00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Бала акын" бойдон бааланбаган поэзия бунтары. Алик Акималиев тууралуу 16 факт

© Фото / Кыргыз маданият борбору / Б. КарагуловаАкын Алик Акималиев. Архив
Акын Алик Акималиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2025
Жазылуу
Алик Акималиев кызык адам, кызык акын болчу. Айрымдарга дербиш сыяктуу көрүнсө, айрымдар аны чыныгы поэзия жаратып жүрөт дешчү. Өзүн-өзү "гениймин", "талаанын бала мышыгымын" дечү. Бирөөлөр акын деп санап, кээси талантын ооздуктай албай калган "бала" деп эсептесе, айрымдар "азыркынын Алыкулу" деп баалашты.
Биз кыргыз поэзиясына өз чыйыр жолу менен келген "тентек акын" Алик Акималиев тууралуу кеп кылабыз. Баса, анын дагы бир жери — ырларым менен "Билл Гейтстен да баймын" деп, буту Бишкектин Арча-Бешигиндеги чаң жолдо жыртык байпакчан жүрсө, башы космосто жүргөндөй бой көтөрө калчу.
Токтогулдагы балалык. Алик Акималиев Токтогул районунда туулган, айылы Акчий-Кара-Суу. Кара-Күнгөй суусунун бою. Туулган мезгили 1957-жылдын 19-ноябры. Атасы Акимали Сырдыбаев мектепте мугалим болуп көп жыл иштеген, ар кандай предметтерди окута берген универсалдуу агай эле, сулуу, жылдыздуу киши болуптур. Апасы Болдукыз Субанова 14 баланы төрөгөн чыныгы баатыр эне, Компартиянын мүчөсү, алдыңкы звеновой болгон. Акын болор уулун беш кило салмак менен көтөрүп жүргөн эне бөлүнүп-жарылып өлүп калайын деп араң төрөгөн экен. 9-класска дейре Алик бой жагынан, салмак жагынан класстагы балдардын алды болуп өсүп келип эле, анан кичирее баштаптыр. "Көз тийди" дешти, анан калса көп балалуу мугалимдин бүлөсү жетишпей жашады, кийим, оокат тартыш болду. Балдар кол арага жарагандан колхоздо тамекиде, дагы башка оор жумаштарда иштеп, эптеп жандарын бакты. 1964-жылдан Кара-Көл шаарындагы "Асма-Көпүрө" мектебинде, Валерий Чкалов жана Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептерде билим алат. Мектепте так илимдерди, астрономияны кызыгып окуйт, илим адамы же бир "чоң" болгусу келчү. Ошол эле кезде ыр кураштыруу менен алектенет, 7-классында мугалими эне тууралуу дил баян жазып келүүгө тапшырма берип, анысын ыр менен жазып барыптыр, атасы окуп "сеники Байдылданыкына" окшоп калыптыр дейт. Бул ысымды биринчи уккан Алик намыстанып, кайра-кайра ыр жаза берет. 1974-жылы, мектепти бүтүп жатканда, Токтогул райондук "Учкун" гезитине "Мен каалаган сүйүү" деген элдикине окшобогон ойду айткан ыры басылып чыгып, айылдаштарын таң калтырат. Анан алгачкы ырлары "Кыргызстан пионери" гезитине, "Жаш ленинчи" журналына, жаштардын "Жалын" альманахына чыгып турат.
Лөлүгө тоок союп бергенде... Бир жолу аябай ооруп, бир айдан кийин төшөктөн туруп башын эми-эми көтөрүп атканда үйгө лөлүлөр келиптир. Баласын ээрчиткен ошол лөлү боор ооруй тургандай арык, жаман кийинген экен, үлдүрөп араң сүйлөп, зорго басып кириптир. Ооруп жаткан Аликтин ага боору ачып, экөө бири-бири менен арбашып туруп, үйдө жалгыз эле семиз корозу бар экен, ошону ырымы деп союп, баштыгына салып бериптир. Ошондо тигил лөлү Болдукыз апага "уулуңуздун тагдыры өтө оор болот, бирок баарын жеңип чыгат, атагы алыска тараган таланттуу адам болот" деп көзү ачыктык кылып, короздун акысын актаган экен.
Аскердеги жана окуудагы жылдары. Фамилиясы Сырдыбаев болчу, бирок акындык уйкаштыкты каалап, ырларын Алик Акималиев деп жаза берген. 1974-жылы мектепти бүткөндөн кийин ар түрдүү жумуштарда иштеген болот, анан 1976-жылы аскер кызматына алынат да, жигиттик милдетин аткарып Абадан коргонуу бөлүгүндө эки жыл жүрөт. Армиядан кийин окуудан да тың, жүрүш-турушу да тың жигит Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине кирет.
Алик Акималиевдин багын ачкан "Бала мышыгы". Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында адабиятка акындар күргүштөп кирип, жыйнак чыгаруу оңбогондой оор болчу, тагыраагы, же өтө чоң талант, же жакшы тааныш керек эле. Кайсынысынан жолдуу болду, айтор, анын 1982-жылы "Бала мышык" деген китеби чыкты. Балдар үчүн 24 беттен гана турган бул китеп студент акындын "визиттик карточкасы" болду, кайда барбасын, кимге болбосун, анысын бетине кармап көтөрүп жүрдү. Жыйнагы чыккан студент ал кезде кыйла кадыр-барк күтүп, бааланат эле. Ошол "Бала мышыгын" көтөргөн баланын окууга келип-кеткенин мугалимдери деле, тайпалаштары деле элес албай калчу, ырын жазып, аларын редакцияларга алып барып "Бала мышык" аталып жүрө берчү. 1987-жылы Алматыда өткөн СССР боюнча жаш акындардын бүткүл союздук XIV фествалына катышат, тартынбаган жигит ал жерде ырларын окуп, таанылып да, "кыргыздардын баары эле ушундай болот окшойт" деп таанытып да келет. СССР Жазуучулар союзунун жаштар секциясынын жетекчиси Георгий Ефремов, казак акындары Олжас Сулейманов, Мухтар Шаханов ырларын жогору баалап, фестивалдын лауреты деген наам беришет.
Оштогу Алымбек датканын медресеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2025
Алымбек датканын медресесин тарыхый-маданий жайга айлантуу зарылдыгы. Ой толгоо
Азаптуу да, армандуу да махабат. Университетте окуп жүрүп, 1-курстан эле бир топ кыздарды сүйүп иет, анан жолу болбой Кыз-келиндер педагогика институтунда өзүнөн бир курс жогору окуган Дамира деген кызга ашык болот, экөө үйлөнөт, батирде турат, балалуу да болот. Баласына ушундай акын болбосо да, ушундай адам болсун деп жердеши Бөкөнбаев Жоомарттын ысымын ыйгарат. Анан эмне болгонун ким билсин, оңду-солду сүйлөгөн, оокат кылышты сүйбөгөн, ырдан башканы билбеген күйөө баланы кыздын ата-энеси чанып кетеби, айтор, Дамираны бир баласы менен алып кетип калышат. Баласын көргөзмөк түгүл кайната-кайнене жолугушууга да, сүйлөшүүгө да тоскоол болушат. Ушул абал ага катуу таасир этет, кийин "күйүп жашадым, батирдин тактай полуна суу сээп, үстүнө жатсам пол заматта кургап кетчү" деп айтып атпайбы. Анан ичти, тынбай ичти, ак-карасын ылгабай ичти. Ичкенде эрмеги ыр болду.
Эң көп жумуштарда иштеген. Алик Акималиев бала чагынан көп жерде эмгектенди. Токтогул райондук маданият үйүндө иштеди, үзүл-кезил 1988-1995-жылдарда Токтогул Сатылгановдун, Коргол Досуевдин, Жоомарт Бөкөнбаевдин мааракелерин өткөрөт элем деп демилге көтөрүп, аларга арналган музейлерде иштеди, мурастарын, алардын ичинде Корголдун бир томдук китебин чыгарды. Журналисттик диплом колго тийгенден тартып, Түп райондук "Коммунисттик эмгек" гезитинен баштап бир катар басылмаларда иштеген, атүгүл "Ханбазар times", "Эл үнү" деген гезиттерге редакторлук да кылган. Бирок журналист катары көрүнө албады, акын катары гана таанылды, Омор Султанов айткандай, "акындык ал үчүн аракет эмес, турган турпаты, өмүр-жашоосу болгон".
Жеке мүнөзү, жүрүш-турушу. Ал көчөдө басып баратса, ушул белгилүү акын десе көпчүлүк ишенчү эмес. Бала кыялы, оргу-баргы сүйлөгөнү, бир ордунда тура албаганы аны ыр жазган адамга окшотчу эмес. Кандай ыр кече болбосун, жолугушуу болбосун, ордунан шарт туруп, колдорун Лениндин эстелигиндей кылып алдыга сунуп ырларын окуп кирер эле. Жан дүйнөсү таза болчу, үстүндөгү кийимин үшүп турган балдарга чечип берип кете берер эле. Арак менен дос болуп көпкө жүрдү, ичпей коюп да жүрдү. Бирге ичкендер бир аз ичкенде эле жатып калчу же үйүнө кетип калчу дешет. Анан да масында да, соосунда да эч кимге кезек бербей, толкуп алып ыр окуй берет эле. "Ханда жок байлык менде бар, менде жок байлык элде бар, ырларым бар да, мен үчүн миллиардер Сорос, Ага хан, Билл Гейтс дагы кембагал" деп турчу.
Устаттары. Анткен менен Алик Акималиев дүйнөлүк поэзияны көп окугандыгы жагынан кыргыздын акындарын чаңында калтырчу. Басё, Уолт Уитмен, Поль Варлен, Артюр Рембо, Акутагава Рюноске сыяктуу классиктер менен атаандашкан, өзүнө "поэзиянын мен бир жаш лейтананты", "адабиятта экинчи фронт ачам", "канаттуу ракетадай канаттуу ырлар жазам" деген дымак койгон. Рамис Рыскуловду жашоодо да, чыгармачылыкта да көп ээрчиди. Ичкиликтин артынан түшкөн Сергей Есенин менен Николай Рубцовду өрнөк туткан. Кыздардан Сагын Акматбекованын, Айгүл Узакова, Шербет Келдибекова, Фатима Абдалованын поэзиясын жактырган. Бирок булардын бирөө да мага жетпейт, мен №1 классик акынмын деген. Устаты жана тушоосун кескен адамы катары акын жана сынчы Аман Токтогуловду эсептеген. Сооронбай Жусуев менен Сүйүнбай Эралиевди аксакал катары сыйлаган, ал экөө Аликти арагыңды токтот деп урушуп турган. Кыргыздын мыкты калемгерлери деп Алыкул Осмоновду, Чыңгыз Айтматовду, Кубатбек Жусубалиевди, Табылды Мукановду, Тургунбай Эргешовду эсептеген. Ичип келе жатканда Карбалас Бакировдун урушунан корккон.
Геолог Муса Адышев жубайы Тенти Адышева менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2025
Алымбек датканын чөбөрөсү, аты чокуга коюлган геолог Муса Адышев тууралуу 9 факт
Поэзиядагы чабыты. "Бала мышык" жыйнагынан соң "Күнөстүү элет" (1989) деген китеби чыгып, кезегинде Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына да көрсөтүлгөн. Ошондон соң "Ай-ааламга күйүп турган ыр чырак" (Тандалмалар, 2002), "Ханда жок байлык" (1-том: Тандалмалар, 2008), "Көрүнбөс калканыч менен арноолор" (2-том: Тандалмалар, 2008), "Чырак", 2-3-басылыштары (2004-2005) деген китептерин чыгарган. Мына ушул китептериндеги бир катар ырлары кыргыз поэзиясынын классикалык антологиясын толуктайт деп тайманбай эле айтууга болот. Бул китепке каражатты өзү эптеп тапкан, анан чыгарып алып, өзү көтөрүп жүрүп саткан.
Рыноктун ырылдаган шамалы. Өзү же жарытылуу иштебесе, же башка бир акча табар жери болбосо, өткөн кылымдын аягында, жаңы кылым башында акын жапайы рынок менен бетме-бет келди. Ошондогу ыр саптары: "Аңырайып жатат үйүм чатырсыз, аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп", "Жыгылчудай турат үйүм шыбы жок, жылдыз жутуп, жыргал жутуп, ыр жутуп", "Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп, көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп, кучакташат дүйнө менен жер кепем, куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп", Караңыз, кандай кыйын жашоо, бүтпөгөн үй, суук, жарыксыз там, ошентсе да "Айдагым бар жылдыздарды дүргүтүп", "Арча-Бешик айылындагы үйүмдү, айлантсам дейм Тютчевдик гүлзарга", "ырдын императорумун" деген дымактарын, караңыз. Анан жазып жатпайбы: "Кыжалат чак. Көз ирмебейм не түндө, кыжы-кужу… күйөм көйгөй өртүндө, бүт Мекенди бекер сүйөм дептирмин, бүдүрдөй да керегим жок эч кимге", "Өлдү менин Гейне сындуу максатым, өлдү менде Есениндей мыкты акын".
Акын базарга чыкканда... Союз ыдырап китеп чыгаруу токтоп, жашоо кыйындап калганда башка жол издеди. Жазгычтар китеп чыгарып алып, анысын уялып сата албай жүргөн кезде Алик акын китептерин базарга алып чыгып, жакшы пулдап, чоң таяталары өзбек улутунан болуп, айтылуу соодагер экендигин айтып мактанып жүрдү. Не кылар айласын таппай ар кимге ыр арнап жазып кирди, ал "ар ким" дегендер: колунда бар "жаңы кыргыздар", байлар, олигархтар эле. Ошолорго арнап ырлар жазды, бирок ал ырларын чыныгы поэзия деп эсептебеди, "үчүнчү ырлар", "левый ырлар" деп койчу, андай ырлардын каармандары Майрам Акаевадан тартып "токочтуу балдардын" көбү болду. Алик Акималиев бирөө кагып койбосун, антип койбосун, минтип койбосун деп түк ойлончу эмес, китебин көтөрүп алып, алдын ала макулдашпай, эшиктерин тыкылдатпай кирип барчу да, автографын ошол жерде жазып берип, колун сунуп туруп калчу. Көбү куру кетирчү эмес экен. Колуна бир нерсе "илинип" калса батасын берип, кокус ырымын кылбай койсо сөгүнүп чыкчу экен.
Үй-бүлөсү, жеке жашоосу. Ал Дамирадан кийин дагы бирөөнү, анан Күлүмкан деген кызды алат. 3-курста окуп жатканда курулуш отрядына барып, ошол жерде медайым болуп иштеп жаткан экен бул кыз. Аны менен таанышып, алып качам десе достору көп акча жыйнашыптыр. Көрсө, кыз Балыкчы шаардык партиялык комитеттин биринчи катчысынын жакын тууганы экен. Ага карабай ала качып кетиптир. Токтогулга барышса жаш кызды көрүп апасы "кайдан алып келсең, ошол жерге жеткир" дейт жемелеп, ары кетип-бери кетип, атасы "эшик алдына келген кызды кетиргенде болбойт" деп той башталып кетет. Ошол-ошол болуп, Фрунзеге келип, беш жолу батир алмаштырып, беш жолу ажырашып, кайра жарашып, аны менен "железобетонный аял", "Аликтин Каныкейи" деп жашап келишти. Ошондон кийин да дагы тийип-качып бирөөлөр менен жашап жүргөн экен, кээсин эл билет, кээсин билбейт. Жанагы Күлүмкан Асаналиева менен 30 жыл жашады, экөө эки уул (Сагын-Баласагын жана Эмирлан), бир кыздуу (Чолпонайым) болушкан, акын неберелерин да көрүп калды, жетелеп да жүрдү. Уулу Сагын үй салып жатканда атасына өз тамына улай бир бөлмө салып, өзүнчө эшик ачып берген экен, кээде бала-чакасы анын качан келип, качан кеткенин да билбей калчу экен. "Өлбөй-житпей эсен-аман келип турсаң болду" дешчү экен. Акималиевге ушундай эркиндик керек болгон, ал бирөөлөрдүн башкаруусун, атүгүл жанында отуруусун да каалабай калган күндөр болгон. Ошол үй салынып жатканда жардам бербей кумдун үстүнө жатып алып эле карап турчу экен, күйүп калган лампочканы да алмаштырбаптыр.
Фантаст жазуучусу, акын Беганас Сартов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2025
Фантастиканы өнүктүрмөк... Өмүрү кыска жазуучу Беганас Сартов жөнүндө 13 факт
Акын редакцияларга келгенде... Алик Акималиев редакцияларга көп келчү. Кагаз-келем сурайт, берсең, столуңдун четинде туруп ырын жазып, "ушуну эмки санга басып койгула, гонорарына чогуу чардайбыз" деп карс-карс күлөт. Ырларынын баарын эле жарыялай албайсың да, анда "дүйнөгө баткан поэзиям силердин гезиттин бир бурчуна батпай калдыбы" дейт наалып. Кайсы редакциянын кандай иш-чарасы болбосун, кайдан укканын ким билсин, Алик акын жетип келчү. Бир жолу "Кыргыз руху" гезитинин беш жылдык мааракесинде ресторанда кызып калып, чөнтөк толо акчасын чача берип журналисттерди бир таң калтырган.
Шайлообек Дүйшеев ачкан акындын образы.
…Же "карс" этип жаңгак чагар тиши жок,
Же элчилеп акча табар иши жок.
Желип-жертип жашап жүрчү ыр жазып,
Жепирейген жер тамында киши жок.
"Барматуха" ичип алган күндөрдө,
Байрон болуп батпай турчу сүйлөмгө.
Көйнөк кийип декабрда жеңи жок,
Көнгөн, көнгөн жүгөнү жок жүргөнгө.
Өлүм сыры. Алдыда жакшы максаттары болгон. Токтогулга барып чыгармачылык кечесин өткөрүүгө, 55 жылдыгын мамлекеттик масштабда белгилетүүгө ниет койгон. "Көрүнбөс калканч" деген ыр китебинин кол жазмасын даярдаптыр, "Көгүлтүр түбөлүктүүлүктүн кароолчусу" деген роман жазып жаткан экен, жазуучулардын башын кошкон ПЕН-клуб уюштурсам деп жүрүптүр. Бирөөлөр аны ичкич десе, бирөөлөр жүргөн бир кемпай деше турган, ал эч кимисине моюн берчү эмес. 2011-жылы 25-ноябрда биринчи кар жааганда үйүнө жакын барып, бирок жетпей жыгылган экен, кимдер менен ичкен, канча ичкен, неден өлдү – табышмак бойдон кала берди...
"Генийдин" гениалдуу ойлору. "Менин жашоом аары сыяктуу, бал ташыган аарыдай болуп талаада эркин учуп жүрө берем"; "Акынды ый бузбайт, сый бузат"; "Акынсыз коомдун өзөгүн курт жейт"; "Талант – бул кудайдын жазасы менен сыноосу"; "Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет"; "Гений мебелге умтулбайт, Нобелге умтулат"; "Адабият оор нерсе экен, мени эзип койду, чоң курмандыктарга барып, чоң кун төлөш керек экен, дагы аман калганыма шүгүр"; "Кээде бүт аалам келет, жазып үлгүрбөйсүн, кээде эч кандай илхам, идея келбей калат, өзүңдү өзүң асып салгың келет"; "Мен жашаганым үчүн Арча-Бешикке бомба түшпөйт болуш керек"; "Алтымыш жашка чейин эч кандай сыйлык албайм деп чечкем, себеби сыйлык алгандан кийин көбү көөп, жазбай калышат"; "...канчалык жаман, кембагал турмушта жашасаң, ошончолук жакшы ойлоно баштайсың, жазгандарың чыйрак, жакшы чыгат"; "Саясатчылардын 20 визитинен акын-жазуучулардын бир жолку сапары үч эсе таасирдүү болот"; "Мен поэзиянын көзүнө чөп салган жокмун, поэзия – бул сулуу аял сыяктуу, ал сенин жарымыңан ылдый же жарымыңдан өйдө каалабайт, ал сени бүтүндөй каалайт"; "Үй-бүлө деген акыныңды, генийиңди уруп койбойт, сен алар үчүн жемди мол тапкан ата болуп, аларды багышың керек"; "Акын деген тозоктун иши да, анын кыялын түшүнүш кыйын, ал бирде бала, бирде пайгамбар, бирде император, бирде селсаяк, керек болсо мен өзүм да акындыкты түшүнө албайм, аларды адамзат ичине батырып, жердин көтөрүп турганына ыракмат деш керек"; "Эзелтен эл үч "Пга" баш иет: правитель, поэт, полководец, ал эми партия деген төртүнчү "Пга" баш ийбейт; "Эч кимге акындык тагдыр каалабайм. Ал өтө коркунучтуу жол. Акындык өнөрдү миллиондон бирөө гана көтөрүш керек. Калгандарына бул кесипти ыраа көрбөйм. Мендей азап тартууну балдарым эле эмес, башкаларга да каалабайм. Мунун жүгүн көтөрө албай өлүп калышың да мүмкүн".
Кыргыз Республикасынын эл акыны Анатай Өмүрканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2025
"Дүйнөнүн чокусунан ыр жаза баштаган" акын Анатай Өмүрканов тууралуу 9 факт
Жазуучу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2025
Шарактап жүрүп, шар кетти. Талантты сүйгөндөрдүн эсинде калган Азада Бегимкулова
Жаңылыктар түрмөгү
0