Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов камакка алынды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунан мурда Ташовдун баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечими сыртынан чыкканын айтышты. "Тергөөчү камакка алуу боюнча мурдагы чечимди күчүндө калтыруу сунушун киргизди. Сот аны канаттандырып, шектүүнү 22-майга чейин камакка алды", — деп айтылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров Турак жай кодексине жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгонун маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, эми 20 календарлык жыл жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер адамдары жашап жаткан кызматтык үйүн менчиктештирип ала алат. Мыйзамдын 1-беренеси менен Турак жай кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгү кошумча пункт менен толукталды. Ага ылайык, кызматтык турак жайларды менчиктештирүүгө өзгөчө учурларда, анын ичинде 20 жана андан ашык календардык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына тикелей сатуу жолу менен мүмкүнчүлүк берилет. Ошол эле учурда "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамына да өзгөртүүлөр киргизилген. Эми запаска же курагы, ден соолугунун абалы, штаттардын кыскарышы же үй-бүлөлүк жана башка маанилүү жагдайлар боюнча отставкага чыккан, 20 жана андан ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына берилген кызматтык квартиралар жеке менчикке акысыз өткөрүп берилет.
Кара-Суу районундагы "МегаКомпани" ЖЧКсына тиешелүү бажы терминалы мыйзамсыз курулганын, ал мамлекетке өткөнүн УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бажы терминалы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Токтобүбү Оргалчага таандык болгон. Мартта аталган "МегаКомпани" ЖЧКсынын ишинин жана жер тилкесин алуусунун мыйзамдуулугу текшерилген. "Терминал Талдык дарыясынын жээгинде суу коргоочу зонага курулганы, капиталдык курулуш ал жерде эч кандай уруксат берүүчү документтери жок тургузулгандыгы аныкталды. Келишимге ылайык, аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес", — деп айтылат маалыматта. Жалпы аянты 7,49 гектар жер тилкеси Бажы инфраструктурасы мамлекеттик ишканасынын балансына өттү. Жер тилкелеринин болжолдуу баасы 520 миллион сомдон ашык.
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши 22-апрелде "Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө" жана "Тамак-аш азыктарын маркалоого байланыштуу" техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми өндүрүүчүнүн же импорттоочунун реквизиттери өзгөргөн учурда азык-түлүк товарларынын маркаланышы өзгөртүлбөстөн сатыла берет. Шаар, облус, көчө жана башка аталыштарды өзгөртүүдө азык-түлүктүн маркасын дагы алмаштыруу көйгөйү жаралгандыктан Казакстандын тамак-аш өндүрүүчүлөрүнүн кайрылуусуна байланыштуу өзгөртүүлөр сунушталган. "Шаар, район, көчө жана башка аталыштар өзгөртүлүп, бирок жайгашкан жери алмашпаган учурда маркалоодогу мурдагы дареги көрсөтүлгөн азык-түлүктөрдү 36 айдын ичинде сатыкка чыгарууга жол берилет", — деп айтылат билдирүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0