https://sputnik.kg/20260617/1101932844.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Ысык-Көл облусунда "Бажы экосистемасы боюнча диалог" аттуу III эл аралык IT-конференция өз ишин баштады. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T18:59+0600
2026-06-17T18:59+0600
2026-06-17T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101932678_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_16448ca287fb9070304f59eb6cddc301.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Ысык-Көл облусунда "Бажы экосистемасы боюнча диалог" аттуу III эл аралык IT-конференция өз ишин баштады. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана IT-эксперттер катышууда. Конференцияда Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев белгилегендей, азыркы бажы органдары текшерүүчү гана эмес, эл аралык сооданын, логистиканын жана санариптик өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү экосистемасы болуп калды. Катышуучулар бажы тармагына жасалма интеллектти колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү жана товарлардын чек арадан өтүү процесстерин тездетүү маселелерин талкуулап жатышат. Конференцияда Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул алдыңкы ыкмалар Кыргызстандын бажы системасын санариптештирүүдө колдонулат.
Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы 1 миң 200дөн ашык эс алуу жайы болсо, анын 170тен ашыгын пансионаттар, миңге жакынын конок үйлөрү жана боз үй шаарчалары түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык контролдоо бөлүмүнүн башчысы Расулбек Жусупов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул эс алуу жайларынын негизги көйгөйү — таштанды жана саркынды суулар маселеси. "Ысык-Көл облусу боюнча негизинен 250дөн ашуун саркынды сууларды тазалоочу курулма бар. Конок үйлөрүнүн, эс алуу жайларынын көпчүлүгүнүн өздөрүнүн жергиликтүү тазалоочу курулмалары бар. Анын бардыгы Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларындагы чоң саркынды суу тазалоочу курулмаларга кошулган. Каракол, Балыкчы шаарларындагы курулмалардын көйгөйү чечилип, бардык конок үйлөрдүн саркынды суулары кошулууда. Бул жерде саркынды суулар тазаланып, лабораториялык үлгүлөрү алынып текшерилгенден кийин кайра Сары-Камыш айылындагы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Андан тышкары, Каракол шаарындагы саркынды суу тазалоочу курулма жакын арада бүткөрүлүп, маселе толугу менен чечилгени турат", — деди Жусупов.
Кыргызстанда оюнчуктун экспорту 20 эсе көбөйдү. Январь–март айларында жалпы 310 миңден ашык оюнчук сатылган. Анын ичинен 252 миңге жакыны ЕАЭБ өлкөсүнө кирген Россияга жөнөтүлгөн. Калган продукция Өзбекстанга, аз көлөмдө Түштүк Кореяга экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде болгону 17 миң даана оюнчук сатылган.
Бүгүн Ысык-Көл облусунда "Бажы экосистемасы боюнча диалог" аттуу III эл аралык IT-конференция өз ишин баштады. Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана IT-эксперттер катышууда. Конференцияда Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев белгилегендей, азыркы бажы органдары текшерүүчү гана эмес, эл аралык сооданын, логистиканын жана санариптик өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү экосистемасы болуп калды. Катышуучулар бажы тармагына жасалма интеллектти колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү жана товарлардын чек арадан өтүү процесстерин тездетүү маселелерин талкуулап жатышат. Конференцияда Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул алдыңкы ыкмалар Кыргызстандын бажы системасын санариптештирүүдө колдонулат. Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы 1 миң 200дөн ашык эс алуу жайы болсо, анын 170тен ашыгын пансионаттар, миңге жакынын конок үйлөрү жана боз үй шаарчалары түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык контролдоо бөлүмүнүн башчысы Расулбек Жусупов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул эс алуу жайларынын негизги көйгөйү — таштанды жана саркынды суулар маселеси. "Ысык-Көл облусу боюнча негизинен 250дөн ашуун саркынды сууларды тазалоочу курулма бар. Конок үйлөрүнүн, эс алуу жайларынын көпчүлүгүнүн өздөрүнүн жергиликтүү тазалоочу курулмалары бар. Анын бардыгы Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларындагы чоң саркынды суу тазалоочу курулмаларга кошулган. Каракол, Балыкчы шаарларындагы курулмалардын көйгөйү чечилип, бардык конок үйлөрдүн саркынды суулары кошулууда. Бул жерде саркынды суулар тазаланып, лабораториялык үлгүлөрү алынып текшерилгенден кийин кайра Сары-Камыш айылындагы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Андан тышкары, Каракол шаарындагы саркынды суу тазалоочу курулма жакын арада бүткөрүлүп, маселе толугу менен чечилгени турат", — деди Жусупов.Кыргызстанда оюнчуктун экспорту 20 эсе көбөйдү. Январь–март айларында жалпы 310 миңден ашык оюнчук сатылган. Анын ичинен 252 миңге жакыны ЕАЭБ өлкөсүнө кирген Россияга жөнөтүлгөн. Калган продукция Өзбекстанга, аз көлөмдө Түштүк Кореяга экспорттолгон. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде болгону 17 миң даана оюнчук сатылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101932678_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_de10fe05af8a7439fef769a95cd5781b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио