00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
06:00
4 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уулун ажалдан сактаган таберик. Күмөндөр Абылов согушка кеткен чоң атасын эскерди

© SputnikКР эл артисти Күмөндөр Абылов
КР эл артисти Күмөндөр Абылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2024
Жазылуу
КР эл артисти Күмөндөр Абыловдун чоң атасы Абыл Абдыраман уулу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу болгон. Өкүнүчтүүсү, өз каалоосу менен кеткен жоокердин кайда кантип курман болгону да белгисиз бойдон калган.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында конокто КР эл артисти, сатирик жана обончу Күмөндөр Абылов болду. Биз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер болуп согуштан кайтпай калган Абыл Абдыраман уулун эскердик.
© Фото / предоставлено Кумондором АбыловымУлуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер болуп согуштан кайтпай калган Абыл Абдыраман уулу
Участник Великой Отечественной войны Абыл Абдыраман уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2024
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер болуп согуштан кайтпай калган Абыл Абдыраман уулу
— Чоң атаңыз да согушка барган экен. Алгач Абыл атанын балалыгына кайрылсак...
— Абыл чоң атам Абдырамандын жалгыз уулу болгон экен. Абдыраман бабам эрте дүйнөдөн кайтып, Абыл чоң атам жашы 10го жете электе апасы Батыке менен калат. Абдыраман "бир чабар" деген атка конгон, айылдагы жылкычылардын башында жүргөн баатыр болуптур. Ал эми чоң таятабыз Такенбай 1000ге жакын жылкысы бар абдан бай киши болгон экен. Биздин өрөөндөгү суу тартылып калганда эл "Такенбайдын жылкысы суу ичип жатат" деп калчу дейт. Ал баатырларды, өнөрлүү адамдарды барктап, сыйлап, кышкысын согумун союп, манасчылардын үй оокатын жайгарып берип, кышы бою элдин манас угушуна шарт түзгөн экен. Ал кезде чет жактан келген уурулар азыркыдай бирден-экиден эмес, үйүр-үйүрү менен айдап кетишкен. Абдыраман чоң атам Такенбайдын жылкысын ууру-кескиден сактап, карап берет. Ошентип Абыл чоң атам төрөлүп, бир жыл өтүп Такенбайдын байбичеси да көз жара турган болуп калат. Абдыраман ага "байбичең кыз төрөсө бел куда бололу" деп сунуштайт. Такенбай да аны кедей деп чанбай макул болот. Абдыраман кебез байлап малын жетелеп барып экөө кудалашканы менен жакшы тилегине жетпей каза болуп калат. Абыл менен Батыке бойго жеткенде "мен сөзүмдөн танбайм" деп Такенбай Абылга кызын бериптир. Экөө эрте эле үйлөнгөнү менен бала токтобой коёт. Эркек баласына Мукамбет деп ат койсо чарчап калат, кийинкисине да Мукамбет деп ысым ыйгарса ал да чарчап калат. "Мукамбеттин атын жоктотпойлу" деп үчүнчү уулун да Мукамбет деп атап, бирок тергеп Мукул деп коюшат. Ошондуктан биз Мукулович болуп калганбыз. Мукул 6дан 7ге караганда атасы Абыл согушка кетиптир. Өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Аскер комиссариатынан "жашыңыз өтүп кетиптир, жумушчу батальонго барыңыз" десе "жок, согушка эле барам" деп болбой коёт. Туугандары, эжелери "эмнеге өлүмгө өзүңдү кыйып жатасың" деп ыйласа, "жаш балдардын баары эле набыт болуп келип жатат. Уялбай кантип отурам" дегени менен ичинен уулунун жамандыгын көргөндөн корккон окшойт. Кетерде үйдөгүлөр менен коштошуп жатса, 6 жашар баласы калпагын кийип алыптыр. Туугандар "ай, калпагын бер" десе, "жок, кий-кий" деп 6 жашар баласына калпагын калтырып, кышкы тебетейинен бирди кийип кеткен экен. Нарындан чоң апам баштаган эки-үч келин күйөөлөрүн узатып, арабаны ээрчип жүрүп отуруп, азыркы Кыз-Күйөөгө чейин келишиптир. Согушка жөнөгөндөрдүн бирөө күйөө баласы, дагы бири таякеси, бири теңтушу экен. Жолдон "жүрү, качалы. Баарыбыз мергенчибиз, жаныбызды багып алабыз. Бекер барып немистин огунан өлгөнчө..." десе Абыл болбойт. Тигилер да улам айта беришет. Анан үчүнчү күнү чоң атам жини келип "качсаңар, өзүңөр качкыла" деп урушуп, апамды да кубалап, Чу суусунан өткөрүп үйгө жөнөтөт. Апамдар эки күн жолдо түнөп келсе "баягылар качышты" деген кабар келет. Бирок чоң атам өзү айткандай эле согушка кетиптир.
Ошентип жазында айылдагылардын баары тоого көчөрдө чоң апам "Абылдан кат келер убагы болуп калды" деп айылда калып калат. Бир айдан кийин кат келип, чоң апам "кат келди, унаа берип жиберсин, барабыз" деп таякеме айттырат. Ал бирөөнүн төөсүн сурап, берип жиберет. Ошону менен таңкы төрттө чоң апам оокатын төөгө артып, баласын отургузуп жайлоого жөнөйт. Бизде ээн талаа, эрме чөл жерлер бар. Ошентип Ак-Кыя деген жерге келгенде төөсү кыядан тайгаланып кетип, буту сынып калат. Айланада мыдыр эткен жан жок, карышкырлар күч болуп турган кез. Алардан коргонуу үчүн кеч киргиче терскен, отун чогулткан чоң апам "жесе да төөнү жесин" деп жүктүн баарын төөдөн алыс ташып, чийге атамды ороп, эки жагын аба киргидей жасайт. Аны боз үйдүн болгон жабдыктары менен чырмап таңып отуруп калат. Кечинде арсылдап үрүп, карышкырлардын улуганы угулат. От жакса отко көздөрү күйүп, улам жакындай беришет. Ошол учурда тарс эткен мылтыктын үнү жаңырып, жакындан эле бирөөлөр карышкырларды атып жатканын көрүшөт. Алардын ким экени да билинбейт. Же өздөрү келбейт. Ошентип таң атып, чоң апам тырмактары канап чийден баласын араң чечип алса, атам "апа, тетиги жакта атчандар кетип бара жатат" дейт, караса тоонун боорунда чын эле бирөөлөр баратышкан болот. Кийин укса, жанагы Абыл атам менен согушка барбай качкандар экен. "Жаш бала айтып салат" деп көрүнбөй коюшса керек. Согушка барышпаса да айылды ит-куштан коруп, ач калгандардын эшигин чертип, эт таштап кетип кыяматта элди багышыптыр.
© Фото / из архива Кумондора АбыловаКР эл артисти Күмөндөр Абылов: Абыл чоң атам Абдырамандын жалгыз уулу болгон экен. Абдыраман бабам эрте дүйнөдөн кайтып, Абыл чоң атам жашы 10го жете электе апасы Батыке менен калат.
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2024
КР эл артисти Күмөндөр Абылов: Абыл чоң атам Абдырамандын жалгыз уулу болгон экен. Абдыраман бабам эрте дүйнөдөн кайтып, Абыл чоң атам жашы 10го жете электе апасы Батыке менен калат.
— Чоң атаңызга кара кагаз да келбей белгисиз жоокер бойдон калган экен да...
— Ооба, Улуу Жеңиштин 30 жылдыгында Куланакта согуштан кайтпай калгандарга эстелик орнотулуп, чоң атамдын да аты-жөнү жазылды. Белгисиз жоокерлердин эстелигине барып куран окуттук. Бирок ушуга чейин издеп, дайынын таба албадык. Атайын сайттардан да карадык. Чоң апам күтүп жүрүп, кийин гана үмүтүн үздү окшойт. Каза болорго жакын сандыгын ачып, буюмдарын келиндерине бөлүштүрүп жатып чоң атамдын каттарын эч кимге окутпай жарыктык киши өрттөп салыптыр. Анан да чоң атамдын бир эле сүрөтү калган. Өзү көп сүйлөбөгөн, кырс болуптур. Ачуусу да оңой менен келчү эмес дешет. Атам ачуусу чукул, бирок ак көңүл киши болчу. Чоң атабыз жаман сөз да сүйлөчү эмес экен. Эң катуу айтканда "кудай аткыр" деп гана койчу дейт.
Дүкөндө иштеп жүрүп согушка кетер жылы Нарын шаарына барып калса чабалекейдей болуп эле бир орус бала коньки тээп жүрөт дейт. Конькини биринчи көргөн чоң атам кызыгып, "балам чоңойсо ушинтип тээп калар" деп дүкөндү, кампаны кыдырып да таппайт. Анан баягы баланы чакырып, эптеп жандап түшүндүрүп айтса ал кыргызча суудай билген, орус офицердин баласы экен. Атасына Фрунзеден саттырып алууга макул болгон бала "уулуңуз жоготпой тепсин" деп конькисин үч сомго сатат. Сүйүнгөн чоң атам артын карабай конькини кучактаган бойдон үйүнө келиптир. Ошентип айылда атам биринчи бут чаналуу болот. Учкун менен Куланактын ортосу 12 чакырым жер. Райондун борбору болгондуктан элдин баары 8-9-10-классты Куланактагы интернатта окушчу. 1953-жылы 9-классында атам окуудан тарап үйгө баратса кирген буура кууйт. Ал коньки менен тызылдап качып, артынан кууган желмаяндан ошол атасы алып берген конькиси куткарганын көп айтчу. Болбосо чайнап саларына аз калыптыр.
© SputnikКР эл артисти Күмөндөр Абылов: апамдын көзү тирүүсүндө эмнеге айткандарын жаздырып алган жокмун деп өкүнөм
Известный комик, актер Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2024
КР эл артисти Күмөндөр Абылов: апамдын көзү тирүүсүндө эмнеге айткандарын жаздырып алган жокмун деп өкүнөм
— Атаңыз чоң комузчу болгон. Чоң атаңыз да өнөрлүү болсо керек?
— Чоң атам комуз чертчү эмес экен. Биз тай жакты тартсак керек. Такенбай таятам көп жыл балалуу болбой жүрүп, биринчи кызы биздин чоң апабыз экен. Байдын эрке кызы болгондуктан ырчылар келгенде атасынын жанында төрдө отуруп, өнөргө, кепке, тарыхка кылдат кулак салчу дешет. Апабыз тарыхты, санжыраны, "Манасты" беш колдой билчү. Кийин бизге деле үйдөгү "Манас" китепти кайра-кайра окута берчү. Көрсө, билип алсын дечү окшойт.
Айылдагы туугандардын Аманкул, Айдаркул аттуу балдары комуз чертишкенин көргөн атам арданып, ыйлап жатып комуз жасатып алат. Апам аны бирөөнө бир кой берип, карагайдан чаптырып берет. Атам алгач билбей эле даңкылдатып ургулай бериптир. Бир ирет үйгө Туту деген киши келип, күүлөп, чертип, комузду илип кетип калат. Мектептен келип чертип көрүп эле атам комуздун шаңшып калганын байкайт. Ошондон кийин өзү эле үйрөнүп кетет. Керимаалы аттуу комузчунун үйүнө түнөп калып, апасын далай сарсанаа кылчу тура. Атам чоң апамдын иниси Токтосейиттин тарбиясын алып чоңоёт. Ал башкарма болгондуктан өнөрлүүлөр үйүнө көп келет. Карамолдо Орозов келгенде ал киши өйдөкү айылдагы чоң комузчу Карбоздун уулу Алымкулду алдырып "Насыйкатты" черттирип укчу экен. Андай күндөрү атам мектепке да барбай, комузчулардын жанынан чыкпайт. Атам "сөз менен айтылганы насаат, ыр менен айтса насыят, ал эми күү менен айтылганы насыйкат болот" деп көп айтчу. Карбоздун Алымкулу тайдын эти бышкыча "Насыйкатты" черте берчү экен. Атам ал кезде комуз билбейт. Бирок кой кайтарып жүрсө деле ошондогу күүлөрдү кыңылдай берет. Атамда азыркы Карамолдонун күүлөрүндө жок кайрыктар бар болчу.
— Демек, чоң апаңыздан өткөн экен да...
— Ооба, апамдын көзү тирүүсүндө эмнеге айткандарын жаздырып алган жокмун деп өкүнөм. Анын согуш тууралуу айткандары, ар кандай уламыштары көп эле. Атам мен 4-5 жашка чыккыча Нарын драма театрында иштеди. Бирок чоң апам "өзүң жалгыз баласың, талаа-түздө жүрүп бир нерсе болсоң мага ким топурак салат, балдарыңды ким багат" деп иштетпей койгон экен. Ошол себептен маданият үйлөрүндө иштеп жүрдү. Бирок бизди апам экөө тең колдоду.
18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2024
150 баланын атын жатка билген Токтогон Алтыбасарова. Эскерүү маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0