берген. Энеси Уулбала элдик ырларды, жомокторду, кошокторду, табышмактарды жана жаңылмачтарды жакшы билген. Токомбаев өзүнүн адабий шыгы апасы айткан чыгармалардын таасири менен калыптанганын эскерген.
Үркүндө беш бир тууганынан ажыраган. 1916-жылы үй-бүлөсү менен Кытайга качкан. Ал жакта ачарчылык жана келте оорусунан беш бир тууганы каза болгон. Кыргызстанга кайтып келе жатканда атасынан, андан көп өтпөй апасынан ажырап, кайыр сурап күн көргөн.
Жубайы менен студент кезинде таанышкан. Аалы Токомбаев Зейнеп Сатбаева менен Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде окуп жүргөндө, 1926-жылы баш кошкон. Алар төрт балалуу болушкан.
Чалкар жана Балка деген каймана аттарды колдонгон. Бул чыгармачылык ысымдар акындын алгачкы эмгектеринен тартып кездешет. Анын "Октябрдын келген кези" аттуу ыры 1924-жылы "Эркин-Тоо" гезитинин биринчи санына жарыяланган.
Камакка алынгандан кийин мурдагы эмгектери жок кылынган. Аалы Токомбаев 1937-жылы "улутчул" жана "Япониянын пайдасына иштеген" деген жалган айып менен камалып, 1939-жылы бошотулган. Ошол учурда анын камакка чейинки чыгармалары жок кылынган.
"Мезгил учат" повестинин прототиби Гапар Айтиев болгон. Повесттеги Жапардын образы сүрөтчү Гапар Айтиевдин өмүрүнө негизделген. Токомбаев чыгарма жазарда Айтиев менен бир нече жолу сүйлөшүп, анын балалыгы, үй-бүлөсү жана сүрөтчү болгонго чейинки жолу тууралуу маалыматтарды чогулткан. Повесть 1947-жылы жазылып, адабий конкурста сыйлык алган.

Түгөлбай Сыдыкбеков

Адабияттан башка кесип боюнча билим алган. Сыдыкбеков 1928-1931-жылдары Фрунзедеги айыл чарба техникумунда, андан соң Ашхабаддагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.
Чыгармачылыгын ыр жазуудан баштаган. Анын "Булар кимдер?" аттуу ыры 1930-жылы "Ленинчил жаш" гезитине жарыяланган. Кийин "Чал комузу" поэмасын, "Күрөш", "Баатырлар" жана "Акын-булбул" жыйнактарын чыгарган.
"Капкакбай" поэмасынын биринчи кол жазмасы жоголгон. Чыгарма 1920-жылдардын аягында жазылган. Кол жазма жарыкка чыга электе жоголгондон кийин автор поэманын экинчи вариантын түзгөн.
"Кең-Суу" кийин "Тоо арасында" болуп өзгөргөн. Жазуучу романды кайра иштеп, окуяларын кеңейтип, жаңы образдарды киргизген. Жаңыланган чыгарманын биринчи китеби 1955-жылы, экинчиси 1958-жылы чыккан.
"Биздин замандын кишилери" чет тилдерге которулган. Согуш жылдарындагы кыргыз колхоздорунун турмушуна арналган роман 1948-жылы кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. Кийин башка тилдерге которулуп, авторго СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
"Көк асаба" көп жыл жарыяланбай турган. Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхына арналган роман тоталитардык доордо басылбай, окурмандарга 1989-жылы гана жеткен.
Писатель Чингиз Айтматов с супругой Марией Акматовой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2025
Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат
Жаңылыктар түрмөгү
0