https://sputnik.kg/20250917/1096567061.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну колдой турганын билдирди. Анын айтымында, муну демилгелегендер... 17.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-17T13:00+0600
2025-09-17T13:00+0600
2025-09-17T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/11/1096566895_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aeb7ab4cb650673cd0a8ebddcc898041.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну колдой турганын билдирди. Анын айтымында, муну демилгелегендер негиздүү себептерди келтирип, 32 депутат кол койгон. Ал тиешелүү тапшырмаларды берип, бул багытта иш башталганын кошумчалады. Төрага демилгечи топтун "эки шайлоо катар келип калып, саясий жана экономикалык маселелер жаралышы мүмкүн" деген жүйөсү негиздүү экенине токтолгон."Шайлоолорду арты-артынан өткөрүү БШК үчүн бардык жактан оор болот. Ошондуктан бир шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөнү туура", — деди Тургунбек уулу. Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү жактап, парламентте өзүн-өзү таратуу боюнча демилгелүү топ түзүлгөн.
Кыргызстан үчүн азыркы дүйнөлүк туруксуздуктун шартында тарыхты бурмалабай сактап калуу маанилүү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Алтай — түрктөрдүн мекени. Түрк цивилизациясынын жаралышынын тарыхы" аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Иш-чара Алтай Республикасындагы "Миң жүрөк" курортунда өтүп жатат. Иманкулов Алтай байыртадан эле түрк цивилизациясынын бешиги катары саналып, ал жерде бир кезде кыргыздардын жана башка аймактагы элдердин ата-бабалары жашаганын белгиледи. Мамлекеттик катчы КМШ өлкөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын кеңири белгилеп жатканын эске салды. Ал азыркы убакта көптөгөн жаштар ата-бабалардын эрдигин унуткарып баратканын белгиледи. Иманкулов кошумчалагандай, мындай илимий иш-чаралар Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздаштары болгон Россия менен Казакстандын, региондогу башка дагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.Ошондой эле аталган эл аралык конференцияга катышып жаткан Россия президентинин жардамчысы, Россиянын Аскердик тарых коомунун төрагасы Владимир Мединский Алтай — бир нече мамлекетти бириктирген жана тарыхый мааниге ээ уникалдуу жер экенин айтып, Кыргызстан, Казакстан, Россия сыяктуу дос өлкөлөрдү Алтай мамлекеттери деп атоого болорун белгиледи.
ЖККУнун тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү Борбор Азия чөлкөмүндө жаралган кооптуулуктар менен көйгөйлөргө илгиртпей жана өзүнүн тиешелүү жообун берүүгө даяр турушу керек. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Рубеж — 2025" машыгуусунун алдында айтты. Бул сааттарда Балыкчыга чукул жайгашкан "Эдельвейс" полигонунда Борбор Азия аймагынын тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуусу өтүп жатат. Башкы катчы белгилегендей, машыгуулар татаал эл аралык кырдаалда башталып жатат. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жаңы чыңалуу очоктору пайда болуп, эски жаңжалдар курчуп жаткандыгын эске салды. Тасмагамбетовдун айтымында, Жакынкы Чыгыштан чыккан радикалдык-экстремисттик топтордун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элге, өзгөчө, жаштарга өзүнүн идеологиясын жайылтып, катарына тартуу кооптуулугу турат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну колдой турганын билдирди. Анын айтымында, муну демилгелегендер негиздүү себептерди келтирип, 32 депутат кол койгон. Ал тиешелүү тапшырмаларды берип, бул багытта иш башталганын кошумчалады. Төрага демилгечи топтун "эки шайлоо катар келип калып, саясий жана экономикалык маселелер жаралышы мүмкүн" деген жүйөсү негиздүү экенине токтолгон."Шайлоолорду арты-артынан өткөрүү БШК үчүн бардык жактан оор болот. Ошондуктан бир шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөнү туура", — деди Тургунбек уулу. Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү жактап, парламентте өзүн-өзү таратуу боюнча демилгелүү топ түзүлгөн.Кыргызстан үчүн азыркы дүйнөлүк туруксуздуктун шартында тарыхты бурмалабай сактап калуу маанилүү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Алтай — түрктөрдүн мекени. Түрк цивилизациясынын жаралышынын тарыхы" аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Иш-чара Алтай Республикасындагы "Миң жүрөк" курортунда өтүп жатат. Иманкулов Алтай байыртадан эле түрк цивилизациясынын бешиги катары саналып, ал жерде бир кезде кыргыздардын жана башка аймактагы элдердин ата-бабалары жашаганын белгиледи. Мамлекеттик катчы КМШ өлкөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын кеңири белгилеп жатканын эске салды. Ал азыркы убакта көптөгөн жаштар ата-бабалардын эрдигин унуткарып баратканын белгиледи. Иманкулов кошумчалагандай, мындай илимий иш-чаралар Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздаштары болгон Россия менен Казакстандын, региондогу башка дагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.Ошондой эле аталган эл аралык конференцияга катышып жаткан Россия президентинин жардамчысы, Россиянын Аскердик тарых коомунун төрагасы Владимир Мединский Алтай — бир нече мамлекетти бириктирген жана тарыхый мааниге ээ уникалдуу жер экенин айтып, Кыргызстан, Казакстан, Россия сыяктуу дос өлкөлөрдү Алтай мамлекеттери деп атоого болорун белгиледи.ЖККУнун тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү Борбор Азия чөлкөмүндө жаралган кооптуулуктар менен көйгөйлөргө илгиртпей жана өзүнүн тиешелүү жообун берүүгө даяр турушу керек. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Рубеж — 2025" машыгуусунун алдында айтты. Бул сааттарда Балыкчыга чукул жайгашкан "Эдельвейс" полигонунда Борбор Азия аймагынын тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуусу өтүп жатат. Башкы катчы белгилегендей, машыгуулар татаал эл аралык кырдаалда башталып жатат. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жаңы чыңалуу очоктору пайда болуп, эски жаңжалдар курчуп жаткандыгын эске салды. Тасмагамбетовдун айтымында, Жакынкы Чыгыштан чыккан радикалдык-экстремисттик топтордун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элге, өзгөчө, жаштарга өзүнүн идеологиясын жайылтып, катарына тартуу кооптуулугу турат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/11/1096566895_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_de2a85004ab8967cc13751d368b841fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио