https://sputnik.kg/20260507/1101165169.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү баа абалы туруктуу экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин... 07.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-07T18:59+0600
2026-05-07T18:59+0600
2026-05-07T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/07/1101165003_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9dc44bce154446a4a7216ec3d26cb8d1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү баа абалы туруктуу экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин баасы аймактагы эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири болуп, бир килограммы орточо 8,5 долларды түзөт. Бул баа Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркияга салыштырмалуу төмөн экени белгиленди. Ошондой эле социалдык маанидеги негизги товарлардын баасы Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга караганда төмөн бойдон калууда. Мекеме күйүүчү майдын баасы да кескин эмес экенин маалымдап, бензин менен дизелдин наркы аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдөн арзан экенин белгиледи. Россия жана Казакстанда мунай өндүрүшү бар болгондуктан, ал жакта баалар төмөнүрөөк экени айтылды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай көрсөткүчтөр ички рыноктун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктай турганын билдирди.
Ички иштер министрлиги 9-Май — Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана согуштун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрдү. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин жетекчилери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана материалдык жардам тапшырылды. ИИМден белгилешкендей, бул иш-чаралар ардагерлердин Жеңишке кошкон салымына, эрдигине жана бейпил жашоо үчүн жасаган эмгегине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп саналат.
Токаев Казакстандын куралдуу күчтөрүндө ири реформа жүргүзүлөрүн билдирдиКасым-Жомарт Токаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө жана күч түзүмдөрүндө кеңири реформа жүргүзүлөрүн жарыялады.Казакстан президентинин айтымында, өзгөрүүлөрдү эки жыл ичинде ишке ашыруу пландалууда. Ал бул чечим дүйнөдөгү туруксуз кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.Реформанын негизги багыты аскердик тармакты технологиялык жактан жаңылоо жана аскердик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болот.Токаев Казакстан тынчтыкты жактаган өлкө бойдон каларын, бирок азыркы шартта коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө милдеттүү экенин айтты. Анын белгилешинче, зарыл учурда өлкө улуттук кызыкчылыктарын коргоодо катуураак чараларды көрүүгө даяр.
АКШ Ирандан уран байытууга 20 жылдык мораторий талап кылуудаАКШ Ирандан уран байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү жана топтолгон бардык ядролук материалдарды өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу The Wall Street Journalбасылмасы жазды. Маалыматка ылайык, АКШ ошондой эле Фордо, Натанз жана Исфахандагы негизги ядролук объектилерди демонтаждоону, анын ичинде жер алдындагы иштерге толук тыюу салууну сунуштоодо. Буга чейин 14 пункттан турган меморандум даярдалып жатканы кабарланган. Документте Тегеран массалык кыргын салуучу куралдарды түзүүдөн баш тартып, кеминде 12 жыл уран байытпоого макул болсо, АКШ санкцияларды жеңилдетип, Ормуз кысыгын ачуу маселеси каралары айтылган.Ошол эле учурда Ак үй сүйлөшүүлөрдө жакын арада жылыш болбосо, Дональд Трамп Иранга каршы
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдөгү баа абалы туруктуу экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда уй этинин баасы аймактагы эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири болуп, бир килограммы орточо 8,5 долларды түзөт. Бул баа Казакстан, Россия, Азербайжан жана Түркияга салыштырмалуу төмөн экени белгиленди. Ошондой эле социалдык маанидеги негизги товарлардын баасы Армения, Тажикстан жана Өзбекстанга караганда төмөн бойдон калууда. Мекеме күйүүчү майдын баасы да кескин эмес экенин маалымдап, бензин менен дизелдин наркы аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдөн арзан экенин белгиледи. Россия жана Казакстанда мунай өндүрүшү бар болгондуктан, ал жакта баалар төмөнүрөөк экени айтылды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай көрсөткүчтөр ички рыноктун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн тастыктай турганын билдирди. Ички иштер министрлиги 9-Май — Жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери жана согуштун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрдү. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана ИИМдин жетекчилери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана материалдык жардам тапшырылды. ИИМден белгилешкендей, бул иш-чаралар ардагерлердин Жеңишке кошкон салымына, эрдигине жана бейпил жашоо үчүн жасаган эмгегине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп саналат. Токаев Казакстандын куралдуу күчтөрүндө ири реформа жүргүзүлөрүн билдирдиКасым-Жомарт Токаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө жана күч түзүмдөрүндө кеңири реформа жүргүзүлөрүн жарыялады.Казакстан президентинин айтымында, өзгөрүүлөрдү эки жыл ичинде ишке ашыруу пландалууда. Ал бул чечим дүйнөдөгү туруксуз кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.Реформанын негизги багыты аскердик тармакты технологиялык жактан жаңылоо жана аскердик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болот.Токаев Казакстан тынчтыкты жактаган өлкө бойдон каларын, бирок азыркы шартта коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө милдеттүү экенин айтты. Анын белгилешинче, зарыл учурда өлкө улуттук кызыкчылыктарын коргоодо катуураак чараларды көрүүгө даяр.АКШ Ирандан уран байытууга 20 жылдык мораторий талап кылуудаАКШ Ирандан уран байытууга 20 жылдык мораторий киргизүүнү жана топтолгон бардык ядролук материалдарды өткөрүп берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу The Wall Street Journalбасылмасы жазды. Маалыматка ылайык, АКШ ошондой эле Фордо, Натанз жана Исфахандагы негизги ядролук объектилерди демонтаждоону, анын ичинде жер алдындагы иштерге толук тыюу салууну сунуштоодо. Буга чейин 14 пункттан турган меморандум даярдалып жатканы кабарланган. Документте Тегеран массалык кыргын салуучу куралдарды түзүүдөн баш тартып, кеминде 12 жыл уран байытпоого макул болсо, АКШ санкцияларды жеңилдетип, Ормуз кысыгын ачуу маселеси каралары айтылган.Ошол эле учурда Ак үй сүйлөшүүлөрдө жакын арада жылыш болбосо, Дональд Трамп Иранга каршы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/07/1101165003_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b74830c5d2b96a825f86e15a7abcd57d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио