00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Если разобраться...
Скот, яблоки, спутник и 300 архаров - 25 сентября
12:05
61 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
Жыгач таңгак жана пепино мозаика вирусу: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?
13:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмдөө календары жаңыртылат: ГАВИге жаңы өтүнмө даярдалууда
15:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмдөө календары жаңыртылат: ГАВИге жаңы өтүнмө даярдалууда
21:07
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Баш калаадагы жолдордун сапатына нааразы болгон Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Бишкек мэриясындагыларды блогер болуп кеттиңер деп сындады. Ал парламентте шаар башчысы Айбек Жунушалиевге кайрылып, муниципалитеттин ишинин сапатына ичи чыкпагандыгын айтты. Эл өкүлү жолду оңдоо боюнча түзүлгөн долбоорду мэрия баштап, анан подрядчыга өткөрүп берерин, бирок аягында мэриянын атайын департаменти сапатты көзөмөлдөшү керектигин эске салды. "Жарымыңардан көбүңөр блогер болуп кеттиңер. Болгула, каршы эмесмин, бирок ишиңерди көрсөткүлө да. Анан калп айтпагыла, туура эмес маалыматтарды элге таратпагыла да..." — деди депутат. Оңдоо иштеринде жолдун жабык турганы элди жүдөтүп жаткандыгын кошумчалады. "Мыйзамдар силер мэр болуп келгичекти, силер министр болуп келгичекти эле жазылган. Силер ошого баш ийишиңер керек. Андай болбой, мыйзамдарды карабаганыңардан ушундай көйөгөйлөр чыга баштады", — деди Көкүлов. Буга чейин ЖКнын дагы бир депутаты Болот Ибрагимов Бишкектин жаңы салынган жолдорунун сапаты тууралуу көйгөйдү көтөрүп, видео менен көрсөткөн.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Россиянын Улуттук гвардиясынын директору – Улуттук гвардия аскерлеринин башкы командачысы Виктор Золотов менен жолугушту. ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында ИИМ менен Россиянын Улуттук гвардиясынын ортосунда 2027–2029-жылдарга биргелешкен иш-аракеттер программасы түзүлүп, ага кол коюлду.
Жалал-Абаддын Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын каза болушуна байланыштуу милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги маалымат жыйында белгилүү болду. Агартуу министрлиги кечээ атайын комиссия түзүлгөнүн кабарлаган. Эске салсак, 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалган. Ал эми 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары төрт окуучу кармалган. Жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкери Эрнис Дүйшөнбеков маалымат жыйында балдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 41 пайызга азайганын белгиледи.
Январь-июль айларында Кыргызстан 1,5 млн жуптан ашык байпак экспорттогон. Анын басымдуу бөлүгү — 1 млн 440 миң жуп — Россия жана Казакстанга, башкача айтканда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Ошондой эле Өзбекстан менен Тажикстан 10 миң жуптан ашык сатып алган. Мындан тышкары, кыргыз байпактары Кытайга (3,4 миң жуп) да кетет. Бирөөнүн АКШга бир жуп байпак ала кеткени да статистикага илинип калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0