https://sputnik.kg/20260925/1103887742.html
Молдалиев: тарыхый окуяларды коомдук уюмдар да, мамлекет да эскерип, баалашы керек
Молдалиев: тарыхый окуяларды коомдук уюмдар да, мамлекет да эскерип, баалашы керек
Sputnik Кыргызстан
Ленинград блокадасына 85 жыл болду. Мындай тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек. 25.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-25T09:04+0600
2026-09-25T09:04+0600
2026-09-25T14:57+0600
кыргызстан
ленинград блокадасында
эскерүү
тарых
радио
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103895783_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f10217eba6bbbc73c337504f0c2fc34f.jpg
Молдалиев: тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек
Sputnik Кыргызстан
Ленинград блокадасына 85 жыл болду. Мындай тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек. Мындай пикирин “Күн башат” уктуруусунда Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев билдирди.
“Ленинград блокадасы — Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эң оор жана трагедиялуу окуялардын бири. Апаат 1941-жылдын 8-сентябрында башталып, 1944-жылдын 27-январында толук алынган. Блокада 872 күнгө созулган. Германиянын аскерлери жана алардын союздаштары Ленинградды курчоого алып, шаарды өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган негизги жолдорду үзүшкөн. Шаарда азык-түлүк, отун жана дары-дармек жетишсиз болуп, эл ачарчылыкка, суукка жана ооруларга дуушар болгон. Блокада учурунда жүз миңдеген адамдар каза болгон, алардын басымдуу бөлүгү ачарчылыктан жана оорудан көз жумган карапайым тургундар болгон. Шаарды азык-түлүк жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууда Ладога көлү аркылуу өткөн "Өмүр жолу" өзгөчө мааниге ээ болгон. Кышында көл тоңгон кезде жүк ташуучу унаалар муз үстү менен каттап турган. 1944-жылдын 27-январында советтик аскерлер Ленинграддын блокадасын толук бошотушкан. Учурда жаштар үчүн 80–90 жыл мурдагы согуш окуялары алыстап кеткендей. Андыктан мындай тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек”,— деди Молдалиев.
Ал азыркы күндүн баатырлары болгон эрдик көрсөткөн аскер кызматкерлеринин каармандыгы мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде бааланбай келе жатканын кошумчалады.
Мындай пикирин “Күн башат” уктуруусунда Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев айтты. Ленинград блокадасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эң оор жана трагедиялуу окуялардын бири экенин айткан Модалиев апаат 1941-жылдын 8-сентябрында башталып, 1944-жылдын 27-январында толук алынганын эске салды. Блокада 872 күнгө созулган. Ал ушу тапта эрдик көрсөткөн аскер кызматкерлеринин каармандыгы мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде бааланбай келе жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/19/1103895783_234:0:2965:2048_1920x0_80_0_0_ff6c85dc30f2d8d46a82a26bceb30a3f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ленинград блокадасында, эскерүү, тарых, аудио
кыргызстан, ленинград блокадасында, эскерүү, тарых, аудио
Молдалиев: тарыхый окуяларды коомдук уюмдар да, мамлекет да эскерип, баалашы керек
09:04 25.09.2026 (Жаңыртылды: 14:57 25.09.2026) Ленинград блокадасына 85 жыл болду. Мындай тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек.
Мындай пикирин “Күн башат” уктуруусунда Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, отставкадагы полковник Сатыбек Молдалиев айтты.
Ленинград блокадасы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эң оор жана трагедиялуу окуялардын бири экенин айткан Модалиев апаат 1941-жылдын 8-сентябрында башталып, 1944-жылдын 27-январында толук алынганын эске салды. Блокада 872 күнгө созулган.
"Германия аскерлери жана алардын союздаштары Ленинградды курчоого алып, шаарды өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган негизги жолдорду үзүшкөн. Шаарда азык-түлүк, отун жана дары-дармек жетишсиз болуп, эл ачарчылыкка, суукка жана ооруларга дуушар болгон. Блокада учурунда жүз миңдеген адамдар каза болгон, алардын басымдуу бөлүгү ачарчылыктан жана оорудан көз жумган карапайым тургундар эле. Шаарды азык-түлүк жана башка керектүү нерселер менен камсыз кылууда Ладога көлү аркылуу өткөн "Өмүр жолу" өзгөчө мааниге ээ болгон. Кышында көл тоңгон кезде жүк ташуучу унаалар муз үстү менен каттап турган. 1944-жылдын 27-январында советтик аскерлер Ленинградды толук бошотушкан. Учурда жаштар үчүн 80-90 жыл мурдагы согуш окуялары алыстап кеткендей. Андыктан мындай тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек”,— деди Молдалиев.
Ал ушу тапта эрдик көрсөткөн аскер кызматкерлеринин каармандыгы мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде бааланбай келе жатканын кошумчалады.