00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Таарыныч, коркуу жана ачуулануу сыяктуу эмоциялардын адам организмине тийгизген таасири кандай?
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Жаңгак токойундагы табышмак: “Жалгыз аяк” тасмасынын сыры эмнеде?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы атаандаштык жөнүндө жаңы мыйзам: бизнес үчүн кандай өзгөрүүлөр болот?
21:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Албаниянын президенти Байрам Бегай менен Чолпон-Ата шаарында жолукту. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди. Маалымдалгандай, "Рух-Ордо" маданий борборунда Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, 40 жоокер турду. Лидерлер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн №2 Мамлекеттик резиденциянын конгресс-холлуна өтүштү. Белгилей кетсек, Албаниянын президенти расмий сапар менен Кыргызстанга кечээ келген. Анын алкагында сүйлөшүүлөр, ошондой эле маданий иш-чараларга катышуусу мерчемделген.
Оор кылмыштын беренеси коюлгандан кийин "75чилер иши" боюнча айыпталып жаткандардын баары камакка алынышы керек болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Эл өкүлү төрагага кайрылган. Ал каттын парламенттеги таржымалы толугу менен ачыкталып, документ кимдер аркылуу өткөнү жарыяланышы керек деген пикирде. Сыдыгалиев ошондой эле Камчыбек Ташиев кызматтан алынбаганда окуялар башка нукта өнүгүшү мүмкүн эле деп, кат эмне үчүн үч күн кечигип комитетке жөнөтүлгөнүн тактоо зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар "оор берене коюлгандан кийин фигуранттардын баары камалышы керек болчу, камап алып туруп тергөө жүргүзүп, сот процессинде да алар камалып турушу керек болчу" деди. Өз кезегинде ЖК төрагасы Марлен Маматалиев кат ошол кездеги төрага Нурланбек Тургунбек уулуна жолдонуп, андан кийин жардамчысы аркылуу мурдагы вице-спикер Чыңгыз Ажибаевге өткөнүн билдирди. Кийин документ Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушевге жөнөтүлгөн.
Ислан Жусупбаев Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында ЕЭКтин сайтына жарыяланды. 39 жаштагы Жусупбаев 2010-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган, 2014-жылы ошол эле университетте "эл аралык укук" багыты боюнча магистратураны бүтүргөн. Кыргызстандагы мамлекеттик органдар тутумундагы эмгек жолун 2010-жылдары борбордук аткаруу бийлигинин экономикалык жана фискалдык бөлүмдөрүндө баштаган. 2025-жылдын июнь айынан тартып ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министринин катчылыгында иштеп келген.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен украиналык качкындардын Европага кирген эрежелерин катаалдаштыруу боюнча аталган аймактагы өлкөлөрдүн башчыларына кат жолдоду. Бул туурасында Der Spiegel жазган. Макалада Германия жана ЕБдин башка мамлекеттери июндун башында эле алты саны аман, ишке жарактуу эркектердин биримдикке киришин чектөө ниетин билдиргени да жазылган. Эми буга Урсула фон дер Ляйен да ыктаганын көрсөтүп, аскердик качкындарга басым жасаганы айтылган. Буга чейин ЕБдин ички иштер боюнча комиссары Мангус Бруннер Киев 23 жаштан 60 жашка чейинки украин эркектеринин Европада убактылуу баш паанек алуу укугун жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0