https://sputnik.kg/20250904/1096312443.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар министрлеринин XVI жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев төрагалык кылууда. Координациялык... 04.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-04T17:00+0600
2025-09-04T17:00+0600
2025-09-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/04/1096312277_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9a4e2e0dd7361f78dddb7bd53a29c380.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар министрлеринин XVI жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев төрагалык кылууда. Координациялык кеңештин аянтчасына ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков келди. Андан сырткары, Беларустун, Казакстандын ӨКМ жетекчилери Вадим Синявский, Чингис Аринов, Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын жана анын кесепетин жоюу министри Александр Куренков, Тажикстандын Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Ражабали Рахмонали катышууда. Жыйында өзгөчө кырдаалда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу максатында ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралды.
Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Нарын шаарына алгачкы жүргүнчүлөрүн жеткирди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.Нарын шаарындагы аба майданы 8-сентябрь күнү оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылганы турат. Ага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө. "Бүгүнкү каттам борбор шаар менен Тянь-Шань тоолорунун жүрөгүн бириктирип, мекенибиздин канатынын кайра жаралышынын символу болуп калды", — деп жазды "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.
Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы "Дем ал" коттедж шаарчасынын алдындагы жер мыйзамсыз менчикке чыгарылган. Бул тууралуу УКМК билдирди.Коррупцияга шектелип, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы бөлүм башчысы кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал "Дем ал" айыл чарба кооперативин түзүүнү демилгелегендердин бири болгон жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат баалуу жерлерге жеке менчик укугун мыйзамсыз жол-жоболоштурууга активдүү катышкан. Участоктун аянты — 4,5 гектар. "Кызыктар кызмат адамдарынын колдоосу менен жасалма документтерди колдонуп мамлекеттик жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүүгө негиз болгон аракеттерди жасаган", — деди атайын кызмат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө жүрүп жатат.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган Кытайдагы ири иш-чараны Европа биримдигинин тоготпогону абдан чоң эле ката экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Европа биримдигиндеги мамлекеттердин башчылары жана премьер-министрлери Кытайдагы бул окуяны көңүлгө албай, тоготпой чоң ката кетирди деп эсептейм", — деген ал. Алардын Пекинге келип, дүйнөлүк иш-чарага катышпагандыгы өкүнүчтүү экендигин кошумчалаган. "Эгерде мындай ыкма менен Экинчи дүйнөлүк согушта болгон жеңишти белгилөөнү чектеп, обочолонтуп койдук деп ойлосо, анда абдан жаңылышат. Муну менен ЕБ өзү четтеп, обочолонуп калды", — деген Фицо. Словак премьери эгемен мамлекеттин башчыларынын бири катары анын кайсы жакка барышын, кандай сапарга чыгышын эч ким тескей албастыгын баса белгилеген. Кечээ Фицо РФ президенти Владимир Путин менен Пекинде жолугуп, Евробиримдик үстүндө эмне болуп жатканын көрбөгөн "кудуктун түбүндөгү бака сыяктуу" болуп жатканын айткан.
Чолпон-Атада ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар министрлеринин XVI жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеев төрагалык кылууда. Координациялык кеңештин аянтчасына ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков келди. Андан сырткары, Беларустун, Казакстандын ӨКМ жетекчилери Вадим Синявский, Чингис Аринов, Россиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын жана анын кесепетин жоюу министри Александр Куренков, Тажикстандын Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин төрагасы Ражабали Рахмонали катышууда. Жыйында өзгөчө кырдаалда жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө эл аралык уюмдардын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу максатында ЖККУнун эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелери каралды. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Нарын шаарына алгачкы жүргүнчүлөрүн жеткирди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропортторунан" билдиришти.Нарын шаарындагы аба майданы 8-сентябрь күнү оңдоп-түзөөдөн кийин расмий ачылганы турат. Ага президент Садыр Жапаровдун катышары күтүлүүдө. "Бүгүнкү каттам борбор шаар менен Тянь-Шань тоолорунун жүрөгүн бириктирип, мекенибиздин канатынын кайра жаралышынын символу болуп калды", — деп жазды "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов. Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы "Дем ал" коттедж шаарчасынын алдындагы жер мыйзамсыз менчикке чыгарылган. Бул тууралуу УКМК билдирди.Коррупцияга шектелип, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы бөлүм башчысы кармалды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал "Дем ал" айыл чарба кооперативин түзүүнү демилгелегендердин бири болгон жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги кымбат баалуу жерлерге жеке менчик укугун мыйзамсыз жол-жоболоштурууга активдүү катышкан. Участоктун аянты — 4,5 гектар. "Кызыктар кызмат адамдарынын колдоосу менен жасалма документтерди колдонуп мамлекеттик жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүүгө негиз болгон аракеттерди жасаган", — деди атайын кызмат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө жүрүп жатат.Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган Кытайдагы ири иш-чараны Европа биримдигинин тоготпогону абдан чоң эле ката экендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Европа биримдигиндеги мамлекеттердин башчылары жана премьер-министрлери Кытайдагы бул окуяны көңүлгө албай, тоготпой чоң ката кетирди деп эсептейм", — деген ал. Алардын Пекинге келип, дүйнөлүк иш-чарага катышпагандыгы өкүнүчтүү экендигин кошумчалаган. "Эгерде мындай ыкма менен Экинчи дүйнөлүк согушта болгон жеңишти белгилөөнү чектеп, обочолонтуп койдук деп ойлосо, анда абдан жаңылышат. Муну менен ЕБ өзү четтеп, обочолонуп калды", — деген Фицо. Словак премьери эгемен мамлекеттин башчыларынын бири катары анын кайсы жакка барышын, кандай сапарга чыгышын эч ким тескей албастыгын баса белгилеген. Кечээ Фицо РФ президенти Владимир Путин менен Пекинде жолугуп, Евробиримдик үстүндө эмне болуп жатканын көрбөгөн "кудуктун түбүндөгү бака сыяктуу" болуп жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/04/1096312277_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_128132b66cecfce2dc748ee9a5279c5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио