00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Кыргыз музыкасынын классиги: Жумамүдүн Шералиевди эскерүү
19:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Формула C5+2 и многополярный мир — эксперты о роли Центральной Азии в евразийской повестке
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бирдиктүү санариптик карта: айыл чарбасындагы ачык-айкындуулуктун жаңы баскычы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O кайыктар жарышынын алкагында күйүүчү май же мотор майы төгүлүп кеткен учурда анын кесепетин ыкчам жоюуга мүмкүндүк берген регламент иштелип чыккан. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул суудагы жарыш 1981-жылдан бери дүйнөнүн ири шаарларында жана маанилүү суу акваторияларында өткөрүлүп келет. "Ушул убакыт аралыгында 200дөн ашуун эл аралык мелдеш уюштурулган. Бирок бензиндин же мотор майынын төгүлүшүнө байланыштуу олуттуу учурлар катталган эмес", — деди Кубатов. Ал мелдештердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин көз карандысыз экологиялык компаниялар жана эксперттер баалаганын белгиледи. Мониторингдин алкагында суунун гана эмес, аба жана жээк тилкеси да изилденген. Белгилей кетсек, суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн негизги магистралдарынын жээктерин тазалоо боюнча масштабдуу мамлекеттик демилге көтөрүлгөнүн билдирди. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. "Жолдун жээктери - мамлекетибиздин жүзү. Жол боюндагы таштандылар, жөнгө салынбаган чекене соода, кароосуз калган жерлер өкмөттүн жергиликтүү деңгээлдеги жоопкерчиликсиздигинин көрсөткүчү. Бул көйгөйдү бир жолку иш-аракеттер менен чечүү мүмкүн эмес, бул үчүн катуу тартип жана үзгүлтүксүз, системалуу көзөмөл керек", — деген Касымалиев. Ал негизги магистралдарда тартипти орнотууга убакыт келгенин кошумчалаган. Өкмөт башчы Транспорт министрлигине жол боюндагы объектилерди жайгаштыруунун эрежелерин иштеп чыгууну тапшырды. Ал эми Курулуш министрлиги алар үчүн бирдиктүү эскиздерди даярдайт. Иш бүткөн соң ал объектилер макулдашуу шарты менен жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүп берилмекчи.
“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн арыз кантип берилет? Эмгек министрлиги 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки ар бир балага ай сайын 1200 сомдук “Бала ырысы” деп аталган жөлөк пул төлөнөрүн эскертет. Аны алуу үчүн арызды “Түндүк” тиркемеси аркылуу (“Социалдык төлөмдөр” бөлүмү – “Бала ырысы” кызматына киресиз) же соцкамсыздоо бөлүмүнө тапшырса болот. Чечим 5 жумушчу күндө кабыл алынат. “Түндүк” аркылуу 1 күндө макулдук берилет. Кандай документтер керек экенин төмөндө көрсө болот. ⭕️Жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабай чегерилет ⭕️Эгиз же андан көп бала төрөлсө, сумма ар бир балага өзүнчө дайындалат ⭕️Керектүү документтер: паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, жашаган жери тууралуу маалымкат жана банктык эсеп ⭕️Төлөм бала 3 жашка чыкканга чейин ай сайын банк эсебине которулат
Европа биримдиги Украинага делген ири насыя аскер адамдарынын айлык акысына сарпталышына каршы. Бул тууралуу Жогорку Раданын улуттук коопсуздук боюнча комитетинин катчысы Роман Костенко "Страна.ua" басылмасына билдирди. "Алар маяна силердин ички маселеңер, ички ресурсуңарды пайдалангыла деп жатышат. Азыр эң башкысы — каражат табуу", — деди депутат. Костенко кеп Евробиримдик былтыр декабрда колдоп берген 90 миллиард евролук насыя тууралуу болууда. 60 миллиарды аскердик жардам болсо, калганы Украинанын бюджетин колдоого жумшалмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0