https://sputnik.kg/20260507/1101162097.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Трамп Украинада 8–9-майда ок атышууну... 07.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-07T17:00+0600
2026-05-07T17:00+0600
2026-05-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/07/1101161931_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_43c4e88708b28fb53a78cd5405e7edab.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Трамп Украинада 8–9-майда ок атышууну токтотуу боюнча Путиндин демилгесин колдоду Москвада 9-майда мобилдик интернетке убактылуу чектөө киргизилет Министрлер кабинети колледждерге жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу эрежелерин өзгөрттү. Эми алдыда кененирээк... Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети колледждерге жана жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартип кабыл алуу процессин ачык-айкын кылууга багытталган.Жаңы эрежелерге ылайык, абитуриенттердин баллы тең чыккан учурда облус деңгээлиндеги мектептик сынактардын жеңүүчүлөрүнө артыкчылык берилет. Мындай сынактардын тизмесин кийин Билим берүү министрлиги түзөт.Ошондой эле профилдик адистиктерге тапшырууда жеңилдик берилген олимпиадалардын тизмеси кеңейтилди. Мурда бул жеңилдик негизинен “Интеллектуалдар XXI кылым” сынагынын катышуучуларына тиешелүү болсо, эми эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө да жайылтылды. Облустук деңгээлде байгелүү орун алган окуучулар өз багытына ылайык адистиктерди тандай алышат. Бирок бул жеңилдик Бишкек шаарындагы ЖОЖдорго тиешелүү эмес — абитуриенттер милдеттүү түрдө ЖРТ тапшырып, босого баллды топтошу керек.Мындан тышкары, өкмөт билим берүү тармагындагы ваучердик каржылоо механизмин кийинки окуу жылына чейин узартты.
Чүй облусунда 7-майдан 12-майга чейин туруксуз аба ырайы жана катуу жаан-чачын күтүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралары эскертилди. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдагандай, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу жарандарга жана эс алуучуларга коопсуздук чараларын сактоо сунушталды. Тактап айтканда, тоолуу аймактарга барбоо, дарыя жээктеринде жана капчыгайларда эс албоо, ошондой эле катуу жаан учурунда тоо жолдорунда жүрүүдөн алыс болуу керектиги айтылды. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 102 кызматына кайрылуу зарыл экени белгиленди.
Москвада 9-майда мобилдик интернетке убактылуу чектөө киргизилет Москва шаарында 9-май — Жеңиш күнүнө карата коопсуздук чараларынын алкагында мобилдик интернет жана СМС кызматтарына убактылуу чектөө киргизилет. Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, чектөөлөр майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында ишке ашырылат. Бул чаралар “ак тизмедеги” айрым сайттарга кирүүгө да таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда үйдөгү интернет жана Wi-Fi тармактары кадимки режимде иштей турганы белгиленди. Министрлик 7–8-май күндөрү байланыш чектелбей турганын билдирип, бирок коопсуздукка байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралса мобилдик интернет убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.
Трамп Украинада 8–9-майда ок атышууну токтотуу боюнча Путиндин демилгесин колдоду РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, мындай демилге Киевди сарысанаага салып, тынчын алууда. “Зеленский Жеңиш парадын үзгүлтүккө учуратарын айткан коркутуулары менен нацизмге каршы күрөшкөндөрдүн элесине, анын ичинде өз үй-бүлөсүнүн тарыхына да кайдыгер экенин ачык көрсөттү”, — деди ал. Семён Иванович Зеленский 17 жашында фронтко кеткен. 1942-жылы Совет армиясынын 57-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 174-гвардиялык полкунда кызмат кылган. 1944-жылы Никополь аймагындагы салгылаштарга катышкан.
Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Трамп Украинада 8–9-майда ок атышууну токтотуу боюнча Путиндин демилгесин колдоду Москвада 9-майда мобилдик интернетке убактылуу чектөө киргизилет Министрлер кабинети колледждерге жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу эрежелерин өзгөрттү. Эми алдыда кененирээк... Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети колледждерге жана жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) кабыл алуу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы тартип кабыл алуу процессин ачык-айкын кылууга багытталган.Жаңы эрежелерге ылайык, абитуриенттердин баллы тең чыккан учурда облус деңгээлиндеги мектептик сынактардын жеңүүчүлөрүнө артыкчылык берилет. Мындай сынактардын тизмесин кийин Билим берүү министрлиги түзөт.Ошондой эле профилдик адистиктерге тапшырууда жеңилдик берилген олимпиадалардын тизмеси кеңейтилди. Мурда бул жеңилдик негизинен “Интеллектуалдар XXI кылым” сынагынын катышуучуларына тиешелүү болсо, эми эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө да жайылтылды. Облустук деңгээлде байгелүү орун алган окуучулар өз багытына ылайык адистиктерди тандай алышат. Бирок бул жеңилдик Бишкек шаарындагы ЖОЖдорго тиешелүү эмес — абитуриенттер милдеттүү түрдө ЖРТ тапшырып, босого баллды топтошу керек.Мындан тышкары, өкмөт билим берүү тармагындагы ваучердик каржылоо механизмин кийинки окуу жылына чейин узартты.Чүй облусунда 7-майдан 12-майга чейин туруксуз аба ырайы жана катуу жаан-чачын күтүлүп, сел жүрүү коркунучу жаралары эскертилди. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдагандай, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Буга байланыштуу жарандарга жана эс алуучуларга коопсуздук чараларын сактоо сунушталды. Тактап айтканда, тоолуу аймактарга барбоо, дарыя жээктеринде жана капчыгайларда эс албоо, ошондой эле катуу жаан учурунда тоо жолдорунда жүрүүдөн алыс болуу керектиги айтылды. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 102 кызматына кайрылуу зарыл экени белгиленди. Москвада 9-майда мобилдик интернетке убактылуу чектөө киргизилет Москва шаарында 9-май — Жеңиш күнүнө карата коопсуздук чараларынын алкагында мобилдик интернет жана СМС кызматтарына убактылуу чектөө киргизилет. Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, чектөөлөр майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында ишке ашырылат. Бул чаралар “ак тизмедеги” айрым сайттарга кирүүгө да таасир этиши мүмкүн. Ошол эле учурда үйдөгү интернет жана Wi-Fi тармактары кадимки режимде иштей турганы белгиленди. Министрлик 7–8-май күндөрү байланыш чектелбей турганын билдирип, бирок коопсуздукка байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралса мобилдик интернет убактылуу өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.Трамп Украинада 8–9-майда ок атышууну токтотуу боюнча Путиндин демилгесин колдоду РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, мындай демилге Киевди сарысанаага салып, тынчын алууда. “Зеленский Жеңиш парадын үзгүлтүккө учуратарын айткан коркутуулары менен нацизмге каршы күрөшкөндөрдүн элесине, анын ичинде өз үй-бүлөсүнүн тарыхына да кайдыгер экенин ачык көрсөттү”, — деди ал. Семён Иванович Зеленский 17 жашында фронтко кеткен. 1942-жылы Совет армиясынын 57-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 174-гвардиялык полкунда кызмат кылган. 1944-жылы Никополь аймагындагы салгылаштарга катышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/07/1101161931_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7281036c3ac66c29109bf0b21ee5529a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио