https://sputnik.kg/20260629/partizandar-menen-zhashyruun-toptordun-erdikteri-1102140356.html
Партизандар менен жашыруун топтордун каармандыктары. Тарыхый видео
Партизандар менен жашыруун топтордун каармандыктары. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россияда 29-июнду Партизандар жана подпольеде иштегендер күнү деп белгилеп келишет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде 1200гө... 29.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-29T20:12+0600
2026-06-29T20:12+0600
2026-06-29T20:25+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
партизандар
душман
рельс
поезд
жардыруу
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102140139_0:170:3040:1880_1920x0_80_0_0_ae9a0e016cbd7b84b80d8a489687efe2.jpg
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россияда 29-июнду Партизандар жана подпольеде иштегендер күнү деп белгилеп келишет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде 1200гө чукул партазиндык отряддар жана бириккен топтор болгон. Алардын саны миллион адамга жеткен. 128 миңге чукул каарман адамдар орден жана медалдар менен сыйланган. 248ине Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Партизандык отряддарга эркектер, аялдар, өспүрүмдөр, ар улуттагы жана ар башка диндеги адамдар да улам келип кошулуп турган. Алардын арасында курчоодо калган же туткундан качып чыккан аскер кызматкерлери да көп болгон. Партизандардын негизги милдети баскынчылардын ооруктагы иштерин аксатуу эле. Алар: логистиканы талкалоо, чалгындоо жана байланыш иштерин жүргүзүү, маалыматтык согуш, калк менен ресурстарды Германияга ташып кетүүдөн коргоо жана башка ушул сыяктуу толгон-токой милдеттер болчу. Диверсиялык аракеттер партизандардын эң маанилүү максаттарынын бири эле. Бул иштер душмандын ооруктагы абалын кадимкидей чачыранды кылып, үзгүлтүккө учуратууга мүмкүндүк берген. Колдон жасалган миналардын түзүлүшү жөнөкөй болгону менен аларды колдонуу абдан кооптуу эле. 1942-жылдын сентябрь-октябрь айларында СССРдин Ок-дарылар элдик комиссариатына караштуу №6 Илим-изилдөө институтунун Москвадагы филиалы партизандар үчүн өрттөөчү бомбалардын бүтүндөй бир сериясын иштеп чыккан. Бирок борбордук бийликтин көрсөткөн жардамына карабастан миналар баары бир жетишсиз эле. Партизандар жардыргыч заттарды өздөрү табышкан. Аларды салгылашуу болгон талаалардан табылган же душмандан тартып алынган артиллериялык снаряддардан жана жарылбай калган авиабомбалардан, ок-дарылардан эритип же оюп алышчу. Согуш жылдарында партизандар душмандын 4 000ден ашык сооттолгон машинасын иштен чыгарып, 58 бронепоездди жана 12 000ден ашык көпүрөнү жардырышкан. Ошондой эле 65 000 автомашинаны, 1 100дөн ашык учакты жок кылышып, 20 000ден ашык темир жол эшелонун рельстен тайдырат. Муну менен бирге 10 000ден ашык паровозду жана 110 000 вагонду иштен чыгарып, каршылаштын кургактагы аскерлеринин 10 пайыздан ашыгын согуштан алагды кылган.
https://sputnik.kg/20260623/bagration-bayany-sovettik-askerlerdin-partizandardyn-kaarmandygy-1102035928.html
ссср
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/1d/1102140139_155:0:2886:2048_1920x0_80_0_0_ef7911b3e556d057fe6a43d99978093b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, партизандар, душман, рельс, поезд, жардыруу
ссср, улуу ата мекендик согуш, партизандар, душман, рельс, поезд, жардыруу
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Россияда 29-июнду Партизандар жана подпольеде иштегендер күнү деп белгилеп келишет. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында СССРде 1200гө чукул партазиндык отряддар жана бириккен топтор болгон. Алардын саны миллион адамга жеткен. 128 миңге чукул каарман адамдар орден жана медалдар менен сыйланган. 248ине Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Партизандык отряддарга эркектер, аялдар, өспүрүмдөр, ар улуттагы жана ар башка диндеги адамдар да улам келип кошулуп турган. Алардын арасында курчоодо калган же туткундан качып чыккан аскер кызматкерлери да көп болгон. Партизандардын негизги милдети баскынчылардын ооруктагы иштерин аксатуу эле.
Алар: логистиканы талкалоо, чалгындоо жана байланыш иштерин жүргүзүү, маалыматтык согуш, калк менен ресурстарды Германияга ташып кетүүдөн коргоо жана башка ушул сыяктуу толгон-токой милдеттер болчу. Диверсиялык аракеттер партизандардын эң маанилүү максаттарынын бири эле. Бул иштер душмандын ооруктагы абалын кадимкидей чачыранды кылып, үзгүлтүккө учуратууга мүмкүндүк берген.
Колдон жасалган миналардын түзүлүшү жөнөкөй болгону менен аларды колдонуу абдан кооптуу эле. 1942-жылдын сентябрь-октябрь айларында СССРдин Ок-дарылар элдик комиссариатына караштуу №6 Илим-изилдөө институтунун Москвадагы филиалы партизандар үчүн өрттөөчү бомбалардын бүтүндөй бир сериясын иштеп чыккан.
Бирок борбордук бийликтин көрсөткөн жардамына карабастан миналар баары бир жетишсиз эле. Партизандар жардыргыч заттарды өздөрү табышкан. Аларды салгылашуу болгон талаалардан табылган же душмандан тартып алынган артиллериялык снаряддардан жана жарылбай калган авиабомбалардан, ок-дарылардан эритип же оюп алышчу.
Согуш жылдарында партизандар душмандын 4 000ден ашык сооттолгон машинасын иштен чыгарып, 58 бронепоездди жана 12 000ден ашык көпүрөнү жардырышкан. Ошондой эле 65 000 автомашинаны, 1 100дөн ашык учакты жок кылышып, 20 000ден ашык темир жол эшелонун рельстен тайдырат. Муну менен бирге 10 000ден ашык паровозду жана 110 000 вагонду иштен чыгарып, каршылаштын кургактагы аскерлеринин 10 пайыздан ашыгын согуштан алагды кылган.