Тарых беттеринде алтын тамга менен жазылып калган панфиловчулар. Сүрөт баян
Тарых беттеринде алтын тамга менен жазылып калган панфиловчулар. Сүрөт баян
Sputnik Кыргызстан
Быйыл Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөнүнө 84... 20.07.2025, Sputnik Кыргызстан
1941-жылы 12-июлда Орто Азия аскер округунун командачысынын буйругу менен 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. Бөлүктү түзүү жана ага кол башчылык кылуу Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфиловго тапшырылган. 15-октябрдан баштап панфиловчулар Москваны фашисттик баскынчылардан коргоого катышып, өзгөчө эрдиги менен айырмалана алган. Алардын ысымы Советтер Союзунун тарых барактарында алтын тамга менен жазылып калды. 1941-жылы 18-ноябрда генерал-майор Иван Панфилов баатырларча курман болот. Бир аз убакыттан кийин командачылыктын буйругу менен аскердик бирикменин аталышы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деп өзгөртүлөт. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден панфиловчулардын уникалдуу сүрөттөрүн тапкан. Тема боюнча:— Сталинград салгылашынын тарыхы. 83 жыл мурдагы видео— Фрунзеге кайткан алгачкы "Жеңиш эшелону". Тарыхый видео— Панфиловчу кыргыздар же өлүмдөн коркпогон "Манас батальону". Видео
Быйыл Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов атындагы Кызыл Туу, Ленин, Суворов ордендүү 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөнүнө 84 жыл толду.
1941-жылы 12-июлда Орто Азия аскер округунун командачысынын буйругу менен 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. Бөлүктү түзүү жана ага кол башчылык кылуу Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфиловго тапшырылган. 15-октябрдан баштап панфиловчулар Москваны фашисттик баскынчылардан коргоого катышып, өзгөчө эрдиги менен айырмалана алган. Алардын ысымы Советтер Союзунун тарых барактарында алтын тамга менен жазылып калды.
1941-жылы 18-ноябрда генерал-майор Иван Панфилов баатырларча курман болот. Бир аз убакыттан кийин командачылыктын буйругу менен аскердик бирикменин аталышы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деп өзгөртүлөт. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик кинофонофотоархивден панфиловчулардын уникалдуу сүрөттөрүн тапкан.