Тагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны

© Sputnik / Александр ФедоровТагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны
Тагдырын жеңген тажикстандык кыргыздар. Согуш жер оодарткан кандаштардын баяны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Жазылуу
1992-жылы коңшу Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин 200 миңден ашуун тажик жараны качып КМШ өлкөлөрүнөн, Афганстандан баш паанек издөөгө мажбур болгон. Алардын арасында этникалык кыргыздар да бар эле.
Тажикстандык боордоштордун басымдуу бөлүгү Ош, Баткен жана Чүйгө качып келишкен. Ошол учурда алар менен БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын комиссариаты жана жергиликтүү бийлик тыгыз иштешкен. Арасында СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, отставкадагы полковник, араб таануучу Валимжан Таңырыков да болгон. Ал БУУ башкармалыгынын комиссарынын Орто Азиядагы өкүлүнүн талаа жардамчысы эле. Окуянын күбөсү менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
© Фото / из личного архива Валимжана Танырыкова"Фрунзе-1" тик учак полкунун гарнизонундагы саясий жана тарбиялык иштер боюнча офицер Валимжан Таңырыков V- авиациялык кадрларды даярдоо курстарынын индиялык курсанттары менен экскурсияда. Фрунзе, спорт сарайы. 1983-жыл
Архивные фотографии полковника Валимжана Танырыкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
"Фрунзе-1" тик учак полкунун гарнизонундагы саясий жана тарбиялык иштер боюнча офицер Валимжан Таңырыков V- авиациялык кадрларды даярдоо курстарынын индиялык курсанттары менен экскурсияда. Фрунзе, спорт сарайы. 1983-жыл
— Тарыхый процесске кандайча катышып калдыңыз эле?
— Биринчи адистигим боюнча англис тили мугалимимин. 1960-жылдары армияга чакырылдым. Андан соң Сириядагы советтик аскердик кеңешчилердин котормочусу болуп иштеп, араб тилин үйрөнгөм. Ал жактан келгенден кийин Фрунзедеги V авиациялык кадрларды даярдоо курстарында саясий иштер боюнча офицер болуп эмгектенип, 1990-жылдардын башында отставкага чыктым да, 1993-жылдан тарта БГУнун чыгыш таануу факультетинде араб тили боюнча мугалим болуп ишимди уланттым. Ошол маалда кызым Консуэла Кыргызстандагы Евробиримдиктин ТАCIS программасынын кеңсесинде иштечү. БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы өкүлү Филип Лабраве Ташкенттен Бишкекке келди. Ага жумушу боюнча жардамчы керек экен. Отставкадагы офицер болсо жакшы болмок дегенинен кызым мени сунуштаптыр. Экөөбүз "Достук" мейманканасынан жолуктук. Ал Кыргызстанда Тажикстандан баш паанек издеген качкындар боюнча маалымат чогултуп, алар менен иштеше турган талаа жардамчысы керектигин айтып, макулдугумду сурады. Иштейм дедим. Филип айдоочу менен жеңил автоунаа табуу, анан тажикстандык качкындарды издөө боюнча тапшырма берди. Качкындарды кайсы жерден издөө керектигин сурасам мындай маалымат эч кимде жок экенин, болжолдуу түрдө Чүй, Жалал-Абад, Баткен жана Ош аймактарында жайгашкан деген маалымат бар экенин айтты. Андан тышкары, жергиликтүү бийликтен алардын санын тактоо, тизмесин түзүүнү, анын баарын жергиликтүү акимиатка, Бишкектеги сактык кассасынын жана Ташкенттеги комиссардын өкүлүнүн кеңсесине жөнөтүү керек эле. Качкындарга БУУдан акча таратылмак экен. Мисалы, үч кишиден турган үй-бүлөгө орто эсеп менен 300 доллар туура келмек. Лабравенин айтымында, БУУ бул максат үчүн 350 миң доллар бөлүптүр.
© Sputnik / Александр ФедоровЧүйдүн Жаңы-Пахта айылына келген качкындар. 1993-жыл
Гражданская война в Таджикистане 1992-1997 годов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Чүйдүн Жаңы-Пахта айылына келген качкындар. 1993-жыл
— Качкындарды кантип издей баштадыңыз?
— Адегенде айдоочу менен "Жигули" жеңил автоунаасын таптым. Сокулук районуна барып, жергиликтүү бийликтен качкындар жөнүндө сураштырдым. Боордоштор Москва районундагы Беловодское кыштагына, мындан сырткары, Аламүдүн, Жайыл жана Панфилов райондорунун айылдарына жайгаштырылыптыр.
Беловодское айылына бардым, орто мектептин имаратында экен. Тажикстандык кандаштардын абалын көрүп, аябай зээним кейиди. Ата Журтун аргасыздан таштап, мусапыр болуп келишкен. Көбүнүн документтери жок, өздөрүнүн айтымында, Тажикстандагы кандуу тирешүүдө белгисиз топтор түн ичинде келип, талап-тоноп, жумушка жарай турган кыздар менен балдарды алып кетчү экен. Кыргыз-тажик чек арасы ачык болгондуктан кандаштарыбыз баш паанек издеп Тажикстандан автоунаа же поездге отуруп качышкан. Кээ бирлери тоо аралап Кыргызстанга жөө-жалаңдап келишкен.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КРЧүй облусунун Сокулук районуна келген тажикстандык качкындар, 90-жылдар
Гражданская война в Таджикистане 1992-1997 годов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Чүй облусунун Сокулук районуна келген тажикстандык качкындар, 90-жылдар
Душанбеден поезд менен качкандардын көпчүлүгү Кара-Балта шаарынын тегерегине отурукташкан. Качкындарды бийлик өкүлдөрү тосуп алып, кайсы жакка жайгашуу керектигин айтышат. Тажикстандык боордошторду аскердик чалгынчы жана дипломат маркум Эрик Асаналиев, коомдук ишмер Тайтөрө Батыркулов менен полковник Абдрахим Раджапов Душанбеден поездге отургузуп Өзбекстан аркылуу эвакуациялаганы тууралуу кийин билдим. Алар менен чогуу кандаштарга көмөк бергениме абдан сыймыктанам. Качкындарга жергиликтүү эл жууркан-төшөк, идиш-аяк жана тамак-аш жагынан жардам бергенине далай ирет күбө болдум.
Башка аймактарга да барып, тажикстандык боордоштор менен жолугуша баштадым. Алар Ысык-Көлгө гана массалык түрдө көчүп барган эмес. Качкындар тууралуу маалыматтарды түшүрө баштадым. Бир аз убакыттан кийин мага Ташкенттеги БУУнун жогорудагы башкармалыгы автоунаа менен мөөрүн берди. Жолтандабаска атайын БУУнун көгүлтүр номери тагылып, атайын макамга ээ болду. Качкындардын тизмесин түзүп, нускаларын жергиликтүү бийлик менен Бишкектеги сактык кассасына өткөзчүмүн. Ар бир үй-бүлөнүн мүчөсүнө жараша БУУдан 300 доллардан баштап 900 долларга чейин каражат бөлүндү. Мындан сырткары, булардын арасында улуту тажик качкындар да бар эле. Аларды да тизмеге кошуп, БУУнун каржылык көмөгүн алып бердим.
© Фото / ЦГА КФФД КР / Автор сьемки КазыболотовТажикстандагы жарандык согуштан жапа чегип Бишкекке келгендер. 2000-жыл
Бежавшие от гражданской войны таджикские беженцы в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Тажикстандагы жарандык согуштан жапа чегип Бишкекке келгендер. 2000-жыл
— Кандаштарга таң калган учурларыңыз болдубу?
— 1994-жылы кышында Жайыл районундагы Степное айылына качкындарды издеп бардым. Мурда бул кыштактын тургундарынын басымдуу бөлүгүн немецтер түзчү экен. 1990-жылдардын башында алар жапырт үйлөрүн таштап, Германияга көчүп кетишкен. Айылдын өкмөт башчысы кандаштарды ушул бош калган үйлөргө жайгаштырган. Качкындарга Тажик ССРинин ИИМинин отставкадагы полковниги (аты жөнү эсимде жок) баш-көз болуп жүрчү. Ал "эки тарап тең зөөкүрлүгүн көрсөткөндө үйдөн эч нерсе албай качып чыктык" деди. Жергиликтүү элдин көмөгүнө абдан ыраазы болду.
Ушул боордоштордун арасында жалгыз апа бар эле, балдары да, туугандары да жок экен. Качкындардын тизмесин түзүп, аларга каржылык көмөк жөнүндө маалыматты бердим. Бирок жогорудагы апанын тагдыры жүрөгүмдү өйүп туруп алды. Анткени жалгыз адамга материалдык көмөк берүү тууралуу эреже жок болчу. "Кандай кылабыз" деп Филип Лабравеге телефон чалсам "өзүң кандай чечим кабыл алсаң да макулмун" деп жооп берди. Жалгыз бой апага 300 доллар өлчөмүндө материалдык көмөк бөлдүм. Бүгүнкү күндө да анын тагдырын эстесем көзүмө жаш айланат. Согуштун кесепетинен азап тарткан тажикстандык боордоштордун арасында мындай трагедиялуу тагдырларды көп көрдүм.
© Фото / из семейного архива АсаналиевыхТажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында КР Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджапов, аскердик чалгынчы жана дипломат Эрик Асаналиев. Душанбе. 1998-жыл
Архивные фото военного разведчика и дипломата Эрика Асаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2024
Тажикстандагы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн штабында КР Коргоо министрлигинин өкүлү Абдрахим Раджапов, аскердик чалгынчы жана дипломат Эрик Асаналиев. Душанбе. 1998-жыл
Бирок боордоштордун өжөрлүгү жана шайырдыгы таң калтырды. "Ушундай мүшкүл тагдыр башыбызга туш болду. Бирок биз тагдырды жеңип, келечекке умтулушубуз керек" деп айткандары эч эсимден кетпейт. Степное айылына барсам үйлөрүнө жүгөрүнү додо кылып үйүп коюшуптур. Көрсө, кандаштар кыштын күнү талаада калган жүгөрүнү машактап жыйнашыптыр. Ошондой эле талаадан шыбак чогултуп, аны шыпыргы кылып Кара-Балтага алып барып сатышчу экен. Айыл өкмөттүн башчысы кышында биздикилердин жанын сабап талаада жүгөрүнү машактап тергенин көргөн эмесмин деп суктанып айтып берди. Кандаштардын чыйрактыгына, кажыбас кайратына баа бердим.
Баш-аягы БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын жогорку даражадагы комиссариаты тарабынан тажикстандык качкындардын 300 үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилди. Бул көмөк менен боордоштордун басымдуу бөлүгү үй сатып алып, ирденип кетишти. Анын үстүнө жергиликтүү элдин качкындарга колунан келген жардам бергени чоң колдоо болду. 20 жылдын ичинде тажикстандык боордоштор жергиликтүү эл менен камыр-жумур болуп аралашып кетти.
Кыргыздар тажиктерди өлүмдөн кантип сактап калган? Архивдик видеолор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Кыргыздар тажиктерди өлүмдөн кантип сактап калган? Архивдик видеолор
Жаңылыктар түрмөгү
0