https://sputnik.kg/20250717/stalingrad-salgylashynyn-tarykhy--1095370671.html
Сталинград салгылашынын тарыхы. 83 жыл мурдагы видео
Сталинград салгылашынын тарыхы. 83 жыл мурдагы видео
Sputnik Кыргызстан
1942-жылдын 17-июлунда Сталинград салгылашы башталган. Дон менен Волганын жээгинде, андан кийин Сталинграддын өзүндө айыгышкан кармаш 200 күн-түн жүргөн. Мунун... 17.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-17T17:41+0600
2025-07-17T17:41+0600
2025-07-17T17:41+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
сталинград
волга
видео
https://sputnik.kg/img/07e8/07/11/1087110993_0:318:1080:926_1920x0_80_0_0_fdf63bd07c134291f815268716eb62ad.jpg
1943-жылы январда Дон фронтунда генерал-лейтенант Константин Рокоссовскийдин жетекчилиги менен "Кольцо" операциясы өткөн. Советтик аскерлер Мамаев коргонунун аймагында немецтик күчтөрдү эки бөлүккө ажыраткан. Анда немецтердин генерал-фельдмаршалы Паулюс башкарган түштүк топтогу аскерлери, ал эми 2-февралда түндүк тобу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон. Курчоого алынган душман жок кылынган. Советтик армия 1943-жылы 10-январдан 2-февралга чейин 91 миң немецти туткундап, 140 миңин жок кылат. Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган. СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген. Тема боюнча:— Партизандар жана текечер. 81 жыл мурдагы өзгөчө параддын видеосу— Түшкө кирген... Легендалуу "Катюшанын" тарыхый видеосу
ссср
сталинград
волга
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/11/1087110993_0:135:1080:945_1920x0_80_0_0_64ea8218aeb2be9c628ba47ee60d92e1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, сталинград, волга, видео, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, сталинград, волга, видео, видео
Сталинград салгылашынын тарыхы. 83 жыл мурдагы видео
1942-жылдын 17-июлунда Сталинград салгылашы башталган. Дон менен Волганын жээгинде, андан кийин Сталинграддын өзүндө айыгышкан кармаш 200 күн-түн жүргөн. Мунун ичинен коргонуу 125 күнгө созулган.
1943-жылы январда Дон фронтунда генерал-лейтенант Константин Рокоссовскийдин жетекчилиги менен "Кольцо" операциясы өткөн. Советтик аскерлер Мамаев коргонунун аймагында немецтик күчтөрдү эки бөлүккө ажыраткан.
Анда немецтердин генерал-фельдмаршалы Паулюс башкарган түштүк топтогу аскерлери, ал эми 2-февралда түндүк тобу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон. Курчоого алынган душман жок кылынган.
Советтик армия 1943-жылы 10-январдан 2-февралга чейин 91 миң немецти туткундап, 140 миңин жок кылат. Тарыхый маалыматтарда душмандын аскерлери суукка кабылып, колу-бутун үшүк алганы, андан сырткары, ачкачылыктан арыктап, сүлдөрү калганы жазылган.
СССРдин башка республикалары сыяктуу эле кыргызстандыктар да Сталинград салгылашында өз салымын өлчөөсүз кошкон. Бул апаатта 10 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Жалпысынан алганда аталган шаар үчүн биздин 2 200 мекендеш өмүрүн берген. 1942-жылы Кызыл армиянын Сталинграддын алдындагы контрчабуулунун алдында танкист жоокерлерге "Советтик Кыргызстан" танк колоннасы берилген.