00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда 6000 метрден бийик чокуга чыгуучулар үчүн "Альпинизм жөнүндө" мыйзам долбоору сунушталды. Документти Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев демилгелеген. "Кыргызстанда альпинизм жана тоо туризми активдүү өнүгүп жатат. Бирок буга карабастан ушул убакка чейин альпинизм чөйрөсүндөгү мыйзамдар жетишсиз. Бул нерсе коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана пермит алуу маселелеринде укуктук боштукту жаратууда", — деп айтылат долбоордо. Депутат альпинисттер мамлекеттен пермит алышы керек деп эсептейт. "Пермит берүүдөн түшкөн каражат инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, куткаруу операцияларын каржылоого жана табигый аймактарды коргоого жумшалышы мүмкүн. Бул тоо табиятын сактоого түздөн-түз салым кошкон туруктуу модель болот. Альпинисттер таштандысын утилизациялоо үчүн чогултуп, ылдый ала түшүүгө да милдеттендирилет", — деп айтылат документтин негиздемесинде. Мындан тышкары, 6000 метрден ашкан чокуларга чыгууга алына турган пермит чукул кырдаалдарда ыкчам чара көрүүгө жол ачары белгиленди. Бардык чыгымдар камсыздандыруу системасы аркылуу жабылат. Белгилей кетсек, соңку учурда чокуларга чыгууга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтыла баштады. Буга альпинист Наталья Наговицынанын окуясы түрткү болду.
Кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, темирди кайра эритүү үчүн даярдалган шихт куймаларын өлкө аймагынан сыртка ташып чыгууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти. Маалыматта аталган токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөн соң күчүнө кирери айтылган. Андан үч күн өткөндөн кийин чектөө мөөнөтү иштеп баштайт жана алты айга созулат. Мындай чектөө ата мекендик металлургиянын чийки зат базасын чыңдоо үчүн киргизилгени белгиленген.
Ысык-Көлдүн жээгинде "Азия — достуктун жана тынчтыктын аймагы" деген ураан алдында КМШ жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн XXIV эл аралык спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Оюндар 4-12-сентябрь аралыгында өтөт. Бүгүн Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Беларустан келген спорт сүйүүчүлөрү келип жатат. Мындан тышкары, Кытай, Индия, Монголиядан да акыркы жылдары спортчулар көп катыша баштаганы белгиленди.Аталган оюндар 2001-жылдан бери уюштурулуп келет. Алгач ага болгону 80 спортчу катышса, бүгүн 3000ден ашык спортчу ат салышууда.
Россиянын президенти Владимир Путиндин Кытайга жасаган сапары боюнча Батыш өзүнө жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Андрей Денисов ЧЭФ —2025те билдиргенин РИА новости жазды. Анын айтымында, Европа Глобалдык Түштүккө таасирин жоготуп алуу коркунучунда турат.Ал Батыш Глобалдык Түштүккө болгон таасири азайып баратканын көрүп тынчсызданып жатканын белгилеген.Путин шаршемби күнү Кытайга болгон төрт күндүк сапарын аяктады. Мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты. Ошондой эле дүйнөлүк лидерлер менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0