https://sputnik.kg/20260125/kaken-almazbekov-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar-1099307432.html
Какен Алмазбековду эскерүү. Таланты ташкындаганы менен жакшы сөз уккан жок...
Какен Алмазбековду эскерүү. Таланты ташкындаганы менен жакшы сөз уккан жок...
Sputnik Кыргызстан
Кулактан кирип бойду алган ыр укканда сөзүнө ыраазы боло, текстин ким жазды болду экен деп тамшанып калабыз. Ошондой обондуу ырларды, термелерди, сатираларды... 25.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-25T17:21+0600
2026-01-25T17:21+0600
2026-01-25T17:09+0600
кыргызстан
адабият
маданият
эскерүү
тагдыр
ыр
акын
кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
https://sputnik.kg/img/07e7/06/09/1076101860_0:222:3054:1940_1920x0_80_0_0_0a6f51277cf2699d407ae823c2065a8f.jpg
57 жашында дүйнө салган акындын бюсту өзү туулуп-өскөн Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Шалта айылына өткөн күздө коюлду. Биз бүгүн ошол унутулган да, унутулбас да акын тууралуу 12 фактыны сунуш кылабыз. Акындын туулган жери жана ата теги. Туулган жери — Бишкекке жакын эле турган Шалта айылы. Жарык дүйнөгө келген мезгили — 1934-жылдын 13-июль күнү. Мыктыбек чоң атасы Чүйдүн Шамшы айылына башкарма болуп турганда айылдагы кадыр-барктуу Ыбрай деген ажынын кызын жактырып, экөө баш кошот. Алардын уулу Алмазбек атасы Мыктыбек сыяктуу эле кеп кууп сүйлөшкөн, санжыра-жомок, баатырлар баянын айтып жүргөн. Анын зайыбы Ыбрай ажынын кызы да өлүм зыйнаты болгон жерлерде кошок кошуп берген, колу да усулдуу болгондуктан кыздардын себи ал кишинин өнөрү менен оозго алынган, төкмөлүк жагы да бар нарктуу, салттуу аял болгон. Булардын баласы Какенге шык эки жактан тең өткөн. Анын балалыгы согуш жылдарына туш келип, ачарчылык күндөрүн, кыйынчылыктарды көп көргөн. Ата-энеден эрте ажырайт. "Номер беште" окуган. 1948-жылы Шалтадагы жети жылдык мектепти аяктаган соң баланы борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатына беришет. Мектеп орустун улуу акыны Александр Пушкиндин ысымын алып жүргөн, ал жерде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп М.А.Рудаков деген чыныгы педагог иштеген. Адабий чыгармачылыкка кызыккан балдар туш тараптан келип билим алган. Мурда-кийин бул мектепте көркөм сөзгө шыктуу балдар окуша турган, алардын ичинен Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Теңдик Аскаров, Аскар Какеев, Төлөмүш Океев сыяктуу атактуулар чыкты. Шалтага кошуна айылдан чыккан кийинки атактуу жазуучу Өскөн Даникеев менен бир класстан билим алган. Бул мектеп интернет тибинде болсо да, жатакана жетпегенден болсо керек, балким үй оокатына каралашуу керектир, айтор, ал айылына күндө барып-келип окуган. Айылда да, шаарда да окуган жылдарында мектептеги өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин катышуучулары үчүн сценкаларды, интермедияларды, сатиралык ырларды жазып берип, калемин курчуткан. Чыгармалары балдардын "Кыргызстан пионери" жана жаштардын "Ленинчил жаш" гезиттерине жарыяланып турган. Оорусу жана алгачкы жумуштары. Мектепте окуп жүргөндө эле көз ооруга чалдыгат да, окуудан кыйналып, классташтары эңсеген "чоң окууларга" бара албай, 1951-жылы Фрунзедеги куурчак театрына жумушка кирет. Чыгармачылыкка кызыгуусу тынчтык бербей, театрда иштөө драматургиянын сырларын үйрөтүп, "Сүрөттүн сыры" деген алгачкы пьесасын жазат. Биринчи жыйнак жана кийинки эки жыйнагы. Какен Алмазбеков үзгүлтүксүз эле жазып жүрдү, бирок ыр жыйнагын чыгара албады. 30га чыккандан кийин гана 1964-жылы 24 беттен турган жомогу "Он жылдан кийин" деген ат менен басылат. Ага сүрөттөр менен шөкөттөлгөн, балдарга арналган жакшынакай ырлары киргизилген. 60-жылдардын аягында шапалактай эки китеби — "Жыргал" (ырлар жана поэма, 1967, 46 б.) менен "Мелдеш" (тестиер балдар үчүн ырлар топтому, 1968, 48 б.) жарык көрдү. Ушул эки китептен кийин басыгы өчтү. Жумушу жоктордун, ичип жүргөндөрдүн китептери планга киргизилчү эмес, жаза тайып киргизилип калса да, тиешелүү жерлерден сызылып кетчү. Анын адабий тагдыры ушундай күнгө туш келип калды. Бирок жаза берди, чыгармалары көбүнчө обончулар, дастанчылар аркылуу оозеки тарап кетти. Биз ырдап жүргөн ырлар. Какен Алмазбековдун айрым ырларынын бир-эки сабын эске салалы: "Биз жүргөн айлуу түн кайда, биз үзгөн жыпар гүл кайда" ("Кайдасың"), "Басылганча туралы деп кичине, баш катабыз бир күрмөнүн ичине" ("Чагылган"), "Бар бекен эсте баягы, бак чети айыл аягы" ("Албырып шаттык жүзүңдө"), "Жытыңа кеттим магдырап, жыпары белең баланын" ("Жыпары белең баланын"), "Унчукпас уяң немени, ушинтип кыйнай береби, уусун же балын татайын, угузчу бир сөз деги эми" ("Угузчу бир сөз"), "Айылдын ары жагынан, алмалуу колхоз багынан, келишкен кызыл гүл алып, келаткан күндү сагынам" ("Сагынам"). Анын ырлары өзү эле обонго келип, ыргактары музыканы чакырып турат. Лирикалык каармандын ачыктыгы, сөздөрдүн жана сүйлөм курулмаларынын жөнөкөйлүгү Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Бектемир Эгинчиев, Жумамүдүн Шералиев, Орозбек Кутманалиев, Дүйшөнбек Үкүев, Аксуубай Атабаев, Асанкалый Керимбаев сыяктуу обончуларды өзүнө арбап алып, алар не бир керемет обондорду чыгарып, ошол обондорду аткаргандар сыйлык үстүнө сыйлык, наам үстүнө наам ала берди. Бир гана текст жазган автор сый-урматтан кур жалак калып жүрдү. Анын обон чыгарылган ырлары 50дөн ашык дешет. Айсары кыздын арманы. Бул керемет ырдын сөзүн Какен Алмазбеков жазса, ага обончу, комузчу Зайнидин Иманалиев обон чыгарып, бир катар аткаруучулар ырдап чыкты. Ошолордун ичинен өзгөчө эл ичине сиңгени Айтбүбү Атамкулованын комуз коштоосунда шаңшып чыккан армандуу баяны болду. "Айсары кыздын баяны" деп да айтылып жүрөт. Акын киришүү бөлүмүндө мындай айтат: Кокон хандыгынын убагында Турпан жактан чыккан кырктай кербен Анжияндан соодасын кылып, кайра өтүп бара жатканда Чүй боорунан көп буюмдарын, анын ичинде алтындарын уурдатат. Кербен башы даттанып бул жердин башкаруучусу Канай уулу Байтикке келет. Ал катуу издетип, жоголгон буюмдардын изин табат, бирок ушунчалык көп байлыкты соодагерлерге бере койгусу келбей "ууру табылбады, бирок уурдатканыңарды төлөп берели" деп чыгымын эсептеп, кыркына кырк чаар ат, анан да Турпан ханына бир кыз тартуу кылат. Айсары аттуу ал кыз боз үйдүн түндүгүн жасаган чоң уста, арчалылык Тойчук деген кишинин ашкан сулуу, кошокчу, ырчы кызы экен. Аны кербендерге кошуп берип, узап кетерде айткан арманы бул дастандын негизин түзөт: "Баткан ай кайра толсочу, Байтикти ажал сорсочу", "Ак билек сунсам алчу ким, ак жибек боосун чалчу ким, ажыдар соруп баратат, арача кылып калчу ким", "Ардагым, ага-тууганым, аппак гүл элем куурадым, ачканда бүчүр жаңыдан, ач мите чачып ууладың, алсырап калды Айсары, азуусу тийип бууранын". Ушундай жүрөккө жетип, көөдөндү тилип өтөр саптары бар. Бир уламыш, бир кыздын трагедиялуу тарыхы, бийлик жана байлык, мекен жана белгисиз алыс жак ушундай керемет саптарда берилет. "Он үч жашар баланын арманы". Бул — кыргыз адабиятынын эң эле тарбиялык таасири күчтүү мурастарынын бири. Эпистолярдык формада жазылган "Он үч жашар баланын каты" деп да аталат. Бала чакта Какен Алмазбековдун айылдашы, андан эки көйнөк мурда жырткан, кийин белгилүү киноактёр жана дастанчы болгон, төкмөчүлүгү да, режиссёрлугу да мыкты Орозбек Кутманалиев менен Какен Алмазбеков Шалта айылындагы алма бакта жатып алып, акын Аалы Токомбаев менен композитор Абдылас Малдыбаевге окшоп, бирибиз текст жазып, бирибиз обон чыгарып, атактуу болсок деп кыялданышчу экен. Ошол кыялдары ишке ашып "Он үч жашар баланын арманын" Какен Алмазбеков жазса, обонун Орозбек Кутманалиев чыгарып, элге тартуулаганда көбү ыйлаган. Ал эле эмес, ырдын таасиринен баласын таштап кеткен айрым аталар үй-жайына кайтып келген учурлар да болгон экен. Чыгарманын актуалдуулугу жыл өткөн сайын мындай социалдык көйгөй жогорулап жатканы менен да байланыштуу экенин моюнга алуубуз керек. "Ата, каныңдан бүткөн эй баламын, кабыл ал айткан ай саламым, көңүлүм канча калса да, көзүмдөн учуп карааның" деген 13 жаштагы баланын зарлаганы, өзүн "тирүүлөй жетим" катары "атасын көрсө бирөөнүн, ачышып кеткен жүрөгү", "калтырып кеткен костюмун жыттап жүргөн" абалында туруп, "туягын тулпар кордойбу, атаке, торгойчо эле болсоң болбойбу, аюу да коргойт баласын, аюудай болсоң болбойбу" деп келип, бир туугандары Нурайым менен Гүлайымдын тагдырын айтат, "ата, сен таштап кеткидей, деги айтчы эмне эле биздин күнөөбүз" деп "күкүк" атага суроо таштайт. "Арман" деген катышкан сөздөрдү советтик учурда жактырышчу эмес, бизде арман жок дешчү, ошон үчүн да анын накта арман жанрындагы чыгармалары "Он үч жашар баланын каты", "Айсарынын баяны" деп аталып калган жана мамлекеттик жыйындарда, радио, теледе бул "армандар" көп ырдатылчу эмес. Термелер, армандар жана дастандар. Какен Алмазбековдун "Кызыл туу кыргыз кыздары" деген термеси бар. Кызыл-Кыяны сел басканы тууралуу айтылган жери бар, демек, 1977-жылдан кийин жазылган. Бул чыгарманын обону элдики, иштеп чыккан Замирбек Үсөнбаев деп айтылып келет. Улуттук фольклордун термечилик өнөрүнүн салттарына таянган бул терме — аялдарды даңазалаган мыкты чыгармалардын бири. Ырдын ыргактары жеңил, уйкаштыктары чебер. Каныкей, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Айганыш сыяктуу эпикалык каармандардан тартып, Уркуя Салиева сыяктуу колхоз курулушунун каармандары, Керимбүбү Шопокова, Телегей Сагымбаева сыяктуу эмгек алдыңкылары, Сайра Кийизбаева, Мыскал Өмүрканова сыяктуу көркөм өнөр адамдарынын кыргыз тарыхындагы орду, кызматтары терме формасында айтылып, алардын образынын тарбиялык таалими биринчи орунда даңазаланат. "Кадырлап турса кең Мекен, Каныкей болуш эмне экен, ардактап турса кең Мекен, Айчүрөк болуш эмне экен" дегендей айрым саптары элдик накыл кептерге айланып кетти. Замирбек Үсөнбаевден кийин да Токтоболот уулу Улукбек, Руслан Матаев, Гүлина Калыгулова, Азиз Батиров ж.б. дастанчылар аткарып чыгышты. Акындын "Жаштарга", "Эненин арманы", "Айдай кыз", "Арманым", "Кыргыз көчү", "Кыргызым – чолпон жылдызым" ж.б. дастандары, санаттары, термелери кыргыз радиосунун алтын корунда сакталып турат, мезгил-мезгили менен ободон жаңырып, угармандарды ыраазы кылат. Байдылда "батальонунун" жоокери. Биз сөз кылып жаткан жигиттин тагдырында өкүнүчтүү учурлар көп: эң биринчиси — окубай калганы; экинчиси — көз оорусу; үчүнчүсү — чылымга жана ичкиликке жакын болуп, алардын туткунунан чыга албай калышы. Азыркы Эркиндик, андагы Дзержинский бульварында эл кымгуут кирип-чыгып турган "Сейил" деген ресторан боло турган. Ошонун биринчи кабатында пиво, вино, манты сатчу, анча-мынчасы столго отуруп, анча-мынчасы тик туруп тамак ичишчү. Ошол жерде көбүнчө Байдылда Сарногоев боло турган. Качан көрсөң жанында беш-алты адам. Ошолорго ыр окуп, Мидин менен Райкан тууралуу айтып, ортодо отурушту кызытып турчу. Ал жерди "Байдылданын Таш-Коргону" деп да коюшчу, себеби дубалдарынын бир тобу таш менен урулган эле, сөз укканы атайын келгендерди "Байдылданын батальону" деше турган. Какен Алмазбеков да куйкум сөздөрүн айтып, кызыл виного кызып, Байдыкени колдоп, ошол жерде көп жүрө турган. Кийин алар "Ош" базарынын бозосуна да жылды. Какен акын бир жерде туруктуу иштебей, жумушка келгендей ушундай жерлерге гана келип калды. Байдылда акын "Какен – дайра, мен – кудук, Какен барда мен дудук" деп койчу экен. Мындай жашоо образы анын тагдырына балта чапты, китептерин чыгарууга жол тосулду. 1968-жылдан соң китеби 20 жыл бою чыкпай, өзү "кара тизмеге" кирип, "Кимде айып" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы 1988-жылы гана араңдан зорго жарык көрдү. Жеке мүнөзү. Жаш чагынан жетим калгандыктан өтө боорукер, мээримдүү, жоош киши болгон экен, чөнтөгүндө барын кайыр сураган балдарга таштап кете берген. Шалтада жакшы, чоң багы боло турган, ошону өзү карап, көбүнчө ар кандай сорттогу алма өстүрүгөн багбанчылык жайы бар эле. Байлыкка, наамга кызыкпаган киши болгон. Эс тутуму абдан жакшы дешчү, көп ырларын жаткан билген. Шалтадагы үйүнө Жапар Чабалдаев, Орозбек Кутманалиев келип турган, Жеңишбек Шамшиевдин, Малик Аликеевдин ырдаганын өзгөчө жактырган экен. Шахматты жакшы ойногон. Тагдыры. Бир ата, бир энеден жети бир тууган экен, ошолордун түйшүгүн бирге тартышкан, казаларын башынан өткөргөн. Биринчи жолу театрда бирге иштеген кызга үйлөнгөндө келиндин гастролдоп жүргөнү кайын энесине жакпай калып кетирген дешет, анан көпкө аял албай жүрүп, кырктын кырынан өткөндө, 1976-жылы үйлөнүп, 1977-жылы уулдуу, анан кыздуу болот. Бир чети ичкилик, бир чети чылым, бир чети ысык тамактан өксүү тарткандык анын өпкөсүнүн кагынышына, кийин "аты жаман" ооруга өтүп кетишине алып келди. Ошол оорунун залакасынан 1991-жылы сентябрда көзү жумулду. Күйөөсүнөн он жылдан кийин жубайы да каза болду. Азыр неберелери бар, кудайга шүгүр. Талантты тааныган эли бар. Акын каза болгон соң даяр турган ырларын, дастандарын карындашы Сания аракет кылып жүрүп, үч китеп чыгарды. Жердештери 2023-жылы айылдык китепканага ысымын ыйгарып, көчөгө атын берип, 2025-жылы туулган жерине эстелигин орнотту. "Поэзия ордосу" деп аталган чыгармачылык бирикмеси Какен Алмазбеков атындагы медаль негиздеп, аны татыктууларга ыйгарып келет.
https://sputnik.kg/20251102/darkul-kuyukova-tuuraluu-13-fakt-1097526610.html
https://sputnik.kg/20251115/turgunbay-sadykov-tuuraluu-faktylar-1097823341.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/06/09/1076101860_151:0:2882:2048_1920x0_80_0_0_78663761658ef7244212154a9b3e0dd2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Абдыкерим Муратов
https://sputnik.kg/img/101827/38/1018273802_158:184:1981:2007_100x100_80_0_0_e2bcc29d7bdad541e1919f7d0d1299cc.jpg
кыргызстан, адабият, маданият, эскерүү, тагдыр, ыр, акын, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
кыргызстан, адабият, маданият, эскерүү, тагдыр, ыр, акын, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар
57 жашында дүйнө салган акындын бюсту өзү туулуп-өскөн Сары-Өзөн Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Шалта айылына өткөн күздө коюлду. Биз бүгүн ошол унутулган да, унутулбас да акын тууралуу 12 фактыны сунуш кылабыз.
Акындын туулган жери жана ата теги. Туулган жери — Бишкекке жакын эле турган Шалта айылы. Жарык дүйнөгө келген мезгили — 1934-жылдын 13-июль күнү. Мыктыбек чоң атасы Чүйдүн Шамшы айылына башкарма болуп турганда айылдагы кадыр-барктуу Ыбрай деген ажынын кызын жактырып, экөө баш кошот. Алардын уулу Алмазбек атасы Мыктыбек сыяктуу эле кеп кууп сүйлөшкөн, санжыра-жомок, баатырлар баянын айтып жүргөн. Анын зайыбы Ыбрай ажынын кызы да өлүм зыйнаты болгон жерлерде кошок кошуп берген, колу да усулдуу болгондуктан кыздардын себи ал кишинин өнөрү менен оозго алынган, төкмөлүк жагы да бар нарктуу, салттуу аял болгон. Булардын баласы Какенге шык эки жактан тең өткөн. Анын балалыгы согуш жылдарына туш келип, ачарчылык күндөрүн, кыйынчылыктарды көп көргөн. Ата-энеден эрте ажырайт.
"Номер беште" окуган. 1948-жылы Шалтадагы жети жылдык мектепти аяктаган соң баланы борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатына беришет. Мектеп орустун улуу акыны Александр Пушкиндин ысымын алып жүргөн, ал жерде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп М.А.Рудаков деген чыныгы педагог иштеген. Адабий чыгармачылыкка кызыккан балдар туш тараптан келип билим алган. Мурда-кийин бул мектепте көркөм сөзгө шыктуу балдар окуша турган, алардын ичинен Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Теңдик Аскаров, Аскар Какеев, Төлөмүш Океев сыяктуу атактуулар чыкты. Шалтага кошуна айылдан чыккан кийинки атактуу жазуучу Өскөн Даникеев менен бир класстан билим алган. Бул мектеп интернет тибинде болсо да, жатакана жетпегенден болсо керек, балким үй оокатына каралашуу керектир, айтор, ал айылына күндө барып-келип окуган. Айылда да, шаарда да окуган жылдарында мектептеги өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин катышуучулары үчүн сценкаларды, интермедияларды, сатиралык ырларды жазып берип, калемин курчуткан. Чыгармалары балдардын "Кыргызстан пионери" жана жаштардын "Ленинчил жаш" гезиттерине жарыяланып турган.
Оорусу жана алгачкы жумуштары. Мектепте окуп жүргөндө эле көз ооруга чалдыгат да, окуудан кыйналып, классташтары эңсеген "чоң окууларга" бара албай, 1951-жылы Фрунзедеги куурчак театрына жумушка кирет. Чыгармачылыкка кызыгуусу тынчтык бербей, театрда иштөө драматургиянын сырларын үйрөтүп, "Сүрөттүн сыры" деген алгачкы пьесасын жазат.
Биринчи жыйнак жана кийинки эки жыйнагы. Какен Алмазбеков үзгүлтүксүз эле жазып жүрдү, бирок ыр жыйнагын чыгара албады. 30га чыккандан кийин гана 1964-жылы 24 беттен турган жомогу "Он жылдан кийин" деген ат менен басылат. Ага сүрөттөр менен шөкөттөлгөн, балдарга арналган жакшынакай ырлары киргизилген. 60-жылдардын аягында шапалактай эки китеби — "Жыргал" (ырлар жана поэма, 1967, 46 б.) менен "Мелдеш" (тестиер балдар үчүн ырлар топтому, 1968, 48 б.) жарык көрдү. Ушул эки китептен кийин басыгы өчтү. Жумушу жоктордун, ичип жүргөндөрдүн китептери планга киргизилчү эмес, жаза тайып киргизилип калса да, тиешелүү жерлерден сызылып кетчү. Анын адабий тагдыры ушундай күнгө туш келип калды. Бирок жаза берди, чыгармалары көбүнчө обончулар, дастанчылар аркылуу оозеки тарап кетти.
Биз ырдап жүргөн ырлар. Какен Алмазбековдун айрым ырларынын бир-эки сабын эске салалы: "Биз жүргөн айлуу түн кайда, биз үзгөн жыпар гүл кайда" ("Кайдасың"), "Басылганча туралы деп кичине, баш катабыз бир күрмөнүн ичине" ("Чагылган"), "Бар бекен эсте баягы, бак чети айыл аягы" ("Албырып шаттык жүзүңдө"), "Жытыңа кеттим магдырап, жыпары белең баланын" ("Жыпары белең баланын"), "Унчукпас уяң немени, ушинтип кыйнай береби, уусун же балын татайын, угузчу бир сөз деги эми" ("Угузчу бир сөз"), "Айылдын ары жагынан, алмалуу колхоз багынан, келишкен кызыл гүл алып, келаткан күндү сагынам" ("Сагынам"). Анын ырлары өзү эле обонго келип, ыргактары музыканы чакырып турат. Лирикалык каармандын ачыктыгы, сөздөрдүн жана сүйлөм курулмаларынын жөнөкөйлүгү Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Бектемир Эгинчиев, Жумамүдүн Шералиев, Орозбек Кутманалиев, Дүйшөнбек Үкүев, Аксуубай Атабаев, Асанкалый Керимбаев сыяктуу обончуларды өзүнө арбап алып, алар не бир керемет обондорду чыгарып, ошол обондорду аткаргандар сыйлык үстүнө сыйлык, наам үстүнө наам ала берди. Бир гана текст жазган автор сый-урматтан кур жалак калып жүрдү. Анын обон чыгарылган ырлары 50дөн ашык дешет.
Айсары кыздын арманы. Бул керемет ырдын сөзүн Какен Алмазбеков жазса, ага обончу, комузчу Зайнидин Иманалиев обон чыгарып, бир катар аткаруучулар ырдап чыкты. Ошолордун ичинен өзгөчө эл ичине сиңгени Айтбүбү Атамкулованын комуз коштоосунда шаңшып чыккан армандуу баяны болду. "Айсары кыздын баяны" деп да айтылып жүрөт. Акын киришүү бөлүмүндө мындай айтат: Кокон хандыгынын убагында Турпан жактан чыккан кырктай кербен Анжияндан соодасын кылып, кайра өтүп бара жатканда Чүй боорунан көп буюмдарын, анын ичинде алтындарын уурдатат. Кербен башы даттанып бул жердин башкаруучусу Канай уулу Байтикке келет. Ал катуу издетип, жоголгон буюмдардын изин табат, бирок ушунчалык көп байлыкты соодагерлерге бере койгусу келбей "ууру табылбады, бирок уурдатканыңарды төлөп берели" деп чыгымын эсептеп, кыркына кырк чаар ат, анан да Турпан ханына бир кыз тартуу кылат. Айсары аттуу ал кыз боз үйдүн түндүгүн жасаган чоң уста, арчалылык Тойчук деген кишинин ашкан сулуу, кошокчу, ырчы кызы экен. Аны кербендерге кошуп берип, узап кетерде айткан арманы бул дастандын негизин түзөт: "Баткан ай кайра толсочу, Байтикти ажал сорсочу", "Ак билек сунсам алчу ким, ак жибек боосун чалчу ким, ажыдар соруп баратат, арача кылып калчу ким", "Ардагым, ага-тууганым, аппак гүл элем куурадым, ачканда бүчүр жаңыдан, ач мите чачып ууладың, алсырап калды Айсары, азуусу тийип бууранын". Ушундай жүрөккө жетип, көөдөндү тилип өтөр саптары бар. Бир уламыш, бир кыздын трагедиялуу тарыхы, бийлик жана байлык, мекен жана белгисиз алыс жак ушундай керемет саптарда берилет.
"Он үч жашар баланын арманы". Бул — кыргыз адабиятынын эң эле тарбиялык таасири күчтүү мурастарынын бири. Эпистолярдык формада жазылган "Он үч жашар баланын каты" деп да аталат. Бала чакта Какен Алмазбековдун айылдашы, андан эки көйнөк мурда жырткан, кийин белгилүү киноактёр жана дастанчы болгон, төкмөчүлүгү да, режиссёрлугу да мыкты Орозбек Кутманалиев менен Какен Алмазбеков Шалта айылындагы алма бакта жатып алып, акын Аалы Токомбаев менен композитор Абдылас Малдыбаевге окшоп, бирибиз текст жазып, бирибиз обон чыгарып, атактуу болсок деп кыялданышчу экен. Ошол кыялдары ишке ашып "Он үч жашар баланын арманын" Какен Алмазбеков жазса, обонун Орозбек Кутманалиев чыгарып, элге тартуулаганда көбү ыйлаган. Ал эле эмес, ырдын таасиринен баласын таштап кеткен айрым аталар үй-жайына кайтып келген учурлар да болгон экен. Чыгарманын актуалдуулугу жыл өткөн сайын мындай социалдык көйгөй жогорулап жатканы менен да байланыштуу экенин моюнга алуубуз керек. "Ата, каныңдан бүткөн эй баламын, кабыл ал айткан ай саламым, көңүлүм канча калса да, көзүмдөн учуп карааның" деген 13 жаштагы баланын зарлаганы, өзүн "тирүүлөй жетим" катары "атасын көрсө бирөөнүн, ачышып кеткен жүрөгү", "калтырып кеткен костюмун жыттап жүргөн" абалында туруп, "туягын тулпар кордойбу, атаке, торгойчо эле болсоң болбойбу, аюу да коргойт баласын, аюудай болсоң болбойбу" деп келип, бир туугандары Нурайым менен Гүлайымдын тагдырын айтат, "ата, сен таштап кеткидей, деги айтчы эмне эле биздин күнөөбүз" деп "күкүк" атага суроо таштайт. "Арман" деген катышкан сөздөрдү советтик учурда жактырышчу эмес, бизде арман жок дешчү, ошон үчүн да анын накта арман жанрындагы чыгармалары "Он үч жашар баланын каты", "Айсарынын баяны" деп аталып калган жана мамлекеттик жыйындарда, радио, теледе бул "армандар" көп ырдатылчу эмес.

2 Жетинин айы 2025, 19:12
Термелер, армандар жана дастандар. Какен Алмазбековдун "Кызыл туу кыргыз кыздары" деген термеси бар. Кызыл-Кыяны сел басканы тууралуу айтылган жери бар, демек, 1977-жылдан кийин жазылган. Бул чыгарманын обону элдики, иштеп чыккан Замирбек Үсөнбаев деп айтылып келет. Улуттук фольклордун термечилик өнөрүнүн салттарына таянган бул терме — аялдарды даңазалаган мыкты чыгармалардын бири. Ырдын ыргактары жеңил, уйкаштыктары чебер. Каныкей, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Айганыш сыяктуу эпикалык каармандардан тартып, Уркуя Салиева сыяктуу колхоз курулушунун каармандары, Керимбүбү Шопокова, Телегей Сагымбаева сыяктуу эмгек алдыңкылары, Сайра Кийизбаева, Мыскал Өмүрканова сыяктуу көркөм өнөр адамдарынын кыргыз тарыхындагы орду, кызматтары терме формасында айтылып, алардын образынын тарбиялык таалими биринчи орунда даңазаланат. "Кадырлап турса кең Мекен, Каныкей болуш эмне экен, ардактап турса кең Мекен, Айчүрөк болуш эмне экен" дегендей айрым саптары элдик накыл кептерге айланып кетти. Замирбек Үсөнбаевден кийин да Токтоболот уулу Улукбек, Руслан Матаев, Гүлина Калыгулова, Азиз Батиров ж.б. дастанчылар аткарып чыгышты. Акындын "Жаштарга", "Эненин арманы", "Айдай кыз", "Арманым", "Кыргыз көчү", "Кыргызым – чолпон жылдызым" ж.б. дастандары, санаттары, термелери кыргыз радиосунун алтын корунда сакталып турат, мезгил-мезгили менен ободон жаңырып, угармандарды ыраазы кылат.
Байдылда "батальонунун" жоокери. Биз сөз кылып жаткан жигиттин тагдырында өкүнүчтүү учурлар көп: эң биринчиси — окубай калганы; экинчиси — көз оорусу; үчүнчүсү — чылымга жана ичкиликке жакын болуп, алардын туткунунан чыга албай калышы. Азыркы Эркиндик, андагы Дзержинский бульварында эл кымгуут кирип-чыгып турган "Сейил" деген ресторан боло турган. Ошонун биринчи кабатында пиво, вино, манты сатчу, анча-мынчасы столго отуруп, анча-мынчасы тик туруп тамак ичишчү. Ошол жерде көбүнчө Байдылда Сарногоев боло турган. Качан көрсөң жанында беш-алты адам. Ошолорго ыр окуп, Мидин менен Райкан тууралуу айтып, ортодо отурушту кызытып турчу. Ал жерди "Байдылданын Таш-Коргону" деп да коюшчу, себеби дубалдарынын бир тобу таш менен урулган эле, сөз укканы атайын келгендерди "Байдылданын батальону" деше турган. Какен Алмазбеков да куйкум сөздөрүн айтып, кызыл виного кызып, Байдыкени колдоп, ошол жерде көп жүрө турган. Кийин алар "Ош" базарынын бозосуна да жылды. Какен акын бир жерде туруктуу иштебей, жумушка келгендей ушундай жерлерге гана келип калды. Байдылда акын "Какен – дайра, мен – кудук, Какен барда мен дудук" деп койчу экен. Мындай жашоо образы анын тагдырына балта чапты, китептерин чыгарууга жол тосулду. 1968-жылдан соң китеби 20 жыл бою чыкпай, өзү "кара тизмеге" кирип, "Кимде айып" деген ырлар жана поэмалар жыйнагы 1988-жылы гана араңдан зорго жарык көрдү.
Жеке мүнөзү. Жаш чагынан жетим калгандыктан өтө боорукер, мээримдүү, жоош киши болгон экен, чөнтөгүндө барын кайыр сураган балдарга таштап кете берген. Шалтада жакшы, чоң багы боло турган, ошону өзү карап, көбүнчө ар кандай сорттогу алма өстүрүгөн багбанчылык жайы бар эле. Байлыкка, наамга кызыкпаган киши болгон. Эс тутуму абдан жакшы дешчү, көп ырларын жаткан билген. Шалтадагы үйүнө Жапар Чабалдаев, Орозбек Кутманалиев келип турган, Жеңишбек Шамшиевдин, Малик Аликеевдин ырдаганын өзгөчө жактырган экен. Шахматты жакшы ойногон.
Тагдыры. Бир ата, бир энеден жети бир тууган экен, ошолордун түйшүгүн бирге тартышкан, казаларын башынан өткөргөн. Биринчи жолу театрда бирге иштеген кызга үйлөнгөндө келиндин гастролдоп жүргөнү кайын энесине жакпай калып кетирген дешет, анан көпкө аял албай жүрүп, кырктын кырынан өткөндө, 1976-жылы үйлөнүп, 1977-жылы уулдуу, анан кыздуу болот. Бир чети ичкилик, бир чети чылым, бир чети ысык тамактан өксүү тарткандык анын өпкөсүнүн кагынышына, кийин "аты жаман" ооруга өтүп кетишине алып келди. Ошол оорунун залакасынан 1991-жылы сентябрда көзү жумулду. Күйөөсүнөн он жылдан кийин жубайы да каза болду. Азыр неберелери бар, кудайга шүгүр.
Талантты тааныган эли бар. Акын каза болгон соң даяр турган ырларын, дастандарын карындашы Сания аракет кылып жүрүп, үч китеп чыгарды. Жердештери 2023-жылы айылдык китепканага ысымын ыйгарып, көчөгө атын берип, 2025-жылы туулган жерине эстелигин орнотту. "Поэзия ордосу" деп аталган чыгармачылык бирикмеси Какен Алмазбеков атындагы медаль негиздеп, аны татыктууларга ыйгарып келет.

15 Жетинин айы 2025, 20:09