00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бөтөн согушка бел байлаган кыргызстандык жоокерлер. Аскердик кабарчы менен маек

© Фото / из личного архива Александра КимаАскердик чалгын кызматынын офицери, ага лейтенант Айбек Мамытов (сол жактан биринчи) кесиптештери менен. Тажик-афган чек арасы. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1995-жыл
Аскердик чалгын кызматынын офицери, ага лейтенант Айбек Мамытов (сол жактан биринчи) кесиптештери менен. Тажик-афган чек арасы. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1995-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2025
Жазылуу
Кыргызстандын аскердик журналистикасы "Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы Александр Кимдин Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальону менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна (ТТБАО) барып келгенден кийинки макалалары менен түптөлгөн десек болот.
Памирден кайткан журналист гезитке "Чужая война — командировка с зоны конфликта" ("Бөтөн согуштан жазылган макала") аталышындагы эки материал жарыялаган. 1994-жылы июлда Коргоо министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси болуп дайындалып, ошондон тарта өмүрү Куралдуу күчтөр менен тыгыз байланышта болду. Колумнист Алмаз Батилов Александр Ким менен Бадахшанда кызмат өтөгөн ала-тоолук жоокерлер тууралуу маектешти.
— Тынчтык орнотуучу батальондун тарыхын жакшы билсеңиз керек.
— 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталбадыбы. Кыргызстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусунда абал абдан курчуп кеткен эле, СССР урагандан кийин тажик-афган чек арасын россиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн улам чек араны толук көзөмөлгө алууга чамасы чак болчу. Согуштан пайдаланып Афганстандан Борбордук Азия аркылуу Россия жана Европага баңгизат ташууга жол ачылып, курал-жарак мыйзамсыз сатыла баштады. Бул башаламандык постсоветтик аймакка чоң коркунуч туудурду. 1993-жылы январда Минскиде КМШ өлкө башчылары жолугуп, натыйжада Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы россиялык чек арачыларга көмөктөшүүгө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 500 аскерден турган тынчтык орнотуучу батальон жиберүү боюнча саясий чечим кабыл алынган. Ага ылайык, казак жана өзбек батальондору Хорог менен Калаи-Хумб районундагы чек араны көзөмөлгө алышты. Ал эми кыргыз отряды Ишкашимдеги чек ара тилкесин кайтармак болду.
© Sputnik / Акбар АкжигитовАскердик журналист Александр Ким. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы. Октябрь, 2025
Военный журналист Александр Ким - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2025
Аскердик журналист Александр Ким. К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы. Октябрь, 2025
Ошол эле жылы 13-июлда Тажикстандын Памириндеги россиялык чек ара заставасына афган жана тажик согушкерлери кол салып, 25 жоокер каза болгон. 1993-жылы июлдун башында КР өкмөтү тынчтык орнотуучу батальон түзүү чечимин кабыл алган. Ага ылайык, Бишкекте аскердик бирикменин жарымы куралып, анын командири болуп ыраматылык майор Бакыт Кулмамбетов дайындалган. Бирок Жогорку Кеңеш бул чечимди ратификациядан өткөрө элек болчу.
— Сиз бул батальонго кандайча кошулуп калдыңыз?
— Памирге барып репортаж жасасам деген кыялым бар эле. Бирок ал жакка өз алдымча бара алмак эмесмин, аскердик кабарчы катары батальондун катарына кошулдум. Анткен менен отрядды Тажикстандын Бадахшанына киргизүүгө жоопкер болуп дайындалган полковник Исмаил Исаков менен подполковник Валерий Богдашкин менин Бадахшанга барышыма каршы болушту. Согушта ар кандай учурлар болот эмеспи, кырсыкка учураса ким жоопкерчилик алат дешти. Бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин акыры макул болуп, 26-июлда батальондун жарымы Токмоктогу аскердик аэропорттон Ошко учту. Ал жерден отряд толукталды. Адегенде Гүлчөдө жайгаштык.
© Фото / из личного архива Эмиля ТологоноваКР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун жоокери Эмилбек Төлөгөнов энеси, иниси менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна жөнөрдүн алдында. Бишкек, цирк, 1994
Солдат миротворческого батальона КР в ГБАО Таджикистана Эмиль Тологонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2025
КР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун жоокери Эмилбек Төлөгөнов энеси, иниси менен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна жөнөрдүн алдында. Бишкек, цирк, 1994
— Эмнеден улам Гүлчө тандалган экен?
— Жогорку Кеңештин чечимин күтүш керек болду. Ошол эле учурда жоокерлер машыгып жатышты. Союз учурунда Гүлчөдө чек арачыларды Памирдин климатына адаптациялоочу атайын машыктыруучу лагерь болгон. Совет-афган чек арасын адатта Россия, Украина, Беларусь, Латвия, Литва жана Эстониядан чакырылган аскерлер кайтарчу. Бир ай Гүлчөдөгү лагерде климатка ыңгайлашчу. Лагерде советтик чек арачыларды машыктырган ага прапорщик Рифхат Газин менен таанышып калдык. Ошол киши "Памирде жоокерлер жай басыш керек, аба жетпейт, түтөк болуп оорушу мүмкүн, сууну аз-аздан ичиш керек" деп кеп-кеңешин берип турду.
— Памирге кайсы күнү чыктыңар?
— 29-июлда Жогорку Кеңеш тынчтык орнотуучу батальонду киргизүү тууралуу чечимди ратификациядан өткөрдү. Ошол замат жеңил жана оор жүк ташуучу автоунаалардан турган бир колонна жөнөп кетти. 18 ПАЗ-672 автобусуна жоокерлер түштү, калган офицерлер төрт жеңил унаага отурушту. Мындан сырткары, төрт КамАЗга ок-дары, тамак-аш, күйүүчү май жана суу жүктөлдү. Хорогдо холера менен ооругандар каттала баштаган эле. Баарыбызга "Калашников" автоматы менен ок-дары берилди. Россиялык заставанын тажрыйбасын эске алып, согушкерлердин чагымына алдырбоо, каршылашкан эки жакка бейтарап мамиле кылуу буйругу берилди.
© Фото / из личного архива Толкуна СмановаКР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун аскерлери. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1993-жыл
Кыргызстанский миротворческий батальон на таджико-афганской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2025
КР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун аскерлери. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1993-жыл
Ошол күнү кечинде Мургабга жеткенден кийин айрым аскерлер түтөгүп ооруду. Бизди россиялык чек ара отрядынын подполковниги Сергей Антипенко тосуп алды. Батальон казармага жайгаштырылып, кечки тамак ичилди. Антипенко менен түндүн бир оокумуна чейин сүйлөшүп отурдук. Эртеси биздин отрядга россиялык чек арачылардын бир тайпасы менен аскердик техникасын бөлүп берип, "тажик талаа командирлери кыргыз батальонуна кол салбайбыз деп кепилдик беришиптир, ишенбегиле, алардын далай ирет убадасын бузганына күбө болгом" деди.
— Ишкашимге жакшы эле жетип алдыңыздарбы?
— Ооба, эч ким кол салган жок. 30-июлда кечинде Хорогго жакындаганда гана согушкерлер тосуп алып, автомат кезеп, коркутууга аракеттеништи. Коштоп бараткан россиялык БМП пулёметунан асманга ок чыгарып, бат эле эсине келтирди. Козголоңчулар аргасыздан жолду бошотту. Кетип баратканда БМПга таш ыргыткан, сөккөн жергиликтүү тургундар да болду. Кечинде Хорогго жетип түнөдүк. Түн ичинде согушкерлер Афганстан тараптан калааны автомат жана пулёметтон аткылашты. "Көңүл бурбай эле койгула, түн ичинде дайыма аткылашат" дешти. Эртеси Ишкашимдеги россиялык чек ара отрядынын командири, подполковник Валерий Воронков "Пянж дарыясын бойлоп бара жатканда буктурма болушу мүмкүн, сак болгула. Буга чейин колонналарды аркы өйүздөн афган моджахеддери аткылаган учурлар болгон" деп телефон чалып эскертти. Жолго чыктык. Бирок бизге эч ким ок чыгарган жок. Көрсө, жаңыдан түптөлүп жаткан КР Аскердик-чалгын кызматынын офицерлери афган моджахеддери жана тажик козголоңчулардын корбашылары менен тымызын сүйлөшүп, кол салбоо тууралуу кепилдигин алышкан экен. Ишкашимден россиялык чек арачылар тосуп алышты. Митинг өтүп, кыргыз жана орус офицерлери чек араны биргелешип кайтарууга сөз беришти.
© Фото / Архив Национальной библиотеки им. А. Осмонова”Вечерний Бишкек” басылмасынынын кабарчысы Александр Кимдин “Чужая война-командировка с зоны конфликта” (Бөтөн согуштан жазылган баяндама) аттуу макаласынын биринчи бөлүгү. 1993-жыл, 13-август
Статья Чужая война – поездка из зоны конфликта в газете Вечерний Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2025
”Вечерний Бишкек” басылмасынынын кабарчысы Александр Кимдин “Чужая война-командировка с зоны конфликта” (Бөтөн согуштан жазылган баяндама) аттуу макаласынын биринчи бөлүгү. 1993-жыл, 13-август
Жыйын баарыбызга кадимкидей дем берди. Россиялыктар бөлүп берген казармага жайгаштык. Кыргызстандык отряд чек ара участкасын көзөмөлгө алып, заставаларды курушту. Ала-тоолук батальон алты жыл бою тажик-афган чек арасын кайтарды. Талаа командирлери Бириккен тажик оппозициясынын (БТО) куралдуу канатына кошулуп кетишкен. БТОнун лидерлери Түндүк Афганстандан баш паанек таап, согушкерлери чек арадан өтүп расмий бийликтин армиясы менен күч түзүмдөрүнө кол салып турган. Буга карабастан полктошторум Тоолуу Бадахшандын катаал климатына чыдап, баңгизат жана курал-жарак ташууга бөгөт коюшту. Ачка калган күндөр да болду. Кыйынчылыктарга кайыл болуп Ишкашимде ак дилинен кызматын өтөштү.
— Жергиликтүү калктын батальонго мамилеси кандай болду?
— Адегенде памирликтер бизди баскынчы катары көрүштү. Кийинчерээк мамиле өзгөрдү. Батальонго келип, таза сууну кайсы жерден алуу керетигин, заставаларды кайсы жерге курса болорун көрсөтүштү. Ошентип бат эле тил табыштык. Памирликтер "силер накта бизге бир туугансыңар, биз силерди чын жүрөктөн сыйлайбыз" деп ыраазычылык билдиришчү. Себеби чөлкөм блокадада калган эле, Ош — Хорог жолу бадахшандыктар үчүн "Өмүр жолу" болду. Кыргызстан социалдык-экономикалык жактан кыйналып турса да Тажикстандын Бадахшанына тамак-аш, күйүүчү май өңдүү товарларды жөнөтүп турган.
© Фото / из личного архива Александра КимаКР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун жоокерлери тажик-афган чек арасын кайтарууда. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1995-жыл
Кыргызстанский миротворческий батальон на таджико-афганской границе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2025
КР Коргоо министрлигинин тынчтык орнотуучу батальонунун жоокерлери тажик-афган чек арасын кайтарууда. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1995-жыл
Эл жакыр жашаганын көрдүк. Жарандык согуштун айынан акчага эчтеке сатып алуу мүмкүн эмес эле. Нан тартыш болгондуктан, айласыздан жалаң эт жешчү. Памир — мал багуу жана дыйканчылык кылууга ыңгайсыз аймак. Тестиер балдар батальонго келип токоч сурашчу. Кыргызстандык аскерлер аларга нан берип жатканына далай ирет күбө болдум. Батальон жергиликтүү калкка ун да таратып турду. 16 жаштагы кызын беш кап унга сатууга даярларды да көрдүк. Отрядда эки жума болуп Бишкекке кайтып келип "Вечерний Бишкек" гезитине "Чужая война — командировка с зоны конфликта" ("Бөтөн согуштан жазылган макала") аталышындагы эки репортажым чыкты. Тоолуу Бадахшандагы батальон менен тыгыз байланышта болдум.
Тилекке каршы, кээ бир куралдаштарым окко учту. Айрымдары кырсыктан, кээси оорудан каза болушту. Жаракат алгандар болду. 1993-1999-жылдары ала-тоолук отрядга афган моджахеддери жана тажик согушкерлери кол салган жок. Бирок 1995-жылы 7-апрелде Дарваз районундагы Пшихарв капчыгайында Афганстандан өткөн тажик согушкерлер Казакстандын тынчтык орнотуучу батальонуна каршы буктурма уюштуруп, 17 аскерин өлтүрүп, ондогон жоокерин жарадар кылышкан.
— Кыргызстандыктар батальонго материалдык көмөк көрсөтүп турган экен?
— Ооба. Ошондо элдин жана армиянын биримдиги да далилденди. Басылмаларга "Памирдеги батальонго көмөк көрсөтүш керек" деген кыска кайрылуулар жарыяланчу. Редакцияларга, Коргоо министрлигинин атайын пунктуларына тамак-аш, тамеки, калем сап, кагаз жана жылуу кийим алып келишчү. Айрымдар акча да ташташчу. "Аты-жөнүмдү жазбай эле койгула, аскерлерибизге колуман келген жардамымды берип жатам" дешер эле. Бул нерсе Кыргызстандын тарыхына жазылышы керек.
Куралдуу күчтөрдүн жана Баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Маратбек Шайымкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2025
Аша албайт деген Бустосту ашкан согушкерлер. Баткен коогасынын дагы бир өңүрү
Тагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Тагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0