https://sputnik.kg/20250115/kyrgyzstan-zhogorku-kenesh-gulya-kozhokulov-1091425715.html
Орунтаевге эмне болду? Парламентте пирске буу мончо салуу демилгеси сынга кабылды
Орунтаевге эмне болду? Парламентте пирске буу мончо салуу демилгеси сынга кабылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору... 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T12:39+0600
2025-01-15T12:39+0600
2025-01-15T12:39+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
кожокулова гуля
ысык-көл
нурдан орунтаев
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082142977_0:256:2730:1792_1920x0_80_0_0_0f90e1ccd2f0f1c63d21dbd29aef60a9.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин ишине нааразы болду.Анын айтымында, соңку убакта Мамкурулуштун жетекчиси бири-бирине каршы келген иштерди жасоодо.Ошондой эле эл өкүлү Орунтаевди жыйынга чакырып, маселени тактоону сунуштады.Буга чейин Мамкурулуш Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар курулуштарга уруксат берүүнү сунуштаган. Анын ичине буукана, бар текчелери жана коомдук дааратканалар кирет.
https://sputnik.kg/20241215/kyrgyzstan-turizm-achylysh-karakol-1090830204.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/18/1082142977_0:0:2730:2048_1920x0_80_0_0_7ac703d032e93e9f898a062799933768.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, кожокулова гуля, ысык-көл, нурдан орунтаев
кыргызстан, жогорку кеңеш, кожокулова гуля, ысык-көл, нурдан орунтаев
Орунтаевге эмне болду? Парламентте пирске буу мончо салуу демилгеси сынга кабылды
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин ишине нааразы болду.
Анын айтымында, соңку убакта Мамкурулуштун жетекчиси бири-бирине каршы келген иштерди жасоодо.
"Кээде мыйзамдарды так аткарган болот, кээде пирстерде буу мончолорун курууга уруксат берүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга коюп жатат. Бир заматта 180 градуска өзгөрүп кетет. Президенттин Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо боюнча тез арада чара көрүү жөнүндөгү жарлыгы бар экенин унутуп калды окшойт. Аны эскертип койгум келет. Эмне үчүн Ысык-Көлгө мындай мамиле жасалып жатат? Пирстерге бууканаларды курууга уруксат берүү... Андай болсо экология жөнүндө сөз кылуунун кажети барбы?" — деди Кожокулова.
Ошондой эле эл өкүлү Орунтаевди жыйынга чакырып, маселени тактоону сунуштады.
Буга чейин Мамкурулуш Ысык-Көлдүн жээгинде бир катар курулуштарга
уруксат берүүнү сунуштаган. Анын ичине буукана, бар текчелери жана коомдук дааратканалар кирет.
15 Бештин айы 2024, 13:12