https://sputnik.kg/20260618/1101955511.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун идеяларына таянып, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы маданий жана цивилизациялык байланышты түзүүнү... 18.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-18T17:00+0600
2026-06-18T17:00+0600
2026-06-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101955345_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_274f671796a1990f3e637eacd2072e02.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун идеяларына таянып, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы маданий жана цивилизациялык байланышты түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди. Президент бүгүнкү күндүн башкы коркунучтарына: климаттык кризисти алдын алууга, жасалма интеллектини (ЖИ) чектен ашык колдонууну тизгиндөөгө жана адамдык баалуулуктарды сактап калууга биргелешип интеллектуалдык жооп издөө зарылдыгын белгиледи. "Бүгүн дүйнөдө карама-каршылыктар күчөп, согуш тутанып жаткан убак. Ошону менен бирге жаратылыш кырсыктары да көбөйүп, глобалдык жылуулук негизги көйгөйгө айланды. Мындай шартта бир маанилүү суроо туулат: өз максатына жетүү үчүн баарына барган саясатчылардан айырмаланып, калем кармаган акылман, интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат? Бул абдан жөнөкөй, бирок салмактуу суроо. Адамзат азырынча буга толук жооп таба элек", — деди Жапаров.
Россиянын президенти Владимир Путин Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларына салам жолдоду. Анын кайрылуусун мамлекеттик саясат боюнча гуманитардык чөйрөдөгү башкармалыгынын башчысы Валерий Бочарников окуду. Путиндин пикиринде, форумда цивилизация жана диндер аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат. "Форумдун кадыр-баркы, эксперттик жана бириктирүүчү потенциалы бүгүн дүйнө өзгөрүп жаткан учурда өзгөчө актуалдуу жана абдан керектүү", — деп белгилеген Россиянын президенти. Ошондой эле гуманизм идеялары тарыхый чындыкты сактоого жана жалпы маданий, руханий мурасты коргоого өбөлгө түзөрү айтылган. Белгилей кетсек, форум ишин бүгүн баштады. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Улуу Британия, Япония, Италия жана Испания сыяктуу бир катар өлкөлөр катышууда.
Үч чыгармачыл адам адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Алар - Адабият жаатында жазуучу Ишен Айтмамбетов "Бет-Алман" тарыхый романы үчүн; Музыкалык искусство жаатында композитор-обончу, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков "Боз жорго" музыкалык чыгармасы үчүн;. Киноискусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадыровго Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-даректүү киноэпопеясы үчүн берилген.
Кыргызстан АКШ менен Ирандын кепке келип, тынчтык келишимин түзүшүн кубаттайт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Бишкек процесске катышып жаткан бардык тараптарга, ШКУга мүчө Пакистанга азыркы натыйжага жеткирген активдүү ортомчулук иштери, сабырдуулугу үчүн ыраазылык билдирген. "Кыргызстан пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринин негизинде, бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү ырааттуу колдойт. Бул келишимге расмий кол коюлуп, ал аймакта туруктуу жана тынчтыктын узакка орношуна өбөлгө түзөт деген үмүттө", — деп айтылат. Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун билдирген.
Кыргызстан Чыңгыз Айтматовдун идеяларына таянып, Түндүк менен Түштүктүн, Батыш менен Чыгыштын ортосунда жаңы маданий жана цивилизациялык байланышты түзүүнү көздөйт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Чолпон-Атада өтүп жаткан Ысык-Көл эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди. Президент бүгүнкү күндүн башкы коркунучтарына: климаттык кризисти алдын алууга, жасалма интеллектини (ЖИ) чектен ашык колдонууну тизгиндөөгө жана адамдык баалуулуктарды сактап калууга биргелешип интеллектуалдык жооп издөө зарылдыгын белгиледи. "Бүгүн дүйнөдө карама-каршылыктар күчөп, согуш тутанып жаткан убак. Ошону менен бирге жаратылыш кырсыктары да көбөйүп, глобалдык жылуулук негизги көйгөйгө айланды. Мындай шартта бир маанилүү суроо туулат: өз максатына жетүү үчүн баарына барган саясатчылардан айырмаланып, калем кармаган акылман, интеллектуалдар дүйнө элине кандай багыт бере алат? Бул абдан жөнөкөй, бирок салмактуу суроо. Адамзат азырынча буга толук жооп таба элек", — деди Жапаров. Россиянын президенти Владимир Путин Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларына салам жолдоду. Анын кайрылуусун мамлекеттик саясат боюнча гуманитардык чөйрөдөгү башкармалыгынын башчысы Валерий Бочарников окуду. Путиндин пикиринде, форумда цивилизация жана диндер аралык диалогду өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат. "Форумдун кадыр-баркы, эксперттик жана бириктирүүчү потенциалы бүгүн дүйнө өзгөрүп жаткан учурда өзгөчө актуалдуу жана абдан керектүү", — деп белгилеген Россиянын президенти. Ошондой эле гуманизм идеялары тарыхый чындыкты сактоого жана жалпы маданий, руханий мурасты коргоого өбөлгө түзөрү айтылган. Белгилей кетсек, форум ишин бүгүн баштады. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Улуу Британия, Япония, Италия жана Испания сыяктуу бир катар өлкөлөр катышууда.Үч чыгармачыл адам адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Алар - Адабият жаатында жазуучу Ишен Айтмамбетов "Бет-Алман" тарыхый романы үчүн; Музыкалык искусство жаатында композитор-обончу, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков "Боз жорго" музыкалык чыгармасы үчүн;. Киноискусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадыровго Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-даректүү киноэпопеясы үчүн берилген.Кыргызстан АКШ менен Ирандын кепке келип, тынчтык келишимин түзүшүн кубаттайт. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Бишкек процесске катышып жаткан бардык тараптарга, ШКУга мүчө Пакистанга азыркы натыйжага жеткирген активдүү ортомчулук иштери, сабырдуулугу үчүн ыраазылык билдирген. "Кыргызстан пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдеринин негизинде, бир гана саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү ырааттуу колдойт. Бул келишимге расмий кол коюлуп, ал аймакта туруктуу жана тынчтыктын узакка орношуна өбөлгө түзөт деген үмүттө", — деп айтылат. Бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен өз ара түшүнүшүү боюнча макулдашууга кол койгонун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/12/1101955345_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0e28317480f6040c8e03b9269f577059.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио