00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Бирдиктүү санариптик карта: айыл чарбасындагы ачык-айкындуулуктун жаңы баскычы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө 12-июнда кол койду. Ага ылайык, депутаттарга бош убактысында педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүгө уруксат берилет. Мыйзамда билим берүү, илим жана чыгармачылык жаатындагы депутаттардын ишмердүүлүгүнө аныктама берилип, ал үчүн сый акы алууга укуктуу экени так көрсөтүлгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Өзбекстанга барганын маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчыны Ташкент шаарындагы "Хумо" аэропортунан Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов тосуп алган. Сапардын алкагында Касымалиев V Ташкент инвестициялык эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сүйлөйт. Ошондой эле Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен жолугушууларды өткөрөт.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы омбудсмени Мехмет Акаржага кыргызстандык Эрмек Сабыржановдун кармалышы боюнча кат жиберди. 34 жаштагы Сабыржанов 26-майда Бишкек — Анкара — Түндүк Кипр багыты менен бара жатканда Анкара шаарындагы Эсенбога аэропортунан кармалган. Ал жалгыз эмес, үй-бүлөсү — жубайы, үч баласы менен болгон. Кармалган жигиттин туугандары акыйкатчы Жаманбаевага кайрылган. Ал Түркия менен Кыргызстандын Акыйкатчы институттарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумунун негизинде Акаржадан КРдин жаранынын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. "Кармалган жарандын жакындары бүгүнкү күнгө чейин кармоонун негиздери жана жагдайлары боюнча маалымат ала албай, кабатыр болуп жатышат. Жактоочу аркылуу жолугушуу уюштуруудан дагы жыйынтык чыккан эмес", — деп Жаманбаева түркиялык кесиптешине кайрылган.
10 жыл өткөндөн кийин Гаагадагы арбитраждык сот Украинанын Азов, Кара деңиздери жана Керч кысыгы боюнча дооматын четке какты. Бул туурасында РФтин ТИМи билдирди. Министрликтен Алжир, Улуу Британия, Мексика, Россия жана Түштүк Кореядан келген көз карандысыз беш арбитрден турган арбитраж бир добуштан чечим чыгарганын кабарлашты. Ири геосаясий, эл аралык-укуктук жана тарыхый мааниге ээ болгон бул иш Россиянын пайдасына чечилген. "Киевдин Крым жана ага чектеш суулардагы Россиянын эгемендүүлүгүн талашуу аракети ийгиликсиз аяктады. Иш Россиянын ынанымдуу жеңиши менен бүттү. Украинанын бир катар талаптары четке кагылды", — деп билдирди Россиянын ТИМи. Арбитраж Крымдын акваториясындагы жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча компенсация жана репарация төлөп берүү талабын канааттандырган эмес; Россиянын ТИМи бул чечимди "Украина менен Батыштын Россияга каршы жүргүзгөн укуктук күрөшүндөгү олуттуу жеңилүүсү" деп атады;
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 50 тыйынга юань 12 сом 94 тыйынга рубль 1 сом 20 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 88 сом 90ыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 44 сомдун тегерегинде сатылууда.**АБА ЫРАЙЫ17-июнга караган түнү Баткен, Жалал-Абад Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жекшембиде өлкө аймагныда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын регионунда +23...+28 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ош калаасында +34...+36, ал эми Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0