150 баланын атын жатка билген Токтогон Алтыбасарова. Эскерүү маеги

© Фото / из семейного архива Абдиевых / КНИА "Кабар"18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. Архив
18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2024
Жазылуу
Быйыл 18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарованын 100 жылдыгы белгиленет. Ал тарыхта мээрман, ак жүрөк эне катары калды.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев болду. Биз Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ленинград блокадасынан алып келинген 150 баланы бооруна кысып багып-өстүргөн энени эскердик.
— Алгач Токтогон апанын бала чагы тууралуу айтып берсеңиз?
— Апамдын туулган күнү (1925-жылы) белгисиз, бирок таенемдин айтымында, жайында арпа бышкан маалда туулуптур. Апасынын ден соолугу жакшы болбой, анын үстүнө төрт бир туугандын улуусу болгондуктан эрте түйшүк тартып чоңойгон экен. Жаш кезинен билимге кызыгып, мыйзамдарды таанып, сабаттуулугунан комсомолдук комитеттин катчысы кылып шайлап коюшат. Кийин согуш башталып, айылдагы жарактуу эркектердин баары майданга аттанып, апам айылдык кеңешти жетектеп калат. Тарыхты да мыкты билип, эс тутуму да жакшы эле. Айылда апамды ушул кезге чейин "басып жүргөн энциклопедия эле" дешет.
© Sputnik / Асель СыдыковаТоктогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев
Сын Токтогон Алтыбасаровой Марат Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2024
Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев
— Менин билишимче, атаңыз да бир колхозду башкарган адам болгон?
— Ата-энем 1946-жылы турмуш курушкан экен. Атам 1941-жылы согушка өз каалоосу менен кетип, 1945-жылы келиптир. Алгач Москванын алдындагы артиллериялык окуу жайда окуп, согушка Ржев шаарынан кирген. Рота командирлигинен чалгындоо тобуна алышыптыр. Анан командир каза болуп, согуш бүткөнчө чалгындоо тобунун командири катары кызмат өтөйт. Көптөгөн орден, медалдарга ээ болгон. Согуштан келип Түп райондук Комсомол комитетинин экинчи катчысы, андан кийин биринчи катчысы болуп эмгектенди. Курулушчулар бригадасы болуп жүрүп пенсияга чыгып, атам 2013-жылы 92 жашында дүйнө салды. Өзүбүз 9 бир тууганбыз. Алардын үчөө каза болуп калды.
Ленинград курчоосунан алып келинген 150 баланы багып-өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. Эскерүү
— Ленинград курчоосунан келген 150 баланы багып алган учурда жаш кыз болгон экен. Өзү ошол кезди кандайча эскерчү эле?
— Балдар келе жатканы тууралуу кабар келгенде бүтүндөй облуста "кайда жайгаштырабыз, кантебиз" деген маселе болгон экен. Ал кезде согуш жүрүп, элде деле эч нерсе жок да. Жоопкерчилик абдан катуу. Ошондо көп киши жоопкерчиликтен коркуп, балдардын милдетин алуудан качышат. Айылдышымдын атасынын айтуусу боюнча, апама баары "кыйын кыз экен" деп баа беришет. Күрмөнтүдөгү бош турган барак тибиндеги тамды даярдап, милдет алып, жайгаштыруу чечимин кабыл алат. Ичин саман менен толтуруп матрас, жаздыктарды жасашкан. Керебеттерди кийин согуш бүтөрдө беришиптир, ага чейин балдар жерде жатышчу экен. Түп айылында пристань бар эле, ага балдарды жүк ташыган унаалар менен алып келип түшүрөт. Апам айылдагылар 10 чакты араба менен барып балдарды тосуп алышканын айтчу. Кичинекейлер абдан кыйналган абалда келишет, моюндары узун, баштары чоң, кээ бирлери баса албай калышкан экен. Аларды көтөрүп арабага салышат. Барак тамга жайгаштыргандан кийин дарыгерлер барып текшерип, алгач борборлоштурган тамак-аш жок балдарды бир-эки ай эл өзү багат. Анча-мынча жер-жемиш бар, ар ким колунда болгонун берип, балдарды аман алып калышыптыр. Нан тартыш учур. Ленинграддык кичинекейлерди алгач жуунтуп, эл кийим берип, тыбыт жоолуктарга орошуптур. 1942-жылдан 1952-жылга чейин ошол жерде багып, он жыл эч кимиси өлбөй аман-эсен чоңоюшат. Анан расмий түрдө балдар үйү жабылып, документтердин баары архивге өтөт. Ал балдардын арасында кээ бирлери өтө кичине кезинде келет. Аты-жөнүн билбегендиктен колдоруна чүпүрөк байлап жазып жөнөтүшүптүр. Бирок бул жакка келгиче жазуусу өчүп калган экен. Бөбөктөргө дарыгер менен биргеликте жашын тактап, ысым беришип, күбөлүк жазып беришкен. Балдар 1942-жылы 27-августта келет. Ага чейин айылда орус класстар болгон эмес экен. Райондогу орустарды, орусча билген мугалимдерди топтоп 1-класстан 3-класска чейин орус класстарды ачып, 1-сентябрда балдарды мектепке алып барышыптыр. Ал эми 4-7-класска чейин жаныбыздагы колхозго класс ачып окутушат. Согуш бүткөндөн кийин көп балдардын туугандары, ата-энеси табылып, келип алып кетишет. Бул жакта калгандарына жеңилдиктер берилип, ар кандай окуу жайларда окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпы 86 бала, 68 кыз келген. Бул балдардын көбүнүн ата-энеси жок же согушка кетишкени документте жазылган. Арасында көчөдө каралбай калган жеринен терип келишкендери да бар. Алгач Краснодар шаарына жайгаштырып, согуш ал жакка да жеткенде Күрмөнтүнү көздөй жөнөтүшөт. Картасын караганда акыркы чекит "Күрмөнтү айылы" деп турат. Ошондо балдар жарым жылдай жолдо жүрүшкөн.
© Фото / из семейного архива Абдиевых18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова күйөөсү Муса Абдиев менен
Принявшая на попечение 150 детей из блокадного Ленинграда Токтогон Алтыбасарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2024
18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова күйөөсү Муса Абдиев менен
— Балдардын айрымдарын туугандары алып кетсе, кээ бирлери ошол аймакта турмуш куруп жашап калышыптыр. Сиз аларды көрүп калдыңызбы?
— Ооба, көрүп калдым. Бирок кичине болгондуктан маани берген жокпуз. Негизи биздин үйгө колхоздун маселеси менен киши көп келчү. Ошого көнүп калгандыктан келим-кетимге көп көңүл бурчу эмеспиз. Алардын катарында ленинграддыктар да бар. Кийин мен эс тартып калганда Ленинграддан бир киши келди. Мени ээрчитип алып, айылды кыдырып бир жумадай үйдө болду. "Жүрү, Ленинградда оку, билим ал. Менин үйүмө жаша. Мен карызмын" деп көндүрүүгө абдан аракет кылды. Мен болбой койдум. Көрсө, өзү кайсы бир институттун проректору экен. Апам да "ай, каяктагы карыз, карыз эмессиң" деген. Ал киши пенсияга чыгып, 4-5 жыл мурун каза болуп калды. Балдар үйүнөн экөө үйлөнгөн, алар учурда Новоросийскиде жашашат. Бишкекте да жашашат. Ольга Осипова кыргызга турмушка чыгып, кийин Гүлайым Минкеева болуп алган. Балдарын тааныйм. Күрмөнтүдөгү балдар үйүндө чоңойгондордун көбү каза болуп калышты. 1978-жылы келип "Я жить хочу" деген фильм тартып кетишкен. 1979-жылы апамдар Ленинградга барышкан. Тарбиялануучулар менен кезигип, ыйлап, абдан эмоционалдуу жолугушуу өткөн.
© Фото / из семейного архива Абдиевых18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. 1972 ж.
Принявшая на попечение 150 детей из блокадного Ленинграда Токтогон Алтыбасарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2024
18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн Токтогон Алтыбасарова. 1972 ж.
— Биз үчүн легендага айланып калса да, сиз үчүн биринчи кезекте "апа". Апаңызды сүрөттөп бериңизчи? Мүнөзү кандай эле?
— Апам өмүр бою кызматта жүрүп, 23 жолу айылдык, райондук, облустук кеңештерге депутат болуп шайланган. Азыркыча айтканда айыл өкмөттүн катчысы, төрагасы болуп 44 жыл иштеди. Шакирт даярдап, ордуна коюп кетти. Кийин да көп иштин көзүн таба албай чакырып жүрүштү, бирок пенсияга чыкканына байланыштуу пол жуугуч катары документин киргизип коюшкан. Ал эми атам тамакты кыйын жасачу. Апам кызматта бошобой жүргөндө атам деле тамак жасап, курсагыбызды тойгузуп койчу. Керек болсо айылдагы орустар атамдан тамак жасоо боюнча кеңешин алып кетишчү. Атам ошол кезде эле жашылчалардын түрүн айдаар эле. Апам үйдө болгондо өзү эле тамак жасап берчү. Үйүбүздүн жанында атамдын чабан иниси жашачу. Алар көбүнчө Кашарда жашагандыктан үйүндө болбой, алардын мектепте окуган балдары да биздикинен тамактанышчу. Айылдагылар апамды үй тирилигине, балдардын түйшүгүнө кармалып калганын айтышат. "Болбосо мындай билими менен жогорку баскычтагы жетекчи болмок" дешет. Соттук коллегиянын мүчөсү болгон. Апам сабаттуулугу жагынан эч кимди алдыга чыгарчу эмес. Радиодон эле бала кезинде орус тилин үйрөнүп алыптыр. Жаш кезинен жаңы чыккан мыйзамдарды калтырбай угуп, баарын билип турчу. Бир ирет араб тилиндеги кат алып келип котортуп кетишкени да эсимде. Апам бизге да талап койчу. Тил албасак, анча-мынча катуураак урушуп койчу. Апамдын аты маданият үйлөрүнө, паркка берилип, эстелиги коюлуп, Кыргызстанда да, Ленинградда да ардакталды. Кыргыз элинин Эмгек Баатыры болду.
150 баланы багып алган 18 жаштагы кыз. Кыргыз элинин эрдиги жөнүндө видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
150 баланы багып алган 18 жаштагы кыз. Кыргыз элинин эрдиги жөнүндө видео
Акын жана журналист Курбаналы Сабыров 3 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Атага өксүп, күйүткө баткан гүлдөй акын... Курбаналы Сабыровду эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0