https://sputnik.kg/20250505/panfilovchu-kyrgyzdar--1093663083.html
Панфиловчу кыргыздар же өлүмдөн коркпогон "Манас батальону". Видео
Панфиловчу кыргыздар же өлүмдөн коркпогон "Манас батальону". Видео
Sputnik Кыргызстан
"Жеңиш бизге оңой келген жок. Согуштун кайгысы, согуштун муңу ар бирибиздин башыбыздан өттү. Жоокердин сагынычы, ата-эненин кайгысы, жардын муңу... 05.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-05T18:21+0600
2025-05-05T18:21+0600
2025-05-05T18:21+0600
кыргызстан
улуу ата мекендик согуштагы жеңишке 80 жыл
улуу ата мекендик согуш
иван панфилов
дивизия
жеңиш
https://sputnik.kg/img/07e9/05/04/1093760645_0:0:1984:1117_1920x0_80_0_0_03d66b9e36013e8081d2283e617635fe.jpg
"Жеңиш бизге оңой келген жок. Согуштун кайгысы, согуштун муңу ар бирибиздин башыбыздан өттү. Жоокердин сагынычы, ата-эненин кайгысы, жардын муңу, жетим-жесирдин көз жашы ар бирибиздин башыбыздан өттү. Менден артык, менден баатыр, менден акылдуу жигиттердин өлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Алар Ата Мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн согушуп, жанын беришти. Ыймандары жолдош болсун..." Бул — СССР Баатыры, даңазалуу панфиловчу, казак элинин атактуу жазуучусу жана котормочусу Бауыржан Момышулынын сөзү. "Кыргызфильм" 1985-жылы "Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кыргызстан" аттуу даректүү тасма тарткан. Анда 316-аткычтар дивизиясынын куралышы, кан майданда көрсөткөн эрдиги баяндалат. Кыргыз ССРи дивизияга кандай көмөк көрсөткөнүн да ушул тасмадан көрүп-билүүгө болот. Фильм Борбордук мамлекеттик архивде сакталуу. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан менен Казакстанда куралган 316-аткычтар дивизиясы өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы маалым. Аскердик бирикмени 1941-жылы жайында Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфилов кураган, анда 30 улуттун өкүлү бар эле. Октябрда дивизия Батыш фронтко келген. Москва үчүн салгылаштын алдында панфиловчулар даңазалуу кол башчы Константин Рокоссовский жетектеген 16-армиянын курамына кирген. 1941-жылы күздө Волоколамск районундагы Нелидево кыштагынын жанында 316-аткычтар дивизиясы фашисттик баскынчылардын 11-танк дивизиясы менен бет келген. Панфилов баштаган аткычтар кошууну такшалган гитлерчилерди таң калтырып, эки айдан ашуун Волоколамск багытында танкалык жана жөө аскердик чабуулдардын мизин кайтарып турган. 1941-жылы Панфиловдун тактикасын үзөңгүлөшү, 1073-Талгар аткычтар полкунун командири Бауыржан Момышулы ишке ашырган. Ал Москваны коргоодо көчмөндөрдүн тактикасын (алдыга чалгынчыларын жиберип, алар топтогон маалыматтын негизинде кол салып, туш-туштан жаачыларын аттырып душмандын айласын кетирет. Андан кийин артка чегинимиш болуп, буктурмага туш кылып, топтолуп турган аскерлер каршы тараптын таш-талканын чыгарган — ред.) колдонуп, 27 ирет ийгиликтүү контрчабуулдарды уюштуруп, душмандын эсин оодарган. Бул тактикалык ыкма азыр да "Бауржандын эшилме сызыгы" деп аталат. Момышулынын жоокерлеринин арасында ала-тоолуктар да бар эле. Мындан улам гитлерчилер панфиловчуларды "Азиядан келген жапайы дивизия" деп атаса, фашисттик 4-танкалык топтун кол башчысы, генерал-полковник Эрих Гепнерган "согуштун бардык эрежесин бузуп салгылашкан, жоокерлери өлүмдөн коркпогон, коммунизм идеяларына сугарылган, бирин да туткундоого мүмкүн болбогон дивизия" деген мүнөздөмө берген. 316-аткычтар дивизиясынын катарында атактуу акын Сооронбай Жусуев, жазуучу жана белгилүү маданий ишмер Шаршеналы Усубалиев бар эле. 1941-жылы 18-ноябрда Гусенево (Волоколамск району, Москва облусу) кыштагында катуу жарадар болгон Панфилов каза болот. Ал Москвадагы Дон көрүстөнүнө коюлуп, кийин Новодевичьеге кайра көмүлгөн. 1942-жылдын 12-апрелинде Иван Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. 1942-жылы Бауыржан Момышулы полку менен Новгород аймагындагы Демьянск кыштагынын жанында жогорудагы тактикасын колдонуп, Гитлердин тандалма "Өлүк баш" деп аталган дивизиясынын талкалаган. 1943-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитине адабиятчы Тазабек Саманчиндин "Манастын батальону" аттуу макаласы жарыяланып, анда кыргызстандык делегация кан майданда гитлерчилерге каршы согушуп жаткан Панфилов дивизиясына барып кездешкени тууралуу жазылган. Ала-Тоодон келген делегацияны подполковник Момышулы тосуп алып, дивизияда "Манас" аттуу батальондун кыргызстандык аскерлери менен тааныштырганы айтылат. "Бул батальондун аркы составы негизинен кыргыз жигиттеринен. Кээде аны "Манас батальону" деп атайбыз. Бардыгы тең чыныгы эрдиктин, туруктуулуктун, Ата журтун чексиз сүйгөндүктүн үлгүсүн көрсөтүштү. Мындай жигиттерди тарбиялап өстүрүп, буларга таянган эл эч убакытта кор болбойт" деп жазган Бауржан Момышулы. СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн президиумунун жарлыгы менен 1942-жылы 12-апрелде 316-аткычтар дивизиясы Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Андан кийин Москваны коргоодогу каармандыгы үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясына айланган. Бул кошуун согуш аяктаганга дейре салгылашып, Берлинге чейин жеткен. 1950-жылдардын ортосунда полковник Бауржан Момышулы отставкага чыгып, жазуучулук кесипти аркалайт. Чыгармаларын куралдаштарына арнап, алардын эрдигин даңазалаган. Тема боюнча:— Ажалдуу дзотко секирип, окту токтоткон Чолпонбай Түлөбердиев. Баатыр жөнүндө тасма— Ленинграддык партизандар кыргыздарга кат жазып... Сүрөттөрдө калган тарых
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/04/1093760645_80:0:1984:1428_1920x0_80_0_0_fa5db233198c69f8c1c5a222882c16ba.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, иван панфилов, дивизия, жеңиш, видео
кыргызстан, улуу ата мекендик согуш, иван панфилов, дивизия, жеңиш, видео
"Жеңиш бизге оңой келген жок. Согуштун кайгысы, согуштун муңу ар бирибиздин башыбыздан өттү. Жоокердин сагынычы, ата-эненин кайгысы, жардын муңу, жетим-жесирдин көз жашы ар бирибиздин башыбыздан өттү. Менден артык, менден баатыр, менден акылдуу жигиттердин өлгөнүн өз көзүм менен көрдүм. Алар Ата Мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн согушуп, жанын беришти. Ыймандары жолдош болсун..." Бул — СССР Баатыры, даңазалуу панфиловчу, казак элинин атактуу жазуучусу жана котормочусу Бауыржан Момышулынын сөзү.
"Кыргызфильм" 1985-жылы "Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Кыргызстан" аттуу даректүү тасма тарткан. Анда 316-аткычтар дивизиясынын куралышы, кан майданда көрсөткөн эрдиги баяндалат. Кыргыз ССРи дивизияга кандай көмөк көрсөткөнүн да ушул тасмадан көрүп-билүүгө болот. Фильм Борбордук мамлекеттик архивде сакталуу.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстан менен Казакстанда куралган 316-аткычтар дивизиясы өзгөчө эрдиги менен айырмаланганы маалым. Аскердик бирикмени 1941-жылы жайында Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор Иван Панфилов кураган, анда 30 улуттун өкүлү бар эле. Октябрда дивизия Батыш фронтко келген. Москва үчүн салгылаштын алдында панфиловчулар даңазалуу кол башчы Константин Рокоссовский жетектеген 16-армиянын курамына кирген.
1941-жылы күздө Волоколамск районундагы Нелидево кыштагынын жанында 316-аткычтар дивизиясы фашисттик баскынчылардын 11-танк дивизиясы менен бет келген. Панфилов баштаган аткычтар кошууну такшалган гитлерчилерди таң калтырып, эки айдан ашуун Волоколамск багытында танкалык жана жөө аскердик чабуулдардын мизин кайтарып турган. 1941-жылы Панфиловдун тактикасын үзөңгүлөшү, 1073-Талгар аткычтар полкунун командири Бауыржан Момышулы ишке ашырган. Ал Москваны коргоодо көчмөндөрдүн тактикасын (алдыга чалгынчыларын жиберип, алар топтогон маалыматтын негизинде кол салып, туш-туштан жаачыларын аттырып душмандын айласын кетирет. Андан кийин артка чегинимиш болуп, буктурмага туш кылып, топтолуп турган аскерлер каршы тараптын таш-талканын чыгарган — ред.) колдонуп, 27 ирет ийгиликтүү контрчабуулдарды уюштуруп, душмандын эсин оодарган. Бул тактикалык ыкма азыр да "Бауржандын эшилме сызыгы" деп аталат. Момышулынын жоокерлеринин арасында ала-тоолуктар да бар эле. Мындан улам гитлерчилер панфиловчуларды "Азиядан келген жапайы дивизия" деп атаса, фашисттик 4-танкалык топтун кол башчысы, генерал-полковник Эрих Гепнерган "согуштун бардык эрежесин бузуп салгылашкан, жоокерлери өлүмдөн коркпогон, коммунизм идеяларына сугарылган, бирин да туткундоого мүмкүн болбогон дивизия" деген мүнөздөмө берген. 316-аткычтар дивизиясынын катарында атактуу акын Сооронбай Жусуев, жазуучу жана белгилүү маданий ишмер Шаршеналы Усубалиев бар эле.
1941-жылы 18-ноябрда Гусенево (Волоколамск району, Москва облусу) кыштагында катуу жарадар болгон Панфилов каза болот. Ал Москвадагы Дон көрүстөнүнө коюлуп, кийин Новодевичьеге кайра көмүлгөн.
1942-жылдын 12-апрелинде Иван Панфиловго Советтер Союзунун Баатыры наамы берилген. 1942-жылы Бауыржан Момышулы полку менен Новгород аймагындагы Демьянск кыштагынын жанында жогорудагы тактикасын колдонуп, Гитлердин тандалма "Өлүк баш" деп аталган дивизиясынын талкалаган.
1943-жылы "Кызыл Кыргызстан" гезитине адабиятчы Тазабек Саманчиндин "Манастын батальону" аттуу макаласы жарыяланып, анда кыргызстандык делегация кан майданда гитлерчилерге каршы согушуп жаткан Панфилов дивизиясына барып кездешкени тууралуу жазылган. Ала-Тоодон келген делегацияны подполковник Момышулы тосуп алып, дивизияда "Манас" аттуу батальондун кыргызстандык аскерлери менен тааныштырганы айтылат. "Бул батальондун аркы составы негизинен кыргыз жигиттеринен. Кээде аны "Манас батальону" деп атайбыз. Бардыгы тең чыныгы эрдиктин, туруктуулуктун, Ата журтун чексиз сүйгөндүктүн үлгүсүн көрсөтүштү. Мындай жигиттерди тарбиялап өстүрүп, буларга таянган эл эч убакытта кор болбойт" деп жазган Бауржан Момышулы.
СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн президиумунун жарлыгы менен 1942-жылы 12-апрелде 316-аткычтар дивизиясы Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Андан кийин Москваны коргоодогу каармандыгы үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясына айланган. Бул кошуун согуш аяктаганга дейре салгылашып, Берлинге чейин жеткен. 1950-жылдардын ортосунда полковник Бауржан Момышулы отставкага чыгып, жазуучулук кесипти аркалайт. Чыгармаларын куралдаштарына арнап, алардын эрдигин даңазалаган.