00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Когда усталость — не норма: как отличить выгорание от болезни
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аша албайт деген Бустосту ашкан согушкерлер. Баткен коогасынын дагы бир өңүрү

© Sputnik / Акбар АкжигитовКуралдуу күчтөрдүн жана Баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Маратбек Шайымкулов
Куралдуу күчтөрдүн жана Баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Маратбек Шайымкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2025
Жазылуу
Быйыл Кыргызстандын Башкы аскердик чалгын кызматынын (БАЧК) түптөлгөнүнө 33 жыл болду. Тарыхчылар бул ведомство кандай жолду басып өткөнүнөн көпчүлүк маалымдар эмес деген пикирде.
Биз Куралдуу күчтөрдүн жана Баткен коогалыңынын ардагери, запастагы полковник Маратбек Шайымкуловду кепке тартып, аталган күч түзүмүнүн тарыхынын айрым учурлары тууралуу баарлаштык.
Шайымкулов Новосибирскидеги жогорку жалпы аскердик-саясий училищесин 1986-жылы аяктап, Казакстандын Жаркентиндеги мотоаткычтар полкунда ротанын командиринин саясий иштер боюнча орун басары болуп дайындалат. 1991-жылы Нарындагы өзүнчө пулеметтук жана артиллериялык батальондун командиринин саясий иштер боюнча орун басары болуп которулган. 1994-жылы бөлүктүн командири болот. 1996-жылы Москвадагы офицерлердин билимин жогорулаткан "Выстрел" аткычтар-тактикалык курсунда алты ай окуйт. Кыргызстанга кайтып келип, бригада командиринин саясий иштер боюнча орун басары болот. 1998-жылы Башкы аскердик чалгындоо кызматына (БАЧК) которулуп, аскердик чалгын бөлүмүн (войсковая разведка) жетектеген.
© Фото / из личного архива Маратбека ШайымкуловаКР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы аскердик чалгын кызматынын офицери Маратбек Шайымкулов (1-катарда сол жактан экинчи) кесиптештери менен парадда. Ала-Тоо аянты, Бишкек, күз, 2000
Ветеран Вооруженных Сил и Баткенского конфликта Маратбек Шайымкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2025
КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы аскердик чалгын кызматынын офицери Маратбек Шайымкулов (1-катарда сол жактан экинчи) кесиптештери менен парадда. Ала-Тоо аянты, Бишкек, күз, 2000
— Эгемен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү көз алдыңызда түптөлдү. Ал башка мезгил эле, өлкөдө кырдаал оор болчу. Аскер адамы катары, ошол казанда кайнаган адам катары эмнелерди кошумчалайт элеңиз?
— Кыйынчылыктар көп болду. Мамлекетте социалдык-экономикалык абал абдан татаал эле. 1991-жылы Советтер Союзу ыдырай баштаганда мен Нарын калаасындагы өзүнчө пулеметтук жана артиллериялык батальондун (ОПУЛАБ) командиринин саясий иштер боюнча орун басарлыгына которулгам. Үч жылдан кийин бул бөлүктүн командири болуп дайындалдым. Маяна, техника, тетик, кийим-кечеден катуу кыйналдык. Ошентсе да офицерлер менен жоокерлерди аскердик чалгынга үйрөттүк. Советтик жана өзүбүз топтогон тажрыйбага таянып чалгындоо боюнча кадрларды даярдоо тууралуу документтерди жана эрежелерди кайрадан иштеп чыктык.
Эсиңерде болсо 1993-жылы Тажикстандын Бадахшанында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун төрт жоокерин тажик согушкерлери туткундап, андан ары Түндүк Афганстанга өткөрүп жиберген эле. Аларды куткарууга БАЧК жетекчиси, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов Тажикстандын Памирине подполковниктер Жумалы Кубатов, Адылбек Кадырбеков жана лейтенант Айбек Мамытовду жиберет. Кыргызстандык аскер чалгынчылары жоокерлерди туткундан бошотуу операциясын ийгиликтүү өткөргөн. Эң чоң жетишкендик — кан төгүлбөй, согушкерлерге эч кандай кун төлөнгөн эмес. Башкы ролду ыраматылык Жумалы Кубатов ойногон. Мындай уникалдуу операция постсоветтик Түркстандын тарыхында биринчи жолу болгон.
© Фото / из архива НТРККР Башкы аскердик чалгындоо кызматынын башатын түптөгөн полковник Жумалы Кубатовдун мүрзөсү. Түп району Ой-Булак айылы. 15.10. 2023.
Могила основателя военной разведки Кыргызстана Жумалы Осмон уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2025
КР Башкы аскердик чалгындоо кызматынын башатын түптөгөн полковник Жумалы Кубатовдун мүрзөсү. Түп району Ой-Булак айылы. 15.10. 2023.
Экинчиден, 1992-1997-жылдары Жумабек Асанкулов, Качкын Саргазаков, Шаршенбай Абдылдаев, Чоро Мураталиев, Жумалы Кубатов, Эрик Асаналиев, Адылбек Кадырбеков, Айбек Мамытов өңдүү кесиптештерим Тажикстандагы кандуу тирешүүнү токтотууда зор эмгек жасашкан. Булар Борбордук Азиядагы социалдык-экономикалык жана саясий абалды ийне-жибине чейин билишчү. Үчүнчүдөн, БАЧК командачылыгынын демилгеси менен радиотехникалык бөлүктүн (РТБ) пайдубалы түптөлдү, ал Коргоо министрлигинин карамагында болчу. Маани-маңызын түшүнгөндөр аз эле. БАЧК техникага таянып, Кыргызстан менен чектеш мамлекеттерден 1,5 миң чакырым радиуста иштеп жаткан радиостанциялардын сырын билүүгө жетишип, радиоэлектрондук абал көзөмөлгө алынган. Түз эфирде болгон сүйлөшүүлөрдү угуп, которуп, Чалгын кызматына керек маалыматты топтоо боюнча чоң мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө жетекчилик ынанган. Натыйжада РТБны Кыргызстандын аймактарына жайгаштырдык. Мында россиялык адистер чоң көмөк көрсөттү. 1999-2000-жылдары Баткендеги коогалаңда бул бөлүктүн көмөгү менен көп баалуу маалыматтарды топтодук. Кыска убакыттын ичинде жаңы түптөлгөн атайын кызмат ушундай ийгиликтерге жеткен.
— Ошол Баткен коогасы башталганда Башкы аскердик чалгын кызматы "Өзбекстан ислам кыймылы" Кыргызстанга кол салат деген маалыматты өлкөнүн жана Коргоо министрлигинин жетекчилигине жеткирген эмес деп айып тагылды. БАЧК бул кыймыл боюнча маалымат топтоду беле?
— Ооба. 1996-жылы "Өзбекстан ислам кыймылы" (ӨИК) Анжиян шаарында бийликке каршы козголоң көтөргөн. Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов козголоңду баскан. Ал учурда Тажикстанда жарандык согуш жүрүп жаткан эле. ӨИК мүчөлөрүнө тажик бийлиги менен тирешкен, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын" (ТИКЖ) куралдуу канаты Тавильдара районунан баш паанек берген. ТИКЖдин Жерге-Тал (азыркы Лахш), Тавильдара жана Тоолуу Бадахшанда лагерлери бар эле. Бул эки террордук уюм тыгыз кызматташчу. Кандуу кагылышуунун кесепетинен Тажикстандын 60 пайызы бийликтин көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Биз ошол учурда "Өзбекстан ислам кыймылы" ар кайсы улуттагы согушкерлерди машыктырып, диверсияга даярдап жатканы жөнүндө маалыматтарды алып турганбыз. Бирок расмий Душанбе Тажикстанда диний баш кесерлер топтолгон лагерлердин бар экенин мойнуна алган эмес.
© Фото / из семейного архива МамытовыхКыргызстандын Башкы аскердик чалгын кызматынын офицери Айбек Мамытов (1-катарда сол жактан биринчи) КР тынчтык орнотуучу батальондун жоокерлери менен. Тажик-афган чек арасы, 1996.
Офицер Главного Разведывательного Управления Вооружённых сил КР Айбек Мамытов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2025
Кыргызстандын Башкы аскердик чалгын кызматынын офицери Айбек Мамытов (1-катарда сол жактан биринчи) КР тынчтык орнотуучу батальондун жоокерлери менен. Тажик-афган чек арасы, 1996.
1999-жылы майда генерал Асанкуловдун тапшырмасы менен анын жардамчысы, маркум подполковник Айбек Мамытов Баткенге тымызын барган. Аймакты түрө кыдырып, ал жердеги абал боюнча маалымат топтогон. Ошол учурда Мамытов майор эле. Командачылыкка Тажикстандын Жерге-Тал жана Тавильдара райондорунда жайгашкан ӨИК тайпалары Кыргызстан менен Өзбекстанга өтүүгө умтулат деп маалымат берген. Андан тышкары, Кыргызстандын Тажикстандагы туңгуч элчиси, кесиптешим полковник Эрик Асаналиев да борборго ушундай өңүттөгү аналитикалык маалыматтарды нечен ирет жөнөткөн. Ошол эле убакта Душанбедеги Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн штабындагы кыргызстандык офицерлер жана башка булактар ӨИКтин согушкерлери кол саларын кабарлашкан. Биз бардык маалыматтарды чогултуп, талдап чыкканбыз, Куралдуу күчтөрдүн жетекчилигине алып барып көрсөткөм. Жетекчилик материал менен тааныштык деп кол коюп берген. Булар жыйынтык чыгарып, өкмөткө биз берген документтерди көрсөтүш керек эле. 1999-жылы ӨИК баш кесерлери Янги-Даван, Кожо-Ашкан ашууларын ашып Баткенге өтүшкөн. Ал жерде автожол жок болчу, кийиктер өтчү гана жолдор бар эле. СССР учурунда ал жакка тракторлорду тик учак менен жеткизчү экен. Кызыгы, буларга Баткендин кээ бир жашоочулары көмөк көрсөткөн. Баш кесерлер жергиликтүү тургундардан тамак-аш сатып алып, доллар менен эсептешкен көп фактылар болгон. Эмне үчүн согушкерлерге жардам бердиңер деп сураганыбызда, биринчиден, тамак-ашты накталай акча төлөп алып жатышты, анан куралчан адамдарды көрүп, айласыздан көмөк көрсөттүк деген жоопту уктук.
Акыры согушкерлер Баткенге кол салып, трагедия болду. Эмне үчүн Чалгын кызматы өлкөнүн жетекчилигине алдын ала маалымат берген эмес деген айыптоолор башталды. Коргоо министрлигинин жетекчилиги дароо биздин кызматты күнөөлөдү. Биз архивден документтерди алып чыгып көрсөттүк, ошондон кийин унчукпай калышты.
— Өзбекстанда абал кандай эле? Алар согушкерлердин кол салуусуна даяр беле?
— Албетте. Баткен коогалаңында КР Куралдуу күчтөрүнө расмий Ташкент ок-дары жана авиациялык бомбалар менен көмөк көрсөткөн. Мындан сырткары, Өзбекстан жана Тажикстандын Коргоо министрлиги менен тыгыз кызматташтык. Коогалаң учурунда Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Баткенге такай каттап турду. Бизге өзбек кесиптештерибиз ӨИК баш кесерлеринин сүрөттөрүн жана мүнөздөмөлөрү жазылган фотоальбомду беришкен. Биз кийин колго түшкөн же жок кылынган согушкерлердин өздүгүн ушул альбомдун негизинде аныктаганбыз.
© Фото / из личного архива Маратбека ШайымкуловаТөрө ашуусунда ӨИК согушкерлери менен салгылашта каза болгон өзүнчө атайын багыттагы алтынчы батальондун жоокерлеринин тизмеси. Баткен аймагы, 08.08.2000
Справка о гибели группы военнослужащих - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2025
Төрө ашуусунда ӨИК согушкерлери менен салгылашта каза болгон өзүнчө атайын багыттагы алтынчы батальондун жоокерлеринин тизмеси. Баткен аймагы, 08.08.2000
— Баткен коогалаңында ӨИК согушкерлери кыргызстандык жоокерлерди туткундап, япон геологдорун барымтага алышкан. Алардын арасында КР Ички иштер министрлигинин генералы Анарбек Шамкеев да бар эле. Буларды бошотууда Чалгын кызматынын ролу чоң болгону айтылат.
— Жогоруда белгилегендей, 1992-1998-жылдары Кыргызстандын Аскердик чалгын кызматы чоң тажрыйба топтоого үлгүргөн. Куралдаштарым дал ушул тажрыйбага таянып туткундалган кыргызстандык аскерлер менен барымтага алынган япон геологдорун ӨИК чеңгелинен сууруп чыгышты. Токио мекендештерин барымтадан бошотуу үчүн согушкерлерге ири каражат берген деген божомолдор бар. Мен бул боюнча Эрик Асаналиевден тактап сурагам. Ал бул ошол маселеге тиешеси бар адамдардын абийиринде экенин жана мындай ыплас ишке кыргызстандык аскердик чалгынчылар катышпагандыгын кесе айткан. Көп маалымат азыркыга чейин мамлекеттик сыр бойдон калууда.
— 2000-жылы ӨИК кайра Кыргызстанга кол салды. БАЧК Коргоо министрлигине чабуул болот деп маалымат берди беле?
— Ошол жылы июнда мен Баткенде Тажикстандын Башкы аскердик чалгын кызматы жана атайын багыттагы бригаданын офицерлери менен жолуккам. Мени алар менен кезигүүгө түштүктө жайгашкан КР Куралдуу күчтөрүнүн чалгын кызматынын жетекчиси жиберген. Алар мага Кыргызстанга ӨИК канча согушкери менен кайсы убакытта жана кандай маршрут боюнча кол салууга даярданып жатканы тууралуу маалымдашкан. Тажик кесиптештерибиз "жакында баш кесерлер Бустос ашуусу аркылуу Баткенге түшөт" деп эскертишкен. Мен бул маалыматты Коргоо министрлигинин жетекчилигине айткандан кийин алар тик учак менен бул ашууну көрүп чыгып, ашуудан өтүүгө мүмкүн эмес деген бүтүмгө келишкен.
© Фото / ЦГА КФФД КРАйылдын тургундары көчмө дүкөндөн нан сатып алууда. Совхоз “Маяк”. Түп району, 1991
Жизнь в Кыргызстане после развала СССР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2025
Айылдын тургундары көчмө дүкөндөн нан сатып алууда. Совхоз “Маяк”. Түп району, 1991
Тажик кесиптештер эскерткендей, баш кесерлер Бустосту ашып, Кыргызстанга өтүштү. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын "Скорпион" атайын багыттагы отряды эки баш кесерди туткундаган. Бирөөнүн улуту тажик болчу (аты-жөнү эсимде жок). Экинчиси Руслан Абдулин деген башкыр эле. Коргоо министри, генерал Эсен Топоевдин тапшырмасы менен башкыр согушкерди суракка алгам. Ал Уфанын тургуну экен, ошол жактан диний экстремисттер менен таанышып, алардын идеологиясын кабыл алат. Тажикстанга барып диний билим алууну көздөп, Уфадан поездге отуруп Душанбеге жетет. Ал жерден ӨИК өкүлдөрү тосуп алып Тавильдарадагы лагерине жашыруун алып келишет. Бул лагерде аларга башка ысым беришет. Инструкторлор күнү-түнү буларды диверсиялык согушка даярдай баштайт. Мисалы, эртең менен тоого чуркап, андан соң бир тандыр нан жана мейиз менен тамактанып, андан кийин автоматтан атканды үйрөнүп, жардыруучу заттарды колдонуу боюнча машыгышкан. Жыйынтыгы боюнча конспект жазышчу экен. Мындан тышкары, ӨИК баш кесерлерге диний радикализмдин идеяларын окутушкан. Кечкисин бир аз эт кошулган тамак жешчү экен. 2000-жылы жайында ӨИКтин 40 согушкери үч топко бөлүнүп, Бустос ашуусунан альпинисттик шаймандарды колдонуп мөңгү аркылуу Кыргызстанга өтүшкөн. Согушкерлерге айрым жергиликтүү тургундар жардам берген. Кээ бир койчулардын үйлөрүндө түнөшкөн. Ошондо дагы элден тамак-ашты долларга сатып алышчу экен.
Согушкерлер "Кур-Бакы" постундагы кыргызстандык аскерлерге кол салган. Анын айынан көп жоокер курман болду. Кийин согушкерлердин тарткан видеотасмаларын көрүп, алардын Бустос ашуусу аркылуу өткөнү тастыкталды. Сурак бүткөн соң баш кесер Абдулинди Улуттук коопсуздук комитети алып кеткен. Анын кийинки тагдырын билбейм. 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңын дагы терең изилдөө керек деп ойлойм.
Эгемен Кыргызстандын биринчи элчилигинин тарыхы. Тилектеш Ишемкуловдун маеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2024
Эгемен Кыргызстандын биринчи элчилигинин тарыхы. Тилектеш Ишемкуловдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0