00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы атаандаштык жөнүндө жаңы мыйзам: бизнес үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?
21:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Албаниянын президенти Байрам Бегай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыктын актуалдуу маселелери, келечектеги өнөктөштүк багыттары талкууланган. Жапаров кыргыз-албан мамилелеринде жаңы этап башталарын белгилеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле туризм, транспорт жана санариптик өнүгүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле түз аба каттамдарын ачуу маселесине көңүл буруп, Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарылганын белгиледи. Өз кезегинде Байрам Бегай эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, ар кыл багыттарда кызматташууга даяр экенин билдирди. Натыйжада тараптар кыргыз-албан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мамлекетке өттү делген мүлкү эмне болгонуна кызыкты. Эл өкүлү ишкерлер УКМКга мүлк жана жер тилкелерин "өз каалоосу" менен өткөрүп бергенин белгилеп, бирок иш жүзүндө эч ким өз эрки менен бербегенин айтты. "Бул маселеге саясий чекит коюу керек, анткени УКМК кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, мүмкүн адамдарды ур-токмокко алып, кысым көрсөтүшкөндүр. Мындай учурлар канча болду? Көлбаевдин мүлктөрү каякта? Бүт мамлекетке түшкөн эмес турбайбы", — деди Бекешев. Ошондой эле ал жогорудагы маселелер боюнча саясий чечим чыгаруу керектигин айтты. "Антпесек, бул аракеттер тарыхта "туура эле болгон" деп калып калат. Башка кишилерге үлгү болушу мүмкүн. Дагы бир УКМКчы келип алып баарын жазаласа кантебиз? Мыйзамды талап кылгандар адегенде өздөрү мыйзамды бузбашы керек", — деди депутат.
Ысык-Көл форуму өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого чоң салым кошот, ошондой эле анын тынчтыкты жана маданий байланышты бекемдөөдөгү ролу абдан зор. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев билдирди. Казакстан президентинин иш-чаранын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун анын кеңешчиси Бауыржан Омаров окуп берди. Токаев өз билдирүүсүндө Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын эл аралык майдандагы кадыр-баркы өсүп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген. "Казакстан бир тууган өлкө катары Кыргызстандын жетишкендиктерине ар дайым кубанып, демилгелерин колдойт", — деди Казакстандын лидери.
ӨКМ бүгүндөн баштап 22-июнга чейин күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. "Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0