https://sputnik.kg/20241219/zhalal-abad-ekstremizm-kylmysh-ukmk-1090924230.html
Жалал-Абад шаарында "Хизб ут-Тахрир"* уюмунун ири түзүмү жок кылынды
Жалал-Абад шаарында "Хизб ут-Тахрир"* уюмунун ири түзүмү жок кылынды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынганын УКМКдан билдиришти. 19.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-19T09:47+0600
2024-12-19T09:47+0600
2024-12-19T10:17+0600
кыргызстан
жалал-абад
экстремизм
кылмыш
укмк
видео
https://sputnik.kg/img/103182/71/1031827104_0:189:4800:2889_1920x0_80_0_0_d9b84d243b52d0cb3597528e645017aa.jpg
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынганын УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, операциянын алкагында аталган уюмдун активдүү 22 мүчөсү кармалган.Кармалгандар талкууланып жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ага каршы баракчаларды таратуу иштерин жүргүзүшкөнү айтылды. Кармоо операциясы учурунда жашыруун типография, экстремисттик адабияттар, баракчаларды чыгаруучу компьютердик жана көчүрмө техника, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында дрон колдонулганы белгилүү болду.Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тыюу салынган уюмдун башка түзүмдөрүн жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда тыюу салынган террордук уюм.
https://sputnik.kg/20240903/iim-ekstremizm-zhaza-sunush-1088379058.html
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103182/71/1031827104_527:0:4800:3205_1920x0_80_0_0_6a934e3cc7d717b61085fb82e4e3ec44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жалал-абад, экстремизм, кылмыш, укмк, видео
кыргызстан, жалал-абад, экстремизм, кылмыш, укмк, видео
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун туруктуу түзүмү жок кылынганын УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, операциянын алкагында аталган уюмдун активдүү 22 мүчөсү кармалган.
"Шектүүлөрдүн арасында шаар боюнча "масул" (жетекчи), беш "накиб" (рухий насаатчы), сегиз "мушриф" (окутуучу) болгон. Ар бир "мушриф" 3-5 окуучуну жашыруун шарттарда экстремисттик идеологияга окуткан. Топтун мүчөлөрү бир нече жыл бою Жалал-Абад шаарында эл арасында деструктивдүү идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген. Ошондой эле интернетте фейк аккаунттарды түзүп, тыюу салынган экстремисттик материалдарды жашыруун басып чыгарып таратышкан", — деп жазылган маалыматта.
Кармалгандар талкууланып жаткан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгып, ага каршы баракчаларды таратуу иштерин жүргүзүшкөнү айтылды. Кармоо операциясы учурунда жашыруун типография, экстремисттик адабияттар, баракчаларды чыгаруучу компьютердик жана көчүрмө техника, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо максатында дрон колдонулганы белгилүү болду.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тыюу салынган уюмдун башка түзүмдөрүн жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы кошумчаланды.
* Ишмердүүлүгүнө Кыргызстанда, Россияда тыюу салынган террордук уюм.