https://sputnik.kg/20260617/1101927773.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Россияга барат Минкаб башчысы 17-19-июнда Санкт-Петербург шаарында маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T17:00+0600
2026-06-17T17:00+0600
2026-06-17T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101927607_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_50a80aefee3ca49f702355f43244221f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Россияга барат Минкаб башчысы 17-19-июнда Санкт-Петербург шаарында маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышат.
Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлүп, маданияттуу кызматкерлерге сый акы кошулат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинде комиссиянын жыйынында билдирди. Аткаминер чечим жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү аракетине байланыштуу экенин белгилеген. "Чынында бул чечимди кабыл алуунун негизги себептеринин бири — жол эрежелеринин бузулушу. Айдоочулар накталай төлөм болгон учурда кошумча киреше табам деп эреже бузуп айдашат. Ошондуктан накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. 15 пайызы буга чейин көтөрүлдү, дагы ошончого көбөйтөбүз", — деди Алиев. Мындан тышкары, айдоочулардын тартиби жана жүргүнчүлөргө болгон маданияттуу мамилеси үчүн кошумча төлөм каралары белгиленди.
Бишкек ЖЭБинде алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, өнөктүктүн башкы максаты — кышта калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары менен курулмалары жаңыланууда. Бекитилген графикке ылайык, №12, №14, №23 жана №16 отказандары оңдоодон өткөрүлүүдө. Турбиналык агрегаттар боюнча да жумуштар жанданып, №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналар оңдоого алынган. Ал эми 2025-жылы башталган №7 турбиналык агрегатты капиталдык оңдоо иштери ушул жылы толугу менен аяктайт. Муну менен катар №3 жана №4 энергетикалык блоктору да иретке келтирилип жатат.
Украин аскерлери Россиянын Брянск облусунда беларустук футболчу балдардын командасы бара жаткан автобуска учкучсуз учуучу аппарат менен сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматкка караганда, балдар эс алуу үчүн Геленжик шаарына бара жатышкан. Автобустун ичинде жалпысынан 44 жүргүнчү, алардын 28и жаш футболчу болгон. Чабуулдун кесепетинен балдарды коштоп бара жаткан аял каза болду. Дагы алты адам жаракат алып, алардын төртөө өспүрүм экени айтылды. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Окуянын жагдайлары такталууда.
Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) башкы катчысы Као Ким Хорн уюмга мүчө өлкөлөр Россия менен кызматташууга умтуларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Ал Казань шаарында өтүп жаткан Россия — ассоциация бизнес-форумунун ачылышында сүйлөгөн. Хорндун айтымында, дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн шартында тараптар жеткирүү жолдорун бекемдеп, жаңы технологияларга инвестиция салып, туруктуу өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат. Ал кошумчалагандай, форумдун алкагындагы иштешүү кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого жана эки тарапка тең практикалык жыйынтыктарды алып келе турган өнөктөштүктү курууга жол ачат. РФ президенти Владимир Путин форумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда Россия менен АСЕАН кызматташтыктын олуттуу тажрыйбасын топтоп, туруктуу байланыштарды орнотконун жана келечек үчүн жакшы негиз түзүлгөнүн айтты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганын кабарлады.
Адылбек Касымалиев эки күндүк иш сапар менен Россияга барат Минкаб башчысы 17-19-июнда Санкт-Петербург шаарында маданий байланыштарды чыңдоо жана чыгармачыл демилгелерди өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышат.Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы көтөрүлүп, маданияттуу кызматкерлерге сый акы кошулат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рамиз Алиев Бишкек шаардык кеңешинде комиссиянын жыйынында билдирди. Аткаминер чечим жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү аракетине байланыштуу экенин белгилеген. "Чынында бул чечимди кабыл алуунун негизги себептеринин бири — жол эрежелеринин бузулушу. Айдоочулар накталай төлөм болгон учурда кошумча киреше табам деп эреже бузуп айдашат. Ошондуктан накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. 15 пайызы буга чейин көтөрүлдү, дагы ошончого көбөйтөбүз", — деди Алиев. Мындан тышкары, айдоочулардын тартиби жана жүргүнчүлөргө болгон маданияттуу мамилеси үчүн кошумча төлөм каралары белгиленди.Бишкек ЖЭБинде алдыдагы күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, өнөктүктүн башкы максаты — кышта калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Учурда станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле имараттары менен курулмалары жаңыланууда. Бекитилген графикке ылайык, №12, №14, №23 жана №16 отказандары оңдоодон өткөрүлүүдө. Турбиналык агрегаттар боюнча да жумуштар жанданып, №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналар оңдоого алынган. Ал эми 2025-жылы башталган №7 турбиналык агрегатты капиталдык оңдоо иштери ушул жылы толугу менен аяктайт. Муну менен катар №3 жана №4 энергетикалык блоктору да иретке келтирилип жатат.Украин аскерлери Россиянын Брянск облусунда беларустук футболчу балдардын командасы бара жаткан автобуска учкучсуз учуучу аппарат менен сокку урду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматкка караганда, балдар эс алуу үчүн Геленжик шаарына бара жатышкан. Автобустун ичинде жалпысынан 44 жүргүнчү, алардын 28и жаш футболчу болгон. Чабуулдун кесепетинен балдарды коштоп бара жаткан аял каза болду. Дагы алты адам жаракат алып, алардын төртөө өспүрүм экени айтылды. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Окуянын жагдайлары такталууда.Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) башкы катчысы Као Ким Хорн уюмга мүчө өлкөлөр Россия менен кызматташууга умтуларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Ал Казань шаарында өтүп жаткан Россия — ассоциация бизнес-форумунун ачылышында сүйлөгөн. Хорндун айтымында, дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн шартында тараптар жеткирүү жолдорун бекемдеп, жаңы технологияларга инвестиция салып, туруктуу өсүш үчүн шарттарды түзүп жатат. Ал кошумчалагандай, форумдун алкагындагы иштешүү кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого жана эки тарапка тең практикалык жыйынтыктарды алып келе турган өнөктөштүктү курууга жол ачат. РФ президенти Владимир Путин форумдун катышуучуларына жолдогон кайрылуусунда Россия менен АСЕАН кызматташтыктын олуттуу тажрыйбасын топтоп, туруктуу байланыштарды орнотконун жана келечек үчүн жакшы негиз түзүлгөнүн айтты. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турганын кабарлады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101927607_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e47cffa1d0a90d9ac5be92e925a0192c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио