00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дагы 200 млн. сом бар — чакан жана орто бизнеске 6%дан насыя берилүүдө
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
On air
10:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Климаттын өзгөрүшү организмге олуттуу таасир этет. Ысыктан кантип коргонобуз?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Текебаевдин аты Эпштейндин файлдарында аталганбы? Саясатчы түшүндүрмө берди

© Фото / Чинара ДжакупбековаКыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев. Архив
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Эпштейн файлдарында аты аталганы боюнча түшүндүрмө берди. Саясатчы бул тууралуу интернеттеги баракчасына жазды.
Элчи Эпштейндин өзү менен да, ортомчулары менен да байланышта болбогунун билдирди. Текебаевдин айтымында, 2017-жылы Атамбаевдин режими аны камакка алгандан кийин эл аралык байкоочулар Кыргызстанды туруксуз аймак катары баалап, аналитикалык корутунду чыгарышкан.
"Саясий тобокелдиктерди талдоодо менин фамилиям эл аралык аналитикалык материалдарда аталган. Башкача айтканда, мени "фигурант" катары эмес, саясий фактор катары байкоого, эсепке алууга тийиш болгон адам катары карашкан", — деди саясатчы.
Ошондой эле ал Жеффри Эпштейндин айланасындагы ызы-чуу бир эле адамга тиешелүү эместигин, бул системага, элитага, кош стандарттуулукка тийиштиги бар экенин жана Батыштын моралдык лидер дегенден акырындык менен тайып баратканын көрсөткөн окуя экенин жазган.
Текебаев Батыш өлкөлөрү ондогон жылдар бою башка мамлекеттерди демократия, адам укуктары боюнча сындап келишкенин, эми ушундай эле маселе боюнча суроолор өздөрүндө да жаралганын айтты.
"Батыш армиясын же акчасын жоготуп жаткан жок. Ал башкаларга акыл үйрөтүү укугун жоготуп жатат", — деген Кыргызстандын Германиядагы элчиси.

Эпштейндин иши

2008-жылы бул киши жашы жете электерди сойкулукка тартуу жана зордуктоо боюнча кылмыштуу ишке аралашкан, тагыраагы, жоопко тартылган. Миллиардер күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзүп, түрмөдө болжол менен 13 ай жаза өтөгөн.
2019-жылы аны балдарды сексуалдык эксплуатациялоо үчүн сатуу жана мындай ишке адамдарды тартып кылмыш жасаган деген айып менен кайра темир тордун ичине киргизилген. Тергөөдө айтылгандай, 2002-2005-жылдары ал Нью-Йорк жана Флоридадагы резиденцияларда ондогон кыздар менен интимдик байланышта болгон. Анын мындай кылмышынан жабыркагандардын айрымдары 14 жашка да толо электиги айтылат.
Ошол эле жылы августта Эпштейн абакта өзүнүн жанын кыйганы айтылат. Анын шериги Гислейн Максвелл 20 жылга эркинен ажыратылган.
Былтыр коомчулук бул ишке дыкаттык менен көз салып, өзгөчө карай баштады. Ага финансисттин электрондук кат алышуусунун болжол менен 20 миң барагы, ошондой эле эл оозундагы белгилүү адамдардын сүрөттөрүнүн ачыкка чыгышы себеп болду.
Алардын арасында АКШнын президенти Дональд Трамп, Ак үйдүн мурдагы башчысы Билл Клинтон, Улуу Британиянын АКШдагы мурдагы элчиси Питер Мандельсон, режиссёр Вуди Аллен, ырчы Майкл Жексон, ишкер Ричард Брэнсон, Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн бир тууганы Эндрю жана башка адамдар бардыгы айтылды.
  Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2026
Зеленскийдин аты Эпштейндин адам сатуу боюнча документтеринде айтылган
Жаңылыктар түрмөгү
0